"Көсөм саясатчы". Президент Мирзиеёв Кыргызстанда “Жылдын адамы” болуп таанылды

- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
- Published
Бишкекте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвге "2019-жылдын адамы" сыйлыгын тапшыруу салтанаты болду. Өзбекстандын саясий лидерине арналган атайын кубок менен диплом Ташкенттен атайын келген тышкы иштер министринин биринчи орун басарына тапшырылды.
"Көсөм саясатчы"
Өзбекстандын президентине "2019-жылдын адамы" наамы Бишкектеги "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылдын чечими менен ыйгарылды.
"Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу максатында негизги көчөнүн атын бергенден тышкары көптөгөн иш чараларды өткөзүп, Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселесин эки бир туугандын пайдасына чечкени үчүн, 45 күндө "Манас" айылын шаарга айлантып, карапайым элдин жүрөгүнөн орун таап, заманбап менеджер экенин айгинелей алгандыгы үчүн Өзбекстандын президенти Мирзиеёв Шавкат Миромоновичтин кеменгер жетекчи, көсөм саясатчы, заманбап менеджер экенин баалап, "Ала-Тоо айымдары" коомдук-экологиялык кыймылы 2019-жылдын алкагында аны "Жыл адамы" деп тааныйт жана сыймыктануу менен жарыялайт",-деди сыйлыкты тапшырып жатып аталган кыймылдын башчысы Жыпаргүл Баргибаева.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ильхом Нематов өз кезегинде чогулгандардын алдында президент Мирзиеёв жүргүзүп жаткан саясий-экономикалык реформалар жана эки республиканын ортосундагы мамилелер жөнүндө учкай айтып кетти.
"Урматтуу президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиеёвдин саясий бекем эркинен улам бүгүн кыргыз-өзбек мамилелери туруктуу өнүгүп жаткан мүнөзгө ээ болду. Товар жүгүртүү болуп көрбөгөндөй көлөмгө чыкты, биздин президенттер ортосунда саясий диалог бекемделүүдө, алар көп тараптуу негизде жолугуп, сүйлөшүп жатышат. 2017-жылы президент Мирзиеёвдин Кыргызстанга расмий сапары учурунда чек ара жөнүндө келишимге кол коюлуп, чек аранын 1117 км такталгандан кийин чек арадагы бардык тоскоолдуктар алынды. Эгер беш жыл мурда биздин чек арадан күнүнө 200-300 адам өтсө, азыркы учурда иш күндөрү эле 35 миңден көп адам өтүп жатат",-деди Ильхом Нематов.
Өзбекстандык чоң дипломат эки өлкөнүн ортосунда мындан беш жыл мурда соода көлөмү 100 млн доллар болсо, азыр анын суммасы 800 миллион долларды чапчып, миллиардка аз калганын жана эки тараптуу алакадагы башка жетишкендиктерди айтып өттү. Ошондой эле ал өзбек лидери соңку жылдары өлкөдө саясий трансформация реформасын баштаганын, анын алкагында башкаруу, сот, экономика, дин жана башка бардык тармакта катуу өзгөрүүлөр болуп жатканына токтолду.
Регионалдык лидердин потенциалы
Көп жылдар бою дүйнөдөгү залим режим орногон жабык өлкө катары каралып келген Өзбекстан Мирзиёев бийликке келген үч жыл ичинде көп жагынан жакшы өзгөрүүлөр болгон мамлекет болуп батыш эксперттери тарабынан да таанылып жатканы белгилүү.

Ɵткөн жыл соңунда Британияда чыгуучу The Economist апталыгы Өзбекстанды жылдын мамлекети деп атаганын билдирген. Анын билдирүүсүндө Ɵзбекстанда балдарды мажбурлап пахта жыйнатуу өнөкөтү токтогону, Каракалпакстандагы ырайымсыз режими менен дүң болгон "Жаслык" түрмөсүнүн жабылганы, Мирзиеёвдин кошуналар менен бузулган мамилени бүт оңдоп жатканы айтылган.
Өзбекстандагы соңку өзгөрүүлөр анын регионалдык саясатта лидер болууга умтулган потенциалын көрсөтүп жатканын Бишкектин эксперттери белгилеп жатышат.
"Өзбекстандын потенциалы бар. Алар мурдакы Каримов убагындагы система менен Борбор Азиянын лидери боло албай турганын, реформаларды жүргүзүү керектигин түшүндү",-дейт аналитик Алмаз Тажибай.
Ошол эле учурда кыргыз эксперттеринде коңшу өлкөдөгү саясий реформалардын маанисин ашырып жибербей объективдүү кароо керек дегендер да жок эмес.
"Бул жерде Мирзиеёв, албетте, Өзбекстанга ыңгайлуу саясатты жүргүзгөнгө аракет кылып жатат. Лидер болгонго Өзбекстандын толук шарты бар. Элдин саны боюнча, экономикалык потенциалы боюнча. Аларга кичине эле рыноктук эркиндик жетпей аткан менин оюмча. Мирзиеёв стратег катары ошону түшүндү окшойт. Азыр анчалык деле чоң өзгөрүү болгон жок, баягы эле Каримовдун ордунда баягы эле Мирзиеёв отурат. Бирок кичине-кичине эле жеңилдик берилгени дүйнөгө чоң иш болуп сезилип жатат. Себеби, Каримовдун убагында такыр эле жабык өлкө болуп калган да",-дейт саясий эксперт, профессор Алмаз Акматалиев.
































