Түркия-АКШ: геноцид маселесинен мамиле бузулабы?

Дональд Трамп жана Режеп Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирүү таратып, президенттик администрация кабыл алынган резолюцияга карабастан, Осмон империясынын учурундагы армяндардын массалык кыргыны боюнча мамилесин өзгөртпөйт деди.

Буга чейин АКШ конгрессинин эки палатасы тең 1915-жылдагы Осмон империясынын учурундагы армян окуясын геноцид деп тааныган резолюция кабыл алган эле.

Мамдепартаменттин билдирүүсү АКШ менен Түркия ортосунда мамиле чыңалып, кайым айтышуулар болуп жаткан кырдаалда жасалды.

"Биздин позициябыз президенттин апрелдеги кайрылуусунда чагылдырылган",-деп айтылат билдирүүдө.

24-апрелде геноцид курмандыктарын эскерүү күнүндө Трамп миллион чамалуу кишинин өлтүрүлүп, депортацияга кабылышын "XX кылымдагы үрөй учурган зулумдуктун бири" деп атаган эле. Бирок геноцид сөзүн колдонгон эмес.

Эрдогандын жообу

Апта башында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкө аймагындагы америкалык аскер базаларын жабам деп коркутту.

Ошондой эле Эрдоган Түркия Америкадагы түпкүлүктүү калкка (индей) геноцид болгон деп таанышы мүмкүндүгүн айтты.

Вашингтон Түркияны орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплексин алуудан баш тартууга чакырып жатат. Мындай талапка Түркия көнгөн эмес.

Эгерде зарылчылык болсо Инжирлик жана Күрежиктеги базалар жабылышы мүмкүн деди Эрдоган.

"Тараптар кийин оңдогонго мүмкүн болбой кала турган кадамдарды жасабашы керек",-деп кошумчалаган түрк президенти Haber TV телеканалындагы кайрылуусунда.

Эки чет элдик аскер базасы жабылышы мүмкүн деген эскертүү өткөн аптада тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу тарабынан айтылган эле.

Түркия буга чейин деле өз аймагындагы базаларды жабуу маселесин козгоп, батыштагы союздаштарын опузалап келгени бар. Бирок бул жолку билдирүү АКШ менен мамилеси начарлап, Орусияга жакындап жаткан кырдаалда жасалды.

Америкалык F-15 аскер учагы "Инжирлик" базасында, 2015-жыл

Сүрөттүн булагы, Anadolu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкалык F-15 аскер учагы "Инжирлик" базасында, 2015-жыл

Күрежик базасындагы радар

Күрежиктеги базада НАТОго ракеталык чабуул жасалганын билдире турган AN/TPY-2 радиолокациялык станциясы жайгашкан.

Аны 2012-жылы Түркия аймагына жайгаштырышкан. Радар Иран тараптагы аба мейкиндигин көзөмөлдөөгө тийиш эле. Радиолокациялык станцияны кансыз согуш жылдарында СССРдин аба мейкиндигин көзөмөлдөп турган радардын ордуна орнотушкан.

Башында жаңы локаторду орус бийлиги көп жактырган эмес. Кийин радиолокациялык станция Иран тарапка багытталганы ырасталгандан соң, Москва каршылыгын токтоткон.

Лондондогу НАТО саммитиндеги сүрөт, 2019-жылдын 4-декабры

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондогу НАТО саммитиндеги сүрөт, 2019-жылдын 4-декабры

Учурда аскер базасын түрк аскерлери кайтарат. Бирок радарга көзөмөлдү толугу менен америкалыктар жүргүзөт.

Инжирликтеги база

Инжирликтеги аба күчтөрүнүн базасы дагы кансыз согуштун мурасы. Бул жерди чалгынчы аскер учактары үчүн пайдаланышкан.

Инжирлик Жакынкы Чыгыштагы аракеттер үчүн өтө ыңгайлуу база. 1958-жылдагы Ливан кризиси учурунда АКШ бул базага жүздөй аскер учагын жайгаштырган.

2000-жылдары Ирак жана Ооганстандагы аскердик аракеттер учурунда, Сириядагы согушта базаны аскердик жабдыктарды ташып келүүгө активдүү колдонушту.

Инжирликти негизинен АКШ менен Түркия колодонот. Ошол эле маалда Улуу Британиянын Королдук аба күчтөрүнүн дагы контингенти жайгашкан.

Базада америкалык өзөктүк курал бар деген бейрасмий маалыматтар айтылып жүрөт. Узак жылдар ичинде бул тууралуу бир дагы расмий сөз болгон эмес эле. Бирок президент Дональд Трамп бул табуну бузуп, курал бар экенин моюнуна алган.

Трамптын билдирүүсүнөн кийин базадан куралды алып чыгып кетиштиби же сакталып турабы, бул тууралуу эч кандай маалымат жок.

Курал "Өзөктүк алмашуу" (Nuclear sharing) деген НАТОнун программасынын алкагында Түркияга келген. Азыркы учурда программанын алкагында мындай куралды АКШ гана сунуштай алат. Ал бир нече өлкөнүн - Түркия, Бельгия, Германия, Италия жана Нидерланддардын аймагында жайгашкан. Бирок бул өлкөлөр куралды өз алдынча колдоно албайт. Анткени аны колдонуу коду америкалыктардын колунда.

Курал өтө бекем жерге катылып, катуу кайтарууга алынган. Америкалык аскерлер көзөмөлдөп, кайтарууга алат.

АКШ менен Түркия мамилеси

АКШ менен Түркия ортосундагы мамиле Сириядагы күрд элдик кошуундарына каршы аскер операциясынан кийин өтө начарлап кетти. Күрд кошуундары "ИМ" тобуна каршы күрөшкөн АКШнын негизги союздашы эле. Бирок Түркия бул кошуундун өзүн террордук уюм деп эсептейт.

14-октябрда АКШ Түркияга карата санкцияларды киригизип, бирок тогуз күндөн кийин Анкара Сириядагы аскер операциясына токтоткон соң кайра алып салды. Ал тургай Трамп түрк президенти Эрдоганга ыраазычылык дагы билдирген.

13-декабрда АКШ Сенаты 1915-жылдагы Осмон империясынын учурундагы армян окуясын геноцид деп тааныган резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Геноцид жөнүндө маселеге расмий Анкара өтө негативдүү карайт.

Эл аралык геноцидди изилдөө ассоциациясынын (IAGS) маалыматында, 1915-жылдагы окуядан өлгөндөр саны миллион кишиге жеткен. Айрым тарыхчылар бул санды 1,5 млн деп көрсөтүп жүрөт. Түрк бийлиги кыргынга кабылган армяндар саны 300 миңден ашпайт деп айтып келүүдө. Армяндарга жасалган кыргын Осмон бийлиги тарабынан болгон дегенди түрк өкмөтү кескин четке кагат.

Түрк бийлиги Сенаттын чечимин түрк элин мазактоо жана пайдасыз чечим деп сындады. (AbA)