Британиядагы кыргыз элчиси королевага ишеним грамотасын тапшырды

Байсалов Эдил
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов Улуу Британиянын Королевасы Елизавета Экинчиге ишеним грамотасын тапшырды.

Жарандык активист Эдил Байсалов ушул жылы 11-июнда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Улуу Британия менен Түндүк Ирландияга толук ыйгарымдуу элчи болуп дайындалган.

Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 12-июнда түзүлгөн.

Лондондогу Кыргыз элчилиги 1997-жылы ачылган, эң биринчи кыргыз элчиси болуп Роза Отунбаева иштеген.

Бишкекте Улуу Британиянын элчилиги 2011-жылы ачылган.

Улуу Британия Кыргызстандын экспортунда биринчи орунду ээлейт. Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын бүтүндөй Лондонго экспорттолот.

Элчи карета менен келип, англис салты боюнча арабаны сүйрөп келген аттарга сабиз берди:

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Кыргызстан Brexit процессинен кийин Улуу Британия менен жаңы эки тараптуу макулдашууну түзүүгө даяр экенин билдирген. Бул жөнүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жакында Лондон шаарында өткөн кыргыз-британ инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө айта кеткен эле:

"Биз Бириккен Королдуктагы окуяларга дыкаттык менен көз салып турабыз. Үч жыл мурда референдумда билдирилген британ элинин тандоосун сыйлайбыз. Улуу Британия Европа биримдигинен чыккан соң мындан аркы соода жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жолун аныктаган жаңы макулдашуунун түзүлүшүн күтөбүз".

Биринчи вице-премьердин билдиргенине караганда, жаңы жылда жазында Кыргызстандын тышкы иштер министри баштаган делегациянын Лондонго барышы күтүлүүдө.