Президент Жээнбековду сынаган эки жыл

Жээнбеков Атамбаев
Published

Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкенине эки жыл толду. Бул убакыт ичинде Кыргызстандын саясатында курч окуялар болду.

Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы эң чоң убадасы - "Атамбаевдин коррупцияга каршы баштаган күрөшүн улантуу" жөнүндө болгон эле. Бирок анын коррупция менен күрөшү эң оболу Алмазбек Атамбаев экөөнүн мамилесин бузду.

Бишкек ЖЭБдеги, Тарых музейиндеги жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишиндеги коррупция боюнча айыпталып, Атамбаевдин убагында чоң кызматта отурган бир топ адам камакка алынды. Анын ичинде мурдакы эки премьер-министр, Бишкектин мурдакы эки мэри, министрлер бар.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2018-жылы коррупция жана кызматтык кылмыштар боюнча 962 иш козголгон. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 688 кылмыш иши ачылганы айтылды. Бирок коомчулукта эң коррупциялашкан тармактар боюнча тазалоо жүрүп, күрөш системалуу болушун жактаган пикирлер үстөмдүк кылат.

Жээнбеков-Атамбаев тиреши

Президент Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, official

Жээнбеков президенттик кызматта турган эки жыл ичиндеги эң көп талкууланган тема - Атамбаев экөөнүн чатагы. Экөөнүн тирешүүсү ырбап отуруп, акыры Атамбаев темир тор артына түштү.

2019-жылы 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыратты. Анын адвокаты Сергей Слесарев Жогорку Кеңеш мыйзамды одоно бузуу менен мурдагы президентти кол тийбестигинен ажыратуу токтомун кабыл алганын айтып, Атамбаев эч кандай тергөө сурагына барбай турганын билдирген эле.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши алты жыл тыныгуудан кийин, 2019-жылдын башында кайра жанданды. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болуп, эки экс-башкы прокурор, экс-вице-премьер жана министрлер айыпталып жатат.

Атамбаев күбө катары тергөөгө эки ирет чакырылып, барбай койгондон кийин, 7-август күнү кечинде күч түзүмдөрү атайын кармоо операциясы өткөрдү. Тополоң чыгып кетип, УКМКнын атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн офицери курман болуп, бир нече киши жаракат алган. 8-августта Кой-Ташта милиция күчтөрү Атамбаевди кармап келди. Атамбаев бул жолу оор беренелер менен шектелип, тергөө абагына камалды. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге "куралды мыйзамсыз жүгүртүү", "киши өлтүрүү", "массалык башаламандык уюштуруу" беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Коррупция менен күрөшпү же оппоненттер менен кармашпы?

Президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүндөгү "тамакка сайылган сөөк" бул - "Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Райымбек Матраимов болуп калды дейт айрым эксперттер. Мурда Бажы кызматында иштеген Матраимовдун көмүскө ишмердиги жөнүндө бир катар басылмалар иликтөөлөрүн жарыялашты.

Президент Жээнбеков журналисттер менен жолуккан учурда "тиешелүү кызматтар Матраимовду, анын бир туугандарын текшергенин, 24 млн. сом салыгы бар экен, аны төгүп жатат" деп айтканы бар.

Графика

Ноябрь соңунда дагы бир иликтөө жарыяланып, Кыргызстандан миллиондогон акчаларды мыйзамсыз чыгаруу боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар кишилердин ысымдары аталды.

Анын артынан эле жарандык активисттер митинг өткөрүп, бул иликтөөдө айтылгандарга укуктук баа берүүнү талап кылып чыгышты.

митинг

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги митинг: бийликке "эскертүү сары кагазы"

Президент Жээнбеков "Кабарга" берген соңку маегинде: "Бизде эрк бар. Эң башкысы, биздин күрөштө коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик органдарды тазалоо процесси турат. Булар сот системасы, прокуратура, милиция, финполиция, эсептөө палатасы жана башкалар",-деп белгилеп, "тазалоо процесси уланаарын" айтты.

Социалдык-экономикалык долбоорлор

видео камера

Экономикалык-социалдык өнүктүрүү түздөн-түз өкмөттүн иши экенине карабастан, президент өзүнүн саясатында чарбалык маселелерге көп киришүүдө.

2018 - Аймактарды өнүктүрүү жылы, 2019 - Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланды. 2018-жылы жалпысынан региондор боюнча 200дөн ашык жаңы ишкана түзүлдү деп айтылат расмий маалыматтарда.

"Түндүк" электрондук системасы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн басымдуу көпчүлүгүн электрондук форматка которуу башталды. Мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына 31 мамлекеттик орган кошулду. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы тесттик режимде ишке киргизилди.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу башталды. "Таза суу" долбоору президент тарабынан көзөмөлгө алынууда. Анын тапшырмасы боюнча 2019-жылдын аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилиши керек.

Ирригацияны өнүктүрүү программасында 2024-жылга чейин жалпы суммасы 18 млрд сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилерин куруу каралган.

Кыргызстандын экспортун өнүктүрүү боюнча атайын программа кабыл алынды. Фитосанитардык төрт жаңы лаборатория курулду жана 18 ветеринардык лаборатория оңдолуп, калыбына келтирилди жана жабдылды.

Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо долбоору бекитилди. Туризм кластерин өнүктүрүү максатында "Ачык асман" саясаты жарыяланды.

Ɵлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган ири улуттук долбоорлор: CASA-1000 долбоору, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскадын куруу каралган. Жол тармагындагы эң ири долбоор — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздери иштелип бүттү.

Дүйшөмбү менен Бишкектин шайын оодарган чек ара

туу

2017-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендик жылдардан бери чыңалуу жаратып келе жаткан чек ара маселесин ачык талкуулоого жетишти. Чек аранын 85 пайызында тактоо иштери бүткөнүн эки тарап тең жарыя кылган. Маалыматтарга караганда, чек ара тилкесин тактоодо тараптар Кемпир-Абад суу сактагычы жана Гавасай аймагы боюнча орток пикир таба албай турат. Ала-Букадагы Гавасай аймагында 1950-жылдары 20 миң гектардын айланасындагы жер атайын чечим менен Кыргызстандан Өзбекстанга өткөрүлгөн экен. Бирок кыргыз тарап, ал жерлердин өткөрүлүшү канчалык мыйзамдуу болгон деген суроону коюп келүүдө. Экинчи тилке, негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча.

Албетте, бул жерде президент Мирзиёев Өзбекстандын мурдакы катаал позициясын жумшартты деп айтсак болот.

Бирок дагы бир коңшусу Тажикстан менен чек ара маселеси курч бойдон кала берди. Сентябрь башында эле кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, тараптар бири-бирин айыптаган ноталарды жолдоду.

Жээнбеков Сооронбай

Сүрөттүн булагы, official

Июль айында катталган жаңжалдан кийин президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушкан. Алар чек ара тилкелериндеги айылдардагы коопсуздукту камсыздоо, чатакташууларды болтурбоо убадаларын берген. Андан кийин дагы ок атышууга жеткен жаңжал болуп, эки лидерди ыңгайсыз абалга кептеген кырдаал түзүлдү.

Эки өлкөнүн жаңжалдуу тилкелер боюнча жакынкы жылдарда келишимге жетиши татаал дейт эксперттер. Бул үчүн өлкө башчыларынын саясий эрки керек. Жоопкерчилик алуу, албетте, оңой эмес. Лидерлер жаңжалдардын алдын алуу жана болтурбоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барбаса, чек ара чыры ырбап кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар.

Тышкы саясат: "жогорку саясий инстанция"

Путин, Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, official

Президент Жээнбеков эки жыл мурун инаугурациясында Орусияны "негизги стратегиялык өнөктөш" деп атаган. Ошондой эле тышкы саясатта Кытай жана Европа Биримдиги менен кызматташууну күчөтөтүү боюнча сөз кылган.

Президент Жээнбеков кызматына киришкенден бери 35 өлкөгө иш сапары менен чыкты. Көп векторлуу саясатта Орусия эң негизги стратегиялык өнөктөш бойдон кала берди. Президенттин эки жылдын ичиндеги эң көп сандагы сапары дагы Орусияга жасалган (сегиз жолу). Жээнбеков-Атамбаев тиреши Москва дагы деле Кыргызстандын саясатына чоң таасир этип жатканын ачык көрсөттү.

Орусиялык талдоочу Аркадий Дубнов чуулгандуу окуядан кийин, "жакшыбы же жаманбы", Москва Кыргызстан үчүн "башкы сот, жогорку саясий инстанцияга" айланганын белгиледи.

Карта

Ага карабастан президент Жээнбеков "карама-каршылыктар менен коштолгон" дүйнөдө Кыргызстан көп тараптуу тышкы саясатты алып барышы керектигин белгилеп келет.

Алыскы туугандан - жакынкы коңшу

Коңшу өлкөлөргө келгенде, эки жылдын ичинде Жээнбеков Казакстан менен Тажикстанга беш жолу барды. Өзбекстанга бир эле жолу барганы менен, президент Мирзиеёв Бишкекке келип кетти.

Атамбаев президенттиктен кетип жатканда, Кыргызстан-Казакстан мамилеси бузулуп, эки өлкөнүн лидерлери ачык эле кайым айтышууга чейин барышты.

Жээнбеков бийликке келгенден кийин Казакстан менен мамилени оңдоого жетишти. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий мамилелер эки жылдын ичинде жакшыруунун үстүндө баратат.

Ошол эле убакта кыргыз тараптын коңшусуна чек арадагы тоскоолдуктар боюнча дооматы азыр да бүтө элек. Кыргыз ишкерлеринин товарын казак чек арачылары өткөрбөй койгон учурлар утур-утур болуп жатат. Казак тарап өз кезегинде коңшусун бажы көзөмөлү жакшы иштебей, чек арада аткезчилик тыйылбай жатат деп айыптап келүүдө. Казакстан менен болгон чек арадагы тоскоолдуктар жөнүндө Бишкек 2017-жылы ЕАЭБке жана Дүйнөлүк соода уюмуна чейин арызданган.

Кыргызстан-Өзбекстан мамилеси Шавкат Мирзиёевдин бийликке келгенден кийин оңолду. Чөлкөмдөгү он жылдап бири-бирине сыртын салып келген өлкөлөр тышкы саясатында жаңы багытты көздөй бурулду. Фергана өрөөнүн бөлө жайгашкан кошуна өлкөлөр ортосундагы чек ара жана суу ресурстарын бөлүштүрүү маселесинде жылыштар байкалууда.

"Океан" жээгиндеги Кыргызстан

Цизинпин, Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, official

Кыргызстан соңку жылдары Кытай менен мамиле курууда карыз алуу жагына гана басым жасап келди. Каржы министрлиги ушул жылдын май айында Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1 миллиард 711,6 миллион доллар экенин маалымдаган. Карыз эсебинен өлкөдө негизги кан жолдор салынып, Ош-Бишкек альтернативдик жолу курулуп жатат.

2019-жылы апрель айында президент Жээнбеков баш болгон делегация Кытайга барганда, Бишкек "Бир алкак - бир жол" долбоорун толук кандуу пайдалана албай жатканы боюнча сөздөр айтылган.

"Буга чейин кытай демилгесин идеологиялык жактан колдоп келген болсок, эми реалдуу долбоорлорду жылдыруу боюнча тапшырмалар берилди", -деп айткан эле президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Би-Би-Сиге.

Ал тапта Орусия менен Кытайдын атаандаштыгы Бишкектин Бээжин менен айрым багыттар боюнча кызматташуусуна бут тосуп келе жатат деген пикирлер дагы бар. Кыргызстан региондогу эки гегемондун атаандаштыгын пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыгындагы саясатты ишке ашыра алабы деген суроо өлкө эгемендик алгандан бери кабыргасынан турат.

Мурда Кыргызстанда аскердик базасын ачкан дагы бир дүйнөлүк держава АКШ менен алака сууп калгандай. 2015-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимди жокко чыгарган. Жаңы келишим дагы деле түзүлө элек.