АКШ Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрүнө визалык чектөөлөрдү киргизүүдө

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдуу районунда жашаган этникалык азчылыктарды репрессивдүү саясат жүргүзүп жатканы үчүн Кытай өкмөтүнүн жана коммунисттик партиянын өкүлдөрүнө визалык чектөө киргизгенин жарыялады.
"Кытай өкмөтү Шинжаң-Уйгур автоном районунда жашаган этникалык уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка мусулман азчылык топторуна карата массалык түрдө лагерлерде кармоо, кеңири жайылган жогорку технологиялык аңдоо, диний жана маданий өзгөчөлүктү туюндурууга кескин көзөмөлдөөлөр, сыртта жүргөн жарандарды Кытайга мажбурлап кайтарып? көп учурда тыянагы начар тагдырга дуушар кылуу сыяктуу көрүнүштөрдү камтыган өтө репрессивдүү кампанияны уюштуруп келди",-деп айтылат АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпеонун билдирүүсүндө.
Визалык чектөөлөр Кытай өкмөтүнүн жана коммунистик партиянын өкүлдөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө да тарашы ыктымал.
АКШ Кытайды Шинжаңдагы репрессивдүү кампанияны дароо токтотууга, негизсиз турдө камалгандарды бошотууга жана өлкөнүн сыртында жүргөн мусулман азчылыктардын өкүлдөрүн бүдөмүк көрүлгөн тагдырды жашоого Кытайга мажбурлап кайтаруу аракеттерин токтотууга чакырууда.
Би-Би-Си Кытайдын Синцзянь регионунда мусулман балдар ата-энелеринен зордук менен ажыратылып жатканынын жаңы далилдерин мурда таап чыккан. Расмий документтер саясий тарбия берүү макатында көп сандагы мамлекеттик мектеп-интернаттар курулуп, алардын айрымдары балдарга эсептелгенин көрсөтүүдө. Кытай өкмөтүн сынга алгандар балдарды үй-бүлөсүнөн бөлүп ажыратууну бул жакта максаттуу түрдө болуп жаткан саясат деп аташууда.
Би-Би-Си кабарчылары колдору жеткен документтерге таянып, кысымга учураган үй-бүлөлөрдүн чет өлкөдөгү ондогон мүчөлөрү менен сүйлөшүп, бул региондо балдардын абалы жөнүндө көп маалымат топтоду. Синзянда саясий тарбиялык лагерлерде миллиондон ашык адам кармалып жатканын Би-Би-Си мурда кабарлаган эле.
Кытай бийликтери лагерлердин максаты диний экстремизмдин алдын алуу экенин айтып жатышат. Эми Кытайдан качып чыккан уйгур ата-энелер өздөрүнүн жакын туугандары эле эмес, бала-бакырасы да жоголуп табылбай жатканын айтууда. Алардын балдарынын кайда экенин эч ким айтпай жатат. (КС)





























