Трамп-Украина чатагы: АКШ президенти Зеленскийди кысымга алганбы?

Сүрөттүн булагы, AFP
Трамп администрациясы июль айында Украинанын лидери менен болгон телефон сүйлөшүүсүнүн транскрипциясын ачыктады. Ага ылайык, Дональд Трамп Владимир Зеленскийден мурдагы вице-президент Жо Байдендин уулуна байланыштуу коррупция айыптары боюнча тергөөнү улантууга чакырат.
Жо Байден алдыдагы шайлоодо (2020-жыл) Трамптын негизги атаандашы болушу мүмкүн деп күтүлүп жаткан.
Буга чейин АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка каршы импичмент жараяны башталганын билдирген. Бирок Өкүлдөр палатасы импичмент жараянын баштаганы менен, мыйзамды кабыл алуу үчүн Сенаттын үчтөн экиси колдошу керек. Кошмо Штаттарынын тарыхында бир дагы жолу мындай болгон эмес. Анын үстүнө Сенатта республикачылар үстөмдүк кылат.
Президент Трамп Украин лидери Владимир Зеленский менен телефон сүйлөшүүсү учурунда Жо Байдендин уулу Хантер Байден тууралуу сөз кылып, АКШ Украинага жөнөтүлө турган 400 миллион долларга тете аскердик жардамды кечиктирет деп кысым кылган.

Сүрөттүн булагы, Teresa Kroeger/Getty Images
Эмнеге бул маанилүү?
Президент Трамп "кызмат абалынан пайдаланып, Украинаны кысымга алды" деген айыптоолорго туш болду. Трамптын негизги максаты Демократия партиясынын талапкери Жо Байдендин беделине шек келтирүү болгон дейт анын каршылаштары.
Ал эми президент Трамптын тарапташтары болсо, мурдагы вице-президентти кызмат абалын колдонуп, Укриананын коопсуздук кызматкерлерине кысым көрсөтүп, уулу Хантерге каршы кылмыш ишин жаптырган деп чыгышты.
Трамп Зеленский менен качан сүйлөштү эле?
Президент Трамп Украинанын лидери Зеленский менен 25-июлда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Баарлашуу учурунда Трамп украин кесиптешин мурдагы вице-президент Байденге каршы тергөө иштерин улантууга үндөгөн.

Сүрөттүн булагы, Sean Gallup/Getty Images
Ошондой эле Трамп 250 миллион долларлык аскердик жардам боюнча дагы сөз кылган деген сөздөр айтылууда. Конгресс каражатты Украинага которуу боюнча чечим кабыл алган, бирок президенттин администрациясы акчаны белгисиз себептер менен создуктуруп, сентябрдын ортосунда гана которгон.
Washington Post жана АКШнын башка басылмалары Трамп каражатты атайын эле которбой кармап турууга буйрук берген деп жазып чыгышты.
Жо Байден менен анын уулуна тагылган айыптар
Трамптын администрациясы Жо Байденди 2016-жылы кысым көрсөтүү жолу менен Украинанын башкы прокурору Виктор Шокинди кызматтан кетишине таасирин тийгизген деп айыптап жатат.
Шокин Украинанын "Бурисма" аттуу газ өндүргөн компаниясынын ишмердүүлүгүн териштире баштаган. Компаниянын ээси Николай Злочевский коррупция бонча айыпталган. Ал эми Жо Байдендин уулу Хантер Байден бул компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турган жана айына 50 миң доллар айлык алган.
Байден вице-президент болуп турганда бир миллиард долларга чукул насыя Украинага берилбейт деп, басым кылып, ишти жаптырып салган дейт Трамп жана анын адвокаты Руди Жулиани. Жо Байден уулун жана Украин компаниясын коргогон деген дооматтарга кабылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украин парламенти Башкы прокурорду 2016-жылы март айында кызматынан алган. Шокин парламентти Байдендин кысымы алдында ушундай чечим кабыл алды деп билдирүу жасаган эле.
Шокин "Бурисма" компаниясы боюнча ишти жигердүү жүргүзгөн эмес, дейт New York Times басылмасы. Талдоочулар Шокин тергөө иштери менен коркутуп, акча өндүрүүнү көздөп турат деп да айыпташты.
Кызыгы, Шокинди кызматтан алууну суранган башка дагы лидерлер болгон. Байденден тышкары Европа Биримдигине мүчө болгон мамлекеттер дагы Шокин коррупцияга каршы күрөштү жай жүргүзүп жатат деп сындап, аны ордун алмаштыруу керек деген сунуш берген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украин бийлиги "Бурисма" компаниясына каршы тергөө иштерин 2017-жылы январь айында жыйынтыктап, эч кандай мыйзам бузуулар табылбаганын билдирди.
Байден кызмат абалын колдонгону тууралуу эч кандай далилдер жок. Ага карабастан сынчылар, Байден үй-бүлөсүнүн Украина менен байланышы кызыкчылыктардын кагылышын жаратып жатканын белгилешүүдө.
АКШ президенти мыйзамсыз кадамга бардыбы?
АКШнын президенти чет өлкөлүк лидерди кысымга алып, атаандашын каралоого түртүп жатканы олуттуу доомат. Андан тышкары АКШ президенти Сенаттын чечиминен кийин каржылык жардамды кечеңдеткени дагы жеңил меселе эмес.

Сүрөттүн булагы, Zach Gibson/Getty Images
Атайын прокурор Роберт Мюллер эки жыл бою Трамп администрациясынын орус бийлиги менен байланышын изилдеп чыккан. Анда Мюллер Трамптын жакын өнөктөштөрү орус жарандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн тапкан. Ал тургай Дональд Трамптын уулу дагы Кремлге байланышы бар расмийлер менен жолукканы тастыкталган. Ошого карабастан атайын прокурор Мюллер президент Трампка каршы кылмыш ишин козгогон эмес.
АКШ лидеринин Украин президентине байланышып, ага кысым көрсөткөнү Федералдык мыйзамдарга каршы келиши мүмкүн. Бирок Юстиция министрлигинин аракеттеги президентти жоопко тартса болбойт деген чечими күчүндө. Ал эми импичмент жарыялоо АКШ тарыхында болуп көргөн эмес. (AT)
































