Робот космонавт "Федор" жолдо кармалып калганы үчүн кечирим сурады

Сүрөттүн булагы, ROSCOSMOS/TASS
Адамга окшош робот "Федор" шейшембиде эртең менен "Союз МС-14" космостук кемеси менен Эл аралык космос станциясына барып чиркешти. Ал эл аралык космос станциясына биринчи жолу чиркеше албай буйдалып, жолдо саал кечиккени үчүн кечирим сурады.
"Кармалып калганым үчүн кечирим сурайм. Тыгында калдым. Ишти улантууга даярмын",-деди ал Твиттердеги билдирүүсүндө.
"Союз МС-14" кемеси эл аралык космос станциясына 24-августта биринчи жолу жакын барып чиркеше албай, шейшембиде экинчи аракети гана ишке ашты.
Адамга окшош "Федор" деп аталган робот "Андроид техника" компаниясы жана Келечектүү изилдөөлөр фондусу тарабынан жасалды. Эл аралык космостук станцияга келип түшкөн биринчи робот Skybot F-850 деген чакырык ысым алды, бул жерде F "Федор" роботтор бүлөсүнө таандык дегенди билдирет.
Skybot F-850 космосто телеметриялык иштерди жүргүзүү, учуунун коопсуздугунун параметрлерин аныктоо сыяктуу көп иштерди аткарат.

Сүрөттүн булагы, ROSCOSMOS/TASS
Роскосмостун башчысы Дмитрий Рогозиндин айтымыда, "Федор жасалма космонавт катарында иш аткарат".
Робот 7-сентябрда кайтып келиши керек.




























