Орусиянын "Тяньаньмэнь өспүрүмү" аталган кыз

Сүрөттүн булагы, Vera Oleinikova
- Author, Megha Mohan жана Nina Nazarova
- Role, BBC World Service
- Published
Зооттолгон кемсел кийген өспүрүм полициянын алдына отуруп алган. Анын колунда Орусиянын Баш мыйзамы бар эле.
Мыкты куралданган, өзүнөн эки эсе чоң полиция тизилип турганына карабастан, өспүрүм коопсуздук кызматкерлерине конституцияны окуй баштады.
Тик турган полициянын алдында демонстранттар топтолуп, Москвадагы жергиликтүү шайлоого оппозициячыл жана көз карандысыз саясатчыларды катыштырууну талап кылышты. Тынч башталган нааразылык акция башаламандык менен коштолуп, коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуулар болду, жаракат алгандар да бар.
Он жети жаштагы Ольга Мисиктин сүрөтү интернетте дароо эле желдей тарады. Жаш активист Орусияда демократияны жактаган кыймылдын символуна айланып, аны 1989-жылы Кытайдын Тяньаньмэнь аянтындагы танктарды тоскон демонстрантка салыштырышууда.
"Орусияда туруксуздук орноду. Бийлик тынч маанайда өтүп жаткан демонстрацияларды токтотуу үчүн куралданган коопсуздук кызматкерлерин тартууда. Элдин көз карашы өзгөрдү, мага бул өзгөрүү так көрүнүп жатат",-дейт Ольга.
Москва шаарында дем алыш күндөрү тынымсыз нааразылык акциялар өтүп жатат. Митингчилер сентябрь айындагы жергиликтүү шайлоолорду ачык, бурмалоолору жок өткөрүүнү талап кылышууда. Ал эми бийлик оппозициячыл саясатчылар "жетиштүү кол топтой алган жок" деген жүйөө менен аларды талапкер катары каттабай койгон.
Ольга күзүндө Москва мамлекеттик университетинде журналистика багынтында окуй баштайт. Өспүрүм бир гана жергиликтүү шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы чыгып жаткан жок. Ал кайсыл бир партияны дагы колдобойт.
"Советтер союзунан кийин конституция өзгөргөнүн айтып, биз Орусия элинин укуктарын баалап, сыйлашыбыз керектигине көңүл бурдургум келет. Өзүм жана элим үчүн көчөгө чыктым. Навальныйга жана башка оппозициячыл лидерлерге карата көз карашым нейтралдуу. Бирок алардын аракетин колдойм",-дейт Ольга.

Сүрөттүн булагы, Vera Oleinikova
27-июлда миңдеген тургунга кошулуп Ольга Москвадагы нааразылык акцияга катышкан. Мыйзамсыз нааразылык акцияга чакырганы үчүн оппозициячыл лидерлер камакка алынган болчу.
Ольга 1993-жылы жазылган Орусиянын конституциясын ачып, союл, калкан жана шлемчен полицияга Баш мыйзамды окуду.
"Мен төрт башка бөлүктү окудум. Анда тургундар тынч демонстрация өткөрүүгө, шайлоого катышууга укуктуу экенин жана сөз эркиндиги, бийлик элдин колунда деген беренелер жазылган",-дейт Ольга.

Сүрөттүн булагы, Vera Oleinikova
Баш мыйзамды окуп туруп, Ольга үйүнө кеткен. Бирок жолдон полиция аны камакка алыптыр. Ольга ал күнү миңден ашуун камакка алынган демонстранттардын бири болду. Ал демонстрацияларга катышпаса дагы үч айдын ичинде төрт жолу камакка алынды.
Полиция өспүрүмгө жакшы мамиле кылган, бирок ал дарыгер сураса, чакырып беришкен эмес. 12 саат абакта отургандан кийин Ольга үйүнө коё берилди. Эми ал мыйзамсыз демонстрацияга катышканы үчүн 20 миң рубль же 305 доллар айып пул төлөшү керек.
Ольга демонстрацияга катышканы үчүн кандайдыр бир кесепети болот дегенге ишенбейт. Бойго жете элек кыздын ата-энесине социалдык кызматтын өкүлдөрү дагы келип кеткен. Ольганын ата-энеси сарсаана болсо да, өспүрүм нааразылык акцияларга катыша берем дейт. Ал келечекте дагы журналист катары өлкөдөгү саясий кырдаалды чагылдырууну көздөйт. (AT)



































