Түндүк Корея: согушту каалаган түштүккореялыктарга эскертүү үчүн сыноо өткөрдүк

North Korea's missile launch on July 26

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Корея кыска аралыктагы эки ракетасын учурду
Published

Пхеньян кыска аралыктагы жаңы эки ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн тастыктап, бул кадамга "согушту каалаган түштүккореялыктарды эскертүү" үчүн барганын билдирди.

Ракеталар 50 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, 430 чакырым алыска учкан. Жапон деңизине түшкөн.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын мамлекет өзүн коргоо үчүн "аргасыздан жаңы курал системаларын" иштеп чыгып жатканын айтты. Ким Чен Ын бейшемби күнү ракеталардын жаңы түрү ийгиликтүү сыналганын дагы кошумчалады.

Буга чейин Пхеньян Түштүк Корея менен АКШнын эмдиги айда боло турган аскердик машыгууларына нааразылыгын билдирген болчу. Алар бул аскердик машыгуулар өзөктүк куралды жок кылуу боюнча сүйлөшүүлөргө терс таасир этет деп эскерткен.

People watch missile launch on television

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чен Ын бейшемби күнү ракеталардын жаңы түрү ийгиликтүү сыналганын билдирди

Сеул Түндүк Кореяны абалды курчутпоого чакырды. АКШ менен Түштүк Корея жыл сайын өтчү аскердик машыгууларынан баш тартпайбыз деп айтып келет. Бирок машыгуулардын масштабы кичирейген. Түндүк Корея АКШ-Түштүк Кореянын машыгууларын коркунуч катары кабыл алып келет.

Жапония болсо Түндүк Кореянын ракеталары өлкөнүн аймагына жетпегенин жана коопсуздукка эч кандай коркунуч жаратпаганын маалымдады.Пхеньян кыска аралыктагы жаңы эки ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн тастыктап, аны "согушту каалаган түштүккореялыктарга эскертүү" үчүн өткөргөнүн билдирди.

A photo released by the official North Korean Central News Agency (KCNA) on 23 July 2019 shows Kim Jong-Un (C), speaking to officials after making a round of the newly-laid down submarine at an undisclosed location in North Korea.

Сүрөттүн булагы, European Photopress Agency

Июнь айынын башында АКШнын президенти Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк-Түндүк Кореянын чек арасында жолугуп, өзөктүк куралдарды жок кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болушкан.

Эки лидердин жолугушуусунан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео сүйлөшүүлөр июнь айында башталат деп айткан. Бирок сүйлөшүүлөр жанданганы боюнча эч кабар чыккан жок.

Пхеньян АКШ-Түштүк Корея аскердик машыгуулары өткөн жылы Сингапурда макулдашылган билдирүүлөргө каршы келет деп айтып жатат.

Өткөн жылы Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусунан кийин Түндүк Кореянын лидери өзөктүк куралды жана континент аралык баллистикалык ракеталарды сыноодон өткөрбөйбүз деп билдирген. Бирок спутниктен алынган сүрөттөрдө Пхеньяндын өзөктүк долбоорду улантып жатканы так көрүнүп турат дешет адистер.

Акыркы жолу Түндүк Корея май айында кыска аралыктагы ракеталарын учурган болчу. Ал эми континент аралык ракеталарын акыркы жолу 2017-жылы сыноодон өткөргөн. (AT)