Си Цзиньпин: Кытайды социализм сактап калат

Сүрөттүн булагы, AFP
Си Цзиньпин Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынында, Кытай өнүгүүсү орчундуу этапка жеткенин белгилеп, мамлекетти бир гана социализм сактап калат деп айтты.
Ошол эле учурда өлкөнүнү бүтүндүгүнө шек келтирген аракеттер тууралуу айтып, Тайвандын Кытайдан бөлүнүп кетүүгө аракет кылып жатканын сындады.
Мунун алдында эле Кытайдын парламенти конституциядагы төраганын мөөнөтүн чектеген эрежени алып салган. Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйыны жылына бир жолу чогулат. Бирок жалпысынан эл өкүлдөрү Комунисттик партиянын чечимдерин колдойт.

Сүрөттүн булагы, AFP
Си Цзиньпин өзүнүн кайрылуусунда, Кытайдын келечектеги багыты тууралуу сөз кылып, өлкө "цивилизацияга олуттуу салымын" кошуусун уланта берет деп айтты.
"Тарых далилдегендей Кытайды бир гана социализм сактап кала алат", -деди Кытайдын лидери.
Ал эми мамлекеттин глобалдык амбициясы тууралуу сөз кылганда, Си Цзиньпин Кытай күчтүү болууга умтулат, бирок агресивдүү болбойт деп баса белгиледи. Мамлекет дүйнөдөгү башка өлкөнүн эсеби менен өнүкпөйт деди ал.
Си Цзиньпиндин кайрылуусунан кийин премьер-министр Ли Кэцян сүйлөп, Бээжин экономикалык эрежелерге таянып, башка мамлекеттер менен кызматташууга даяр деди. Ли Кэцяндын айтымында, глобалдык соода бардык тараптар үчүн пайдалуу. Ошондуктан Кытай "жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялар" ишин ийгиликтүү улантыш үчүн эшигин кенен ачат.

Сүрөттүн булагы, qr
Кытай премьеринин сөзү АКШнын президенти Трамптын кайрылуусунан бир топ айырмаланып турат.
Кытай биримдиги
Си Цзиньпин Тайван, Тибет жана Гонгконг тууралуу сөз кылып жатып, Бээжин жикчил аракеттердин баарын токтотууга кудурети жетет деп маалымдады.
"Кытайдын калкынын бир ишеними бар - кубаттуу мамлекетибиздин бир укум жерин дагы бөлүп кетүү мүмкүн эмес", -деди Си Цзиньпин.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бээжин Тайванды Кытайдын бир бөлүгү катары эсептейт. Жакында эле АКШ жаңы мыйзам кабыл алып, аны менен Тайванга жогорку даражадагы өкүлдөрү расмий сүйлөшүүгө барса болот дегенге жол ачты.
Вашингтондун Тайван менен расмий байланышы жок. Кытай өзүнүн башын аттап өтүп, бул арал менен башка өлкөлөрдүн мамиле түзүүсүнө каршы болуп келет.
Төраганын мөөнөтүн он жылга чектөө боюнча мыйзам Конституцияга 1990-жылдары Дэн Сяопиндин учурунда киргизилген. Мунун менен ошол учурдагы Маонун керт башына сыйынуучулук саясатын жокко чыгарууга далалат кылышкан.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1
Си Цзиньпинге чейинки эки лидер бул эрежени бекем карманды. Кытайдын лидери экинчи мөөнөтү 2023-жылы бүтмөк.
Си Цзиньпин 1953-жылы туулган. Анын атасы Кытайдагы компартияны негиздеген ишмерлердин бири болгон. Маонун учурунда атасы репрессияланган. Си жаш кезинде алыскы айылдарга сүргүнгө айдалып, талаада иштеген. Андан кийин Пекинге кайтып келген.
Си 1974-жылы компартиянын катарына өтөт. Ошондон тарта укмуштуудай карьералык өсүш жасап, 2013-жылы Кытайдын төрагасы болгон.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2
Анын бийликке келиши менен өлкөдө экономикалык реформалар жүргүзүлүп, коррупцияга каршы катаал өнөктүк жүрдү. Ошол эле учурда улутчулдук өсүп, жарандык укуктар чектелген. Ал башкарган алгачкы беш жылда эл арасында абдан кадыры бийиктеген. (AT)
































