Си Цзиньпиндин мөөнөтсүз башкаруусуна жол ачылды

Си Цзиньпин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published

Си Цзиньпиндин өмүр бою башкаруусуна бөгөт болгон эң акыркы босого алып салынды. Кытайдын парламенти конституциядагы төраганын мөөнөтүн чектеген эрежени алып салууга макулдук берди.

Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын үч миңге чукул мүчөсү бул чечимди бир добуштан колдоду. Экөө каршы чыгып, үчөө добуш берүүдөн карманды

Буга улай эле башкаруучу компартиянын чечими менен "Си Цзинпиндин Кытай мүнөздүү жаңы доордогу социализм тууралуу ойлору" конституцияга кирип, анын даражасы партиянын негиздөөчүсү Мао Цзэдунга теңдештирилди.

Төраганын мөөнөтүн он жылга чектөө боюнча мыйзам Конституцияга 1990-жылдары Дэн Сяопиндин учурунда киргизилген. Мунун менен ошол учурдагы Маонун керт башына сыйынуучулук саясатын жокко чыгарууга далалат кылышкан.

Си Цзиньпинге чейинки эки лидер бул эрежени бекем карманды.

Си Цзиньпиндин экинчи мөөнөтү 2023-жылы бүтмөк. Партиянын октябрь айындагы курулутайында көптөр салтка айланып калгандай Си Цзиньпин мураскердин ысымын атайт деп күтүшкөн эле. Бирок андай болгон эмес. Ошондо эле төраганын мөөнөтүн чектеген эреже алынышы мүмкүн экени жоромолдоно баштаган.

Си Цзиньпин менен АКШнын экс-президенти Барак Обаманын шакабалуу сүрөтү интернетке 2013-жылы чыккан эле.

Сүрөттүн булагы, AFP/WEIBO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Си Цзиньпин менен АКШнын экс-президенти Барак Обаманын шакабалуу сүрөтү интернетке 2013-жылы чыккан эле.

Си Цзиньпин 1953-жылы туулган. Анын атасы Кытайдагы компартияны негиздеген ишмерлердин бири болгон. Маонун учурунда атасы репрессияланган. Си жаш кезинде алыскы айылдарга сүргүнгө айдалып, талаада иштеген. Андан кийин Пекинге кайтып келген.

Си 1974-жылы компартиянын катарына өтөт. Ошондон тарта укмуштуудай карьералык өсүш жасап, 2013-жылы Кытайдын төрагасы болгон.

Анын бийликке келиши менен өлкөдө экономикалык реформалар жүргүзүлүп, коррупцияга каршы катаал өнөктүк жүрдү. Ошол эле учурда улутчулдук өсүп, жарандык укуктар чектелген. Ал башкарган алгачкы беш жылда эл арасында абдан кадыры бийиктеген.

"Жаңы доор" жана Батышка альтернатива

Кытай бир партиялуу башкаруу үлгүсү жашап кете ала турганын далилдеди деп эсептейт Си. Демек, бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн "жаңы тандоосу" болуп калышы керек.

Бул тууралуу ал октябрь айындагы курултайда "Си Цзинпиндин Кытай мүнөздүү жаңы доордогу социализм тууралуу ойлору" менен тааныштырып жатканда айткан.

Эми бул ойлор өлкөнүн Баш мыйзамына тиркелди. Бул деген Си Цзиньпин менен талашып тартышуу партиянын уставы менен талашканга тете дегенди туюндурат.

Мектептерде, жогорку окуу жайларында жана партиялык жыйындарда Синин "жаңы доору" окуп, үйрөтүлөт. Анда Кытай дүйнөдөгү социалистик лидер болушу керектиги камтылган.

Постер с изображением Си Цзиньпиня в Шанхае

Сүрөттүн булагы, Reuters

Буга чейинки кытайлык башкаруучулар деле мыйзамдык өзгөртүулөрдү көп эле киргизишкен. Бирок Маодон башка эч ким "олйорун" негизги мыйзамга тиркей алган эмес.

Сиге чейин конституцияга Мао менен Дэн Сяопиндин гана ысымы киргизилген. Дагы бир жагдай Дэн Сяопиндин көзү өткөндөн кийин гана ысымын Баш мыйзамга киргизишкен.

Мао жарандык согуштан бөлүнүп-жарылган өлкөнү бириктирсе, Дэн Сяопиндин учурунда өнүгүү жана өсүү болгон.

Эми "үчүнчү жаңы доордо" кытайлар бардар жана бакубат жашап, батыш демократиясы кризиске кептелип жатканда өлкө дүйнө коомчулугуна үлгү болот дейт кытайдын бийлиги. (AbA)