Агунг жанар тоосу: Балинин аба майданы жабык бойдон турат

Вулкан Агунг

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жанар тоодон чыккан күл үч чакырым бийиктикке чейин жетти
Published

Индонезиянын расмийлери Бали аралындагы аба майданды жабык кармоого буйрук берди. Аймакта Агунг вулканы атылып, аэропорт эки күндөн бери жабык турат.

Жанар тоодон чыккан күл үч чакырым бийиктикке чейин жетип, аймакты кара түтүн каптады. Жанар тоону курчаган аймакта катуу жамгыр төгүп, вулкандан чыккан күл баткакка аралашып, ылдый агууда. Арал бир нече апта бою оор абалга кептелиши ыктымал.

Вулкандын күлү учактын моторуна терс таасир этип, муздатуу системасын иштен чыгарышы ыктымал.

Индонезиянын транспорт министрлиги алгач аэропортту 24 саатка жабууну чечкен, 400 каттам токтотулуп, 59 миң жүргүнчү аба майданда түнөдү. Шейшемби күнү аэропорт дагы 24 саатка жабылаары жарыяланды.

People waiting at the airport

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY IMAGES

Индонезиянын расмийлери дүйшөмбү күнү вулкан түзгөн коркунучту жогорку тепкичке көтөргөн. Аралдан 100 миң адамды чыгып кетүүгө буйрук да берилген. Бирок дүйшөмбү күнү 40 миң гана тургун эвакуацияланганы кабарланууда.

Балинин тургундары коркунучка карабастан аймактан чыгып кетүүдөн баш тартууда. Туристтерге кызмат көрсөтүп жан баккан жергиликтүүлөрдүн көбү чакан дүкөндөрүн таштап кетүүдөн кооптонгонун айтышат.

"Жанар тоо атылса, ошондо качам", -деди гүл саткан Серияны аттуу тургун.

People in Bali

Сүрөттүн булагы, BBC/HARYO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балинин тургундары коркунучка карабастан аймактан чыгып кетүүдөн баш тартууда

Вулкан биринчи жолу сентябрь айында атылган. Ал себептен тургундар коркунучтарга карабастан ишин уланта берүүнү көздөйт. Бирок өкмөт өкүлдөрү жанар тоого жакын жайгашкан тургундарды күч менен чыгарып кетүүгө даяр экенин белгилешүүдө.