Королева кыргызстандыктарды куттуктады

Сүрөттүн булагы, AFP
Published
Улуу Британиянын королевасы Елизавета II кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Ал кыргыз бийлигинин куттуктоосуна жооп кылып, ыраазычылык билдирген.
Кыргыз бийлигине жолдонгон куттуктоо катында президенттин милдетин аткаруучу Т.Мамытовдун Жаңы жылдык куттуктоосуна ыраазычылык билдирип, "сизге жана Кыргыз Республикасынын элине ден-соолук, бакыт каалайбыз" деп айтылат. 94 жаштагы Королева Елизавета II Улуу Британиянын тарыхындагы эң узак тактыда отурган монархы.
Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 12-июнда түзүлгөн. Лондондогу кыргыз элчилиги 1997-жылы ачылса, Бишкектеги британ элчилиги 2011-жылы ачылган.




























