Антарктикада биринчи жолу температура +20 градусту ашты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бразилиялык метеорологдор кабарлагандай, Антарктикаданын түндүк чегиндеги Симор аралында абанын температурасы Цельсия боюнча +20,75 градуска жетти. Мындай жогорку температура Антарктиканын тарыхында биринчи жолу катталууда.
Бирок бразилиялык окумуштуу Карлос Шефердин айтымында, мындай көрсөткүч 9-февралда гана катталды. Узак убакытка байкоо жүргүзүлгөн иликтөө болбогондон кийин, муну климаттын өзгөрүшүнүн көрсөткүч катары кароого болбойт.
"Бул болгону көрсөткүчтөрдүн бири гана. Бул райондо кандайдыр бир адаттан тышкары нерселер болуп жатканын көрсөткөн белги катары кабыл алабыз",-деди метеоролог.
Антарктидада дагы өткөн аптада рекорддук ысык аба ырайы катталды - Антарктикалык жарым аралда аба-ырайы +18,3°C чейин жогорулаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматы боюнча, соңку 50 жылда Антарктикадагы орточо температура Цельсия боюнча дээрлик 3 градус жогорулаган. Батыш чектериндеги мөңгүлөрдүн 87 пайыздайы контингенттин ичин көздөй чегинди.
Глобалдык жылуулануудан улам, соңку 12 жыл аралыгында мөңгүлөрдүн аянты тездик менен кыскарууда, дейт Дүйнөлүк метеорологиялык уюм.
Метеорологиянын тарыхында биринчи жолу январь Антарктикада эң жылуу ай болду.
Антарктикада кар жана муз болуп тоңуп жаткан иче турган суунун дүйнөдөгү 70 пайыз запасы бар. Эгерде тездик менен ээрий берсе, дүйнөлүк океандардын деңгээли 50-60 метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок мындайга жетүүгө дагы жүз жыл бар.
Бирок Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун эсебинде, ушул кылымдын соңа чейин эле деңиз деңгээли 30дан 110 см. чейин көтөрүлөт.
Буга чейин рекорддук жогорку температура бүтүндөй Антарктикалык аймакта 1982-жылы катталып, +19,8 градус болгон.
Өткөн жылдын июль айында Арктикада эң жогорку көрсөткүч - +21 градус катталды. Мындай ысык түндүк чегиндеги Элсмир аралында катталган. (AbA)
































