Үңкүр-Тоо: кармалгандар бошотулду, станцияда Өзбекстан милициясы кала берүүдө

Published

"Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн" деген жүйөө менен 22-сентябрдан бери кармалып турган Кыргызстандын төрт жараны боштолулду. Бул туралуу Кыргызстандын чек ара кызматы билдирди.

“Жарандарды боштууда өзбек тарап эч кандай шарт койгон жок. Кыргызстан башынан эле жарандар негизсиз кармалганын айтып келатат. Бул албетте сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен болду. Бошотулгандардын ден-соолугу жакшы. Үңкүр-Тоодо Өзбекстандын жыйырмадай милиция кызматкерлери дале кала берүүдө. Кыргыз тарап дагы кошумча аскер кызматкерлерин тарткан. Жалпысынан чек арада абал туруктуу. Мындан кийинки жагдайды турукташтыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланат”,-деди чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева.

Кыргызстандык жарандар 8-сентябрь күнү түндөсү Ала-Бука районунда милициянын колуна өткөрүлүп берилген. Баарынын абалы жакшы деп айтылды. Кармалгандардын биринин эжеси Сапаргүл Бердалиева учуруда инисин медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатышканын билдирди. “Өңүнөн азып кетиптир, бирок ден-соолугу жакшы элек экен”,-деди Бердалиева.

22-августта өзбек тарап Кыргызстандын Аксы аймагындагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан теле мунарага жети милиция кызматкерин тик учак менен таштап, ал жердеги кыргызстандык төрт кызматкерди өзүнүн аймагына алып кирип кеткен. Талаштуу аймакты өз аймагы деп жарыялап, кармалгандарды өзбек тарап Янги-Курган райондук милициясында экенин билдирген.

Соңку чек арадагы чыңалууларга себеп болгон жагдайды серепчилер ушул жылы Кыргызстан союз учурунда Өзбекстан пайдаланып келген он эки объектини өлкө менчигине өткөрүп алганына өзбек тараптын жообу катары мүнөздөп жатышат.

Кыргызстан менчигине алган обьектилердин бири Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы. Быйыл бул суу сактагычка Кыргызстандын да милиция посту коюлган. Өзбекстан ушул постторду алуунун талап кылып жатат деп билдиришкен эле кыргыз расмийлери. Суу сактагыч Кыргызстандын аймагында жайгашкан.

Азырынча Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу станциядан өзүнүн милиция күчтөрүн чыгарып кете элек. Башында жети милиция кызматкери түшүрүлгөнүн айтса, кийин бул сандар 15-20 аскерге жеткен. (AbA)