Муфтий шайлоодон чыккан чыр

Муфтий шайлоонун чыры
Published

Кыргызстанда муфтий шайлоо нааразылык менен коштолууда. Муфтийге талапкерлерди тандоо сынагын өткөрүп жаткан Аалымдар кеңешинин алдында нааразы адамдар боз үй тигип, каршылык акциясын баштап жиберишти. Алар сынактын таза өтпөй жатканына нааразылык билдирсе, Аалымдар кеңеши сынактын жобого ылайык өтүп жатканын жүйө тартууда.

Топурап чогулгандар муфтий шайлоонун айланасында түшүнүксүз саясий оюндар дагы эле уланып жатканын айтууда.

"Саясий оюн болуп, дин комиссиясынын төрагасы киришип, 29-майга жылдырылган курултай. Аттестациялык комиссия муфтийге, аалымдар кеңешине, борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасына талапкерлерди сынактан өткөрүп туруп, курултайга чыгыш керек болчу. Аалымдар кеңешине 76 киши тапшырса, 26 киши жараксыз деп чыгарып коюп атышат. Муфтийге сегизи тапшырган, экөө жараксыз болду. Сынактан өтпөй калган талапкерлердин аппеляциялык арызын карап туруп анан сынак жарыялаш керек эле. Алар өтпөй калгандарга себебин түшүндүрбөй туруп эле бүгүн муфтийге сынак өткөрүп жатышат. Муфтийликке өтпөй калган экөө-үчөөнүн талапташтары бар экен. Ошолор себебин айткыла деп нааразы болууда",-деди Муфтияттын текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов.

Ушул айдын аягына чейин муфтий, Аалымдар кеңешинин жаңы курамы, текшерүү комиссиясынын төрагасы шайланган жатат.

Муфтийликке сегиз талапкер арыз берген, алардын ичинен тандоо комиссиясы экөөнү талапка жооп бербейт деп талапкер катары каттаган эмес. Ошондуктан нааразылык чыгарып, кысым көрсөтүүгө жүйөөлүү негиз жок, деди Би-Би-Сиге Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев:

"Бир дагы талапкерден арыз түшкөн жок, сырттан келип атышат. Боз үй тигип, ызы-чуу кылып атышат. Биздин ишибизге эч ким кийлигишкен жери жок. Биз алты талапкерди күтүп атабыз. Аттестациялык комиссиянын жыйынтыгы боюнча Аалымдар кеңешинин дагы бир жыйыны болот. Балким алтоо тең өтөт. Балким, үчөө, экөө өтөт. Алтоо тең өтпөй калышы да мүмкүн. Ошол өткөндөрдүн ичинен курултайга бир талапкерди алып чыгабыз".

Бүгүнкү сынактан эң көп упай алган талапкерлер тийиштүү мамлекеттик органдарга макулдашууга жиберилет. Башкача айтканда, мамлекеттик орган каршы болгон талапкер муфтий болуп шайланбайт. Макулдашылган талапкерлердин ичинен Алымдар кеңеши добуш берип тандаган адам муфтий болуп шайланат. Аалымдар кеңеши шайлаган муфтийди 29-майда боло турган мусулмандар курултайы бекитмекчи.

Муфтий шайлоо боюнча курултай апрель айында болмок, бирок Аалымдар кеңешинин каттоо жана аттестациялоо комиссиясына туш-туштан кысым болуп, убакыт кыстап атканына байланыштуу ушул айга көчүрүлгөн.

Каржылык кыңыр иштер

Мурдакы муфтий Максат Токтомушев ажылык сапарга топтолгон акчадан 155 миллион сомдун шайлоого жумшалып кеткенинен чыккан жаңжалга байланыштуу кармалып, кызматынан кеткен. Андан мурдакы муфтий дагы бирөө менен төшөктө жаткан видеосу тарап кетип, ызы-чуу менен кеткенин коомчулук билет.

Мурдакы муфтий Максат ажы Токтомушев

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурдакы муфтий Максат ажы Токтомушев

Ошондуктан мусулмандар башкармалыгынын ишинде жең ичинде жүргөн мыйзамсыз көрүнүштөрдү четтетүү үчүн реформа жүргүзүү зарыл деп жатышат.

Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев муфтиятта мурдатан каржылык көз боёмочулук бар экенин билдирген. Ал орозодо чогулган битир садаканын кенедей гана бөлүгү элге таратылган мисал, ал жердеги абалдан кабар берерин айтат.

"2014-жылга чейин 3-4 млн сом битир садака элге таратылыптыр. Мен Борбордук эсеп комиссиясынын жетекчисинен "Кыргызстанда намаз окуса окубаса дагы ар бир мусулман битир садака берет, анан ушунча эле таратылабы" деп сурадым. Айылдагы, райондогу молдолор өзүнүн үлүшүн алып калат. Ошондо дагы жок дегенде 30-40 млн сом таратылыш керек болчу. Муфтий Абдыжапар ажы Араев бир аз жардам берсеңер көбөйтөбүз деди. Ошол эле жылы 22 млн сом таратылды, жети эсеге көбөйдү. 2015-жылы 31 млн сом таратышты. Муфтиятка эмнеге мынча кызыгышат деген суроого жооп. Муфтияттын жанына барып турсаңыз, бир молдо жөө келбейт. Баарынын машинасы, батирлери, чоң үйлөрү бар. Көп жыл ажы башчысы болуп жүрүп, өзүнүн бизнесин ачкандар бар", - деди Молдалиев.

2020-жылы 9,5 миллион сомдон ашык орозо битир чогулганы жарыяланган.

Молдалиев акча саясатчылардын муфтияттагы жалгыз кызыкчылыгы эмес экенин кошумчалады. Шайлоолордо диний лидерлерди добуш чогултууга колдонуу тажрыйбасы да бар. (КС)