Жаңы премьер-министр жана өкмөт бекитилди

Президент Садыр Жапаров ЖКда сөз сүйлөдү

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров ЖКда сөз сүйлөдү
Published

Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Улукбек Мариповду жана өкмөттүн жаңы курамын шайлады. Президент ушул эле күнү бекитти. Парламент өкмөттү шайлап жатканда алдында каршылык акциясы коштоду.

Премьер-министр Улукбек Марипов

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков

Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков

Өкмөт аппаратынын башчысы Жеңишбек Асанкулов

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев

Юстиция министри Асел Чынбаева

Унаа, архитектура жана байланыш министри Гүлмира Абдралиева

Айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков

Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев

Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев

Митингге чыккандар Мариповдун өкмөт башчылыкка келишине каршы. Жогорку Кеңеш тарасын деген ураандарды айтышты.

Жарандык коом арасында өкмөттөгү реформанын сапатынан шек саноо пикирлери көп айтылды.

Жарандык активист Рита Карасартова буга чейинки саясий окуялардагы лидерлердин бийликке келиши кажет эместигин, бийлик канчалык адистер менен кеңешип иш жасап жатканы маанилүү экенин белгиледи.

"Кызмат маанилүү эмес, пикири бар кишилерге аянтча түзүп бериш керек болчу, - деди Карасартова, - Мамлекеттик чыгымдарды азайтып, рационалдаштыруу милдети турат. Идеясы бар кишилер келгиле, ушул нерсени иштеп чыгабыз, сунуштарды бергиле десе көп эксперттер кошулмак. Азыркы бийлик мыйзамды сыйлабай турганы көрсөтүп жатат. Бирок мен, мисалы, өлкөнүн өнүгүшүн каалаган жаран катары, мыйзамга каршы иштеп жатышат дебей иштешмекмин, анткени бул менин жоопкерчилигимде. Тарых алдында биз унчукпай отурган жокпуз дейбиз, кийин бийлик бизди да ошондо эмнеге айтадың дей алмак".

Улукбек Марипов

Сүрөттүн булагы, Social media

Рита Карасартова өкмөттү реформалоонун максаты түшүндүрүлүп, негизделиш керек эле деди:

"Реформа бир топ ведомстволор азайып жатат дегенди билдирет. Бирок кыскартуунун алдында чоң бир концепция болуш керек. Кайсы топ иштеп жатат, кыскартуулардын максаты кандай, кандай негизделет, эмне үчүн тигиндей жы мындай кадам жасалды? Мисалы, Саламаттык сактоо министрлигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин кошуптур. Экөөнүн тармагы эки башка. Балким максатын түшүнбөй жаткандырбыз, анда натыйжасын күтүп туралы дегенден башка арга жок".

Жарандык активист Айбек Турдалиев бардык мамлекеттик кызматтар менен ведомстволор биригип министрликтерге кошулуусу жумушту кайра оорлотуп, бюрократияны жаратат деп эсептейт.

"Бир министрликке бир канча тармакты алып келип бириктирүү элди бир топ кыйынчылыкка такайт. Кыскартуу менен реформа экөө эки башка нерсе. Реформа турмушту жеңилдетиш керек. Биз айрым кызматтарда он жыл мурда жолго салынып калган жумушту кайра артка кайтарып жатабыз. Биз мындан жакында тескери натыйжаны көрөбүз", - деди Турдалиев.

Ал 5-6-октябрдагы лидерлердин, элдин ою азыркы бийлик тарабынан эске алынбаса нааразылыктар өсөт деп божомолдойт. Турдалиев кошумчалагандай, бийлик октябрда толкуган элдин мүдөөсүн унутпай, андан сабак алыш керек.

Мындай суроолор Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү.

"Өлкөнү 137 млрд сом карыз кылган энергетика министрине талапкерди ким сунуштады? Бул "Чыгыш электрде", "Түндүк электрде" иштеген, министрдин орун басары, министр болгон. Эч натыйжа берген эмес. Эксперимент кылып холдингди алып келип беш жыл иштеди. Холдингди бир жыл кармаганга канча акча кетет? Сиз билбесеңиз мен айтып коёюн, Энергетика министрлигинде 73 киши иштечү, бир жылда 23 миллион сом кетчү. Азыр холдингде 40 киши иштейт, 50 миллион сом кетет, - деди депутат Рыскелди Момбеков.

Тилек Токтогазиев үч ай чамасында министрликте иштеди

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тилек Токтогазиев үч ай чамасында министрликте иштеди

Жаңы өкмөттүн башына Эсептөө палатасын 2016-жылдан бери башкарып келген Улукбек Марипов келди. Ал талапкерлиги, өкмөттүн түзүлүшү президент Садыр Жапаров менен макулдашылганын айтты. Марипов кыска аралыкта реформаларды жасап, экономиканы көтөрүүгө, каражаттарды табууга ишендирди.

"Башкаруу системасын потимизациялоону кечиктиргенге убакыт жол бербейт. Ошондуктан сунушталган түзүм маселелерди ыкчам чечкенге жөндөмдүү өтө маанилүү кадам. Төрт вице-премьердин ордуна бирөө калып жатат. Ал эми экинчи вице-премьердин кызмат орду экономика жана каржы министри менен айкалыштырылды", - деди Марипов ЖКда.

Президент Садыр Жапаров дагы Фейсбуктан билдирүү жаcады.

"Мен революция жасагам, ошондуктан ушул кызматта өмүр бою отурушум керек, жоюлбасын деген түшүнүктөн алыс бололу. Бул бир. Экинчиси, кадр саясаты боюнча бул акаевчи, бул бакиевчи же атамбаевчи, жээнбековчу деген эски түшүнүктөрдү токтотолу", - деген Жапаров өзүн камаганга тиешеси бар адамдарды да күнөөлөбөгөнгө чакырды.

Октябрдагы элдик толкундоолордон, бийликтин кулашынан кийин кызматка келгендердин эч бири азыркы өкмөткө кошулган жок.

"Көңүлүм тынч кетип баратам. Кантсе да реформанын үрөөнү себилди", - деди үч айча иштеген айыл чарба министри Тилек Токтогазиев маалымат жыйынында. Ал министрликтин ичинде да, өнөктөштөр менен да реформаларды баштап коюшканын айтты.

Элвира Сурабалдиева

Сүрөттүн булагы, Social media

Ал эми вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жумушун жыйынтыктап жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Кызматка келип жатканда эле убактылуу болоору макулдашылганын белгиледи. Сурабалдиева коронавируска каршы күрөшүү боюнча жумуштарды Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берип жатканын кошумчалады.

Өкмөттүн жаңы түзүлүшүндө Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы жок, аны ИИМге кошуу сунушу айтылган. Кызматтын башчысы Сыймык Жапыкеев "Эмнегедир башкача кетип баратат, кандай кылабыз, достор" деп Фейсбуктагы досторуна кайрылды. Айтымында, ЭККК утулуп жатат, бул кызматты кыскартуу туура болобу деп жазды.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов дагы жаңы өкмөткө кирген жок.

Өкмөттөгү 16 жетекчинин сегизи жаңы коюлду, бирок мурда иштеп кеткен же өкмөттүк аппаратта иштеп келаткан кишилер. Аткаруу бийлигиндеги жалпы кырктан ашык кызмат, ведомство, министрликтер 12 министрликке бириктирилди жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бар. Эң көп ИИМ кеңейтилди. Көптөгөн сындардан кийин ИИМге Экономикалык кылмыштарга каршы кызматты жана башка ведомстволорду кошуу кайра каралмай болду.