Кыргызстан: премьер-министрликке Марипов сунушталды

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке 42 жаштагы Улукбек Мариповдун талапкерлигин сунуштады.
Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, "бул сунуш күтүүсүз" болгонун айтты. "Өкмөттүн курамы кыскарат, реформалар жүрөт",-деди талапкер.
"Бүгүнкү күндө өзүңүздөр билесиздер, өкмөттүн курамы абдан чачыранды деп айтсак болот. Бир топ вице-премьерлер бар. Туура, иш жүрүп жатат. Ошондон сырткары бир топ агенттиктер, фонддор бар. Бүгүнкү күндө 22 өкмөт мүчөсү бар. Эгерде бүгүн ишеним көрсөтүп колдоп берсеңиздер, кечинде төрага Талант Мамытовдун атына расмий түрдө өкмөттүн түзүмүн, программасын киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Анда ачык эле айтайын 22 өкмөт мүчөсүнөн 16га чейин кыскарат. Андан тышкары өкмөткө караштуу мамлекеттик агенттиктер, фонддор, мекемелер боюнча кардиналдуу реформалар жүрөт",-деди У.Марипов.
Өзү гана эмес, Мариповдун талапкерлиги коомчулук үчүн да күтүүсүз болгондой. Убактылуу иштеп жаткан Артём Новиков бул кызматта калат деген божомолдор күч эле.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
"Мариповдун келишин мен саясий манёврдун ыкмасы деп эсептейм. Күздөгү окуялардан кийин тараптарды тынчытуу үчүн Токтогазиевди, Сурабалдиеваны кызматка дайындоо сыяктуу. Инаугурацияда кайрадан көп эски саясатчыларды, жетекчилерди, кадрларды көрдүк. Ошентип нейтралдаштыруу аракети байкалууда. Марипов 100 күнгө келип жатат. Ал кармалып калабы белгисиз. Баары кайра куралганда Новиков толук легитимдешип келиши дагы ыктымал", - деген ойдо саясат таануучу Марс Сариев.
Депутаттар талапкердин планы, ою менен таанышты. Марипов аларга жооп берип жатып, экономикага, саламаттык сактоого көңүл бураарын айтты. Ал ишендиргендей, жаңы ооруканаларды салууга каражат бар. Эсептөө палатасындагы беш жылдык жетекчилиги, аткарган жумуштары боюнча сүйлөгөн депутат дээрлик болгон жок. Депутат Зарылбек Рысалиев атасы тууралуу суроо узатты:
"Орустарда "папин сын", "мамин сын" деген сөз бар. Сиз "папин сын" эмессизби? Атаңыздын күчү менен келе жаткан жоксузбу?".
Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин тушунда Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон. Ноокат райондук ооруканасын көп жылдан бери жетектеп келатат.
Зарылбек Рысалиев Улукбек Марипов жумушун дароо эле Каржы министрлигинен баштаганын белгиледи. 42 жаштагы Мариповдун өмүр баянын карасак, Оштон Финансы тармагында билим алып, университетти 2001-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Каржы министрлигине биринчи категориядагы жетектөөчү адис болуп ишке кирген. Туура бир жылдан кийин министрликтин алдындагы комитетке төрага жардамчысы болуп кызматка кеткен. Андан кийин улам карьералык баскычта көтөрүлүп келген. Үч жылдан ашык Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп иштеди. Андан кийин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп бир жыл иштеп, 2016-жылы Эсептөө палатасына жетекчи болуп кетти.
Улукбек Мариповдун атасы 73 жаштагы Асамидин Марипов балдарын кызматка алып келген деген сөздөргө жооп берди.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
"Атасы окутту, тарбиялады, билим берди, дүйнө таанымын кеңейтти. Алымдын жетишинче ушул иштердин баарын жасадым. Балдарымды эмгекке үйрөттүм. Баары мектепти алтын медаль менен бүттү. Эки уул, үч кызым бар. Кыргызстан эмес, эл аралык деңгээлде тарбиялаганга аракет кылдым. Улукбек орусча, англисче, арабча жана кыргызча тил билет", - деди Би-Би-Сиге Асамидин Марипов.
Улукбек Марипов 1979-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Атасы кенже уулу Ноокатта аким экенин, бир кызы Бишкектеги №4 деген ат менен белгилүү чоң төрөт үйүндө башкы дарыгер экенин тастыктады.
Кыргызстанда эл арасында айтылган сындардын басымдуусу кадрдык дайындоолорго байланыштуу болуп келет. Бул жолу дагы өкмөт башына ким келери жана өкмөттүн курамындагы өзгөрүүлөр боюнча коомдук талкуулар курч жүрүүдө. Эксперттер жаңы Баш мыйзамдын долбооруна ылайык, аткаруу бийлиги президенттин колуна берилип, Жогорку Кеңеш көзөмөлдөө функциясын жоготот деп белгилеп жатат. "Аткаруу бийлигин президенттин колуна берүү - мамлекеттик башкаруу системасынын жана анын коомчулук менен карым-катнашын түп-тамырынан өзгөртөт" деген сындар дагы айтылып жатат.
Октябрь окуяларынан кийин премьер-министрдин милдетин Садыр Жапаров аткарып, президенттик шайлоонун алдында кызматын убактылуу токтоткон эле. Өкмөт башчынын милдети биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго жүктөлгөн.
































