Коронавирус: 100 миллион киши ооруду, 110 миң бейтап оор абалда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөдө Covid-19 жуктуруп алгандар саны 100 миллиондон ашты. Ооруга чалдыккандар көрсөткүчү боюнча АКШ биринчи орунда (26 млн. чамалуу киши жуктуруп, 431 миң бейтап каза тапкан), андан кийин Индия, Бразилия, Орусия жана Британия.
Ушул мезгилге чейин вирус жуктуруп алгандардын болжолу 2 миллион 152 миңи каза тапты. Ал эми 72,5 миллион киши айыгып чыккан. Азыр 110 миң киши оор абалда жатат. Европа менен Түндүк Америкада дээрлик 30 миллион киши ооруса, Азияда - 22,6 миллион, Түштүк Америкада - 15,3 миллион.
Расмий маалымат боюнча эң көп жабыр тарткан континент - Африка бойдон калууда. Анткени статистика толук жүргүзүлгөн эмес.
Британия: трагедиялуу кырдаал

Сүрөттүн булагы, Reuters
Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча пандемия башталгандан 15-январга чейинки аралыкта коронавирустан жана вирус козгогон оорудан улам 104 миң киши каза тапкан. Өлүм-житим көп катталган учур декабрда башталды. Акыркы аптада 7776 киши көз жумду. Бул өткөн жылдын апрелинен берки эң жогорку сан.
Каза тапкандардын дээрлик көпчүлүгү 75 жаштан өйдөңкү курактагылар. 45 жаштан төмөнкү курактагылар арасындагы жоготуу 1 пайызды түзөт.
АКШ: чектөөлөр кайтып келүүдө

Сүрөттүн булагы, EPA
Президент Жо Байден мурунку президенттин "шенген зонасындагы" өлкөлөргө чыгууга болот деген чечимин жокко чыгарып, жарандардын Европа Биримдигиндеги өлкөлөргө, Британия, Ирландия жана Бразилияга чыгышына чектөө киргизди. Ошондой эле бул тизмеге жакында эле коронавирустун жаңы штаммы табылган Түштүк Африканы киргизди.
Дүйшөмбүдө Миннесота штатында мурда Бразилияда табылган P/1 штаммынын алгачкы учуру катталды. АКШдагы чектөөлөр өткөн жылдын февралынан баштап киргизиле баштаган эле. Дональд Трамп өзүнүн акыркы чечимдери менен муну жокко чыгарып кеткен. Ал 26-январда күчүнө кириши керек болчу.
ЕБ вакцина экспортун чектеши мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Reuters
Саламаттыкты сактоо боюнча еврокомиссар Стелла Кириакидис Европа Биримдигини аймагында вакцина иштеп чыгарган компаниялар өзүнүн милдеттемесин аткарып, үчүнчү өлкөлөргө экспорттогондон мурун ички керектөөнү камсыздашы керек деп айтты.
"Биз жарандарыбызды коргош үчун бардык чараларды колдонобуз",-деди ал.
"Кептин баары "Европа баарынан мурун" деген принципте эмес, Европа өзүнө тиешелүү акыйкат үлүшүн алышы",-дейт Германиянын саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан.
Өткөн аптада Европаны вакцина менен камсыздап жаткан AstraZeneca менен Pfizer-BioNTech өндүрүштөгү кыйынчылыктан улам белгиленген мөөнөттөн кечигип жатканын эскерткен эле.
Кыргызстан: 3 киши кайтыш болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан үч бейтап кайтыш болду. Ошол эле маалда 107 кишиге вирус жуккан. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери вирустан 1405 бейтап каза болду. Жалпысы болуп 84 175 киши вируска кабылган. Алардын ичинен 607 бейтап ооруканада, 210 кишинин абалы оор деп айтылды.
Covid-19 кекечтенүүгө алып келеби?
SARS-CoV-2 вирусунун организмге олуттуу кесепети тууралуу көптөгөн изилдөөлөр чыгууда. Ал бир гана өпкөнү жабыркатпастан, башка дагы ооруларга алып келген мисалдар бар.
Жакында эле АКШ, Британия жана Италияда изилдөө жарыяланып, анда ооруканага түшкөн бейтаптардын үчтөн биринде неврологиялык бузулуу пайда болгону аныкталды.
Scientific American журналындагы макалада 40 жаштагы Патрик Торнтондун окуясы жазылган. Ал август айында вирустун жеңил түрү менен ооруп, бирок сентябрда кекечтенип сүйлөп калган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Торнтон азыр дагы жүрөгү, башы ооруп, алы куруп жатканын айткан. Мугалим болгондуктан кекечтенип калганы аны өзгөчө азапка салууда.
Covid-19 менен ооругандар арасында кекечтенип калгандар саны көбөйүп жатканын эске алганда, вирус мээни дагы жабыркатат деп айтууга болот деди невролог Су Юньчан. (AbA)


































