"Тамак-аштын баасын көтөрө албайбыз": эттин кымбатташы кимге зыян, кимге пайда?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстанда соңку бир нече айдан бери эттин баасы кескин жогорулады. Малдын көзүн карап жашаган тоолуу аймакта жашагандар үчүн бул жакшы болгону менен көп жерде нааразылыктарды жаратты. Эттин, малдын баасы боюнча талкуу базар менен эле чектелбей парламенттин трибунасына чейин жетти.
Эттин кымбатташы коомдук тамактануучу жайларга да катуу таасирин тийгизген. Бирок тамак-ашка болгон баалар көтөрүлгөн эмес. Биз ашпозчу Оксана Мамасалиеваны маекке тарттык.
О.Мамасалиева: Эттин кымбаттаганы аябай эле сезилди. Дароо эле капчыгыбызга күч келди. Азыр бир киллограмм эт алган акчага мурун 1.4 кг эт алчу элек. Эт кымбаттады деп, тамактын баасын көтөрө албайбыз. Анда эле кардардан кол жууп калаарың турган иш. Себеби, кымбат тамакка баарынын эле чамасы жетпейт. Ары карап күлүп, бери карап ыйлап иштеп жатабыз. Кымбат болсо деле кээде сатып алганга эт таппай калган учурларыбыз болууда. Беш киши тамактанса, анын ичинен экөө тамагыңардын даамы эмне болуп калган деп сөзсүз сурап жатат. Болгонун болгондой айтып, жакшы эт жок деп жатабыз. Кээ бири болсо мындан ары бул жерден тамактанбайм деп, бетке эле айтып кетишти. Бирок башка жерге барса деле ошол да. Алар деле биз сыяктуу колуна тийген этти алып жатышса керек. Биз менен он жылдан бери иштешип келе жактан касапчы бар. Бишкектеги белгилүү касапчылардын бири. Эт кымбат деп даттансак "ушуга ыраазы болуп кудай деп эле ала бергиле, мындан да кымбатташы мүмкүн" деди. Эт кымбат болсо, тамактын баасын жогорулатып сата албасак анда айла жок акырындап жабылганга туура келет. Менин бир эле ашканамда онго жакын киши иштейт. Алар кайда барат, бүлөлөрү эмне болот? Чыдап иштей берели десек кымбатчылыктан улам чыгымын да актабай калса кантебиз?
Би-Би-Си: Эт базардагы абалды сүрөттөп берсеңиз
О.Мамасалиева: Мурун эт кенен четинен тандап алчу элек. Азыр андай жок. Кээде карарып кеткен этти да алганга аргасыз болуп калып жатабыз. Жакшы эт тамакка кандай даам берээри баарына эле маалым да. Ошого карабай колго тийгени менен колубуздан келишинче адал, даамдуу тамак даярдаганга аракет кылып жатабыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сентябрь айынан тарта эттин баасы өскөндүн үстүндө. Апта сайын калтырбай мал базарга барган Улукбекке байланышканыбызда ал дагы мал базарда майда жандыктан баштап бодо малга чейин баасы кымбаттаганын айтууда. Бирок ал, кээ бир жерде эттин баасы 600 сомго чейин чыгып кетти дегенди угуп таң калганын да жашырган жок. Улукбек малдын баасы кымбаттаганы менен базарда сатылып жаткан эттин баасында кыйла эле айырма бар деп жатат. Ал мунун себебин кызылкулактыктан көрүп жатат. Эт кымбаттады деген талкуудан улам Айыл-чарба министрлиги малды тирүүлөй сатууга тыюу сала турган болду. Алар чет өлкөгө сатылган малдын эсебин тактап ушундай чечимге келишкенин айтууда. Алардын жүйөсү боюнча чет жакка тирүү сатылган малдын көбу ургаачы мал болгон. Ошондон улам малдын тукуму азайып кетүүсүнүн алдын алдык деп жатат.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Кыргызстанда малдын саны көбөйдү, таза эт деген менен Кытайдан тонналап тоок, өрдөктүн этин сатып алып келген. Мындан бир нече жыл мурун чет жактан буйволдун эти аткезчилик менен алынып келингени айтылып жүрөт.
Фермерлер болсо 3-4 баш жөнөкөй мал бакканча анын ордуна бир баш асыл тукум мал багып, киреше табууну сунуштаганы менен андай демилгелер жапырт жайылып кете элек. Малдын сапаты эмес саны көбөйгөн сайын топурак бузулуп, чөп-чар дагы желгенден мурун тебеленип такырга айланганы азырынча адистерди гана ойлондургандай.


































