Президенттик шайлоо: "рекордсмендер", пенсионерлер, жумушсуздар...

Борбордук шайлоо комиссиясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Турсунбай Бакир уулу президенттикке талапкерлигин коюу боюнча рекордсмен десек болот. Быйыл жетинчи ирет президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арызын берди.

"1995-жылы "ЭрК" саясий партиясынын төрагасы болгондон бери президенттик шайлоого такай катышып келем. А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаевдин тушунда талапкерлигимди койгом. Бирок айрымдарында мыйзамсыз четтетип коюп жатышты. 2017-жылы өткөн шайлоодо биринчи жолу өз ыктыярым менен шайлоодон чыгып кеткем. Кол тамга чогултуп, мамлекеттик тилден экзамен да берип, каттоодон өткөм. Эми быйыл С.Жапаровго ишенип, таза шайлоо болот деп деп дагы бир жолу катышканы жатам",-деди Турсунбай Бакир уулу.

БШК президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 63 талапкердин документтерин текшере баштады. Текшерүүнү Мамлекетттик каттоо кызматы жана ИИМ менен биргеликте жүрүүдө. Бул жолу президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүп жатканына байланыштуу документтер сегиз күн ичинде текшерилет.

Талапкерлер арасында мурда кийин депутат, министр болуп иштеген, ишкер, мугалим, куудул, жумушсуз, ал тургай өзүн "пайгамбар" атагандар да бар.

"Ушундай көрүнүштү токтотуу керек болуп калды. Айрым талапкерлерге бул өнөкөт болуп, тамашага айланып жатат. Арасында куудул, пенсионер аял да жүрөт. Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизип, бөгөт койбосо болбойт. Болбосо, жеке максаттарды көздөгөндөр президенттик кызматтын кадыр-баркын кетирип жатат. Талапкерлигин коюу менен көзгө көрүнүп, элита номенклатурасына илешип калуу максаты болуп жатат. Талапкер 1 миллион сом күрөө акысын төлөп, дароо кол тамгасы менен келгидей болушу керек", -деди серепчи Бурул Усманалиева.

Турсунбай Бакир уулу президенттикке талапкерлигин коюу боюнча рекордсмен десек болот. Быйыл жетинчи ирет президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арызын берди

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Турсунбай Бакир уулу президенттикке талапкерлигин коюу боюнча рекордсмен десек болот. Быйыл жетинчи ирет президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арызын берди

Ошол эле маалда айрым эксперттер муну шайлоо системасынын артыкчылыгы катары сыпаттап, талапкерлерди каттоонун жөнөкөй экенинен кабар берет дейт.

БШК 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышам деген 59 талапкердин он үчү гана катталган. Бул жолу да шайлоо жарышына он чакты талапкер калышы күтүлүүдө.

Кыргызстанда президенттик шайлоо өнөктүгү бекер саясий пиардын, "№1 талапкер" менен соодалашуунун да ыкмасы болуп жатканы айтылууда.

"Азыр шайлоого аттангандар ичинен ондой гана адамдын олуттуу ниети бардыр. Алардын ичинен бешөө саясий соодага барары турган иш. Бирок аларда же электорат же акча болушу керек. Шайлоодо негизги күрөш ашып кетсе эки, үч талапкер ортосунда гана жүрөт. Аларга үзөңгүлөш келгендери саясий соодага барып, пайда-кызыкчылыгына жараша добуштарын сатышат",- деди саясат талдоочу Мусуркул Кабылбеков.

Баш мыйзам боюнча президентикке талапкер катары 15 жыл Кыргызстанда туруктуу жашаган 35 жаштан 70 жашка чейинки жарандар көрсөтө алат. Ошондой эле мурда соттолгон болсо, анысы жоюлушу керек.

Баш мыйзам боюнча президентикке талапкер катары 15 жыл Кыргызстанда туруктуу жашаган 35 жаштан 70 жашка чейинки жарандар көрсөтө алат

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баш мыйзам боюнча президентикке талапкер катары 15 жыл Кыргызстанда туруктуу жашаган 35 жаштан 70 жашка чейинки жарандар көрсөтө алат

Талапкерлер арасында учурда сот иши менен жүрүп, анысы аягына чыга электери да бар. Кой-Таш окуялары боюнча сот иши бүтө элек УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жана ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиришти. Талапкер макамына ээ адам шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангыча камакка алынбайт жана кылмыш жоопкерчилигине да тартылбайт.

Өткөн айда Кыргызстанда экономикалык амнистия жарыяланып, мурда кийин мамлекеттик кызматта иштеп, эсепсиз байыгандарга багытталды. Бирок мунапыс чыныгы кирешесин каткан ишкерлерлерге тийиштүү болот делген. Ушундан уламбы, айтор бул жолку шайлоого катышуу ниетин билдирген ишкерлер да көп болууда.