Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарууну токтотот

Сүрөттүн булагы, president.kg
Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкер болуп катыша турганына байланыштуу президенттин милдетин аткарууну токтоторун өзүнүн басма сөз жыйынында жарыялады. Президенттин милдетин аткаруу автоматтык түрдө Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт.
Ошондой эле премьер-министр кызматына аткарууну да токтотот. Премьер-министрдин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер Артем Новиковго жүктөлөт.
Кыргызстандын Конституциясы боюнча президенттин милдетин аткаруучу президентикке талапкер болуп шайлоого катыша албайт, Садыр Жапаров ошондуктан бул милдетти аткарууну токтотуп жатат. Ошондой эле баш мыйзамдын талабы боюнча өкмөт башчынын кызматын да аткара албайт.
"Талапкерлиги жылдырылгандан кийин БШКга алып келип тапшырылса, ошол күндөн баштап жылдырылган талапкер болуп саналат. Мен бирөөнүн фамилиясын айтпайын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер эгер ал президент, ЖК депутаты же жергиликтүү кеңештин депутаты болбосо, анда өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууну токтото турат",-деген БШК төрагасынын орун басары А. Бегматов.
Президенттик шайлоо 10-январда болот. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 14-ноябрда аяктайт. Президенттикке талапкер болуп арыз бергендердин саны соңку маалымат боюнча 21 болду.
"Элге айтылбаган сөз"
Садыр Жапаров бейшембиде Орусиянын президенти Путин жана премьер-министри Мишустин менен телефондо сүйлөшкөнүн анын басма сөз кызматы кабарлады.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулашты. Садыр Жапаров Владимир Путинге Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосуна, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштөгү колдоосуна өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Президенттин милдетин аткаруучу маектешин Россия Федерациясынын ШКУга ийгиликтүү төрагалык кылышы менен куттуктап, Уюмдун өнүгүшүнө жаңы дем бергенин айтты. Сүйлөшүүнүн аягында Садыр Жапаров Кыргызстандын Россия менен болгон мамилелерди мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын өңүтүндө өнүктүрүү ниети бар экенине ишендирди",-деп айтылат билдирүүдө.
Кремлдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө: "орус тараптан Кыргызстандагы кырдаалдын турукташып, ички саясий проблемалардын бачым чечилишине үмүт айтылды. Орусия менен Кыргызстандын союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө боюнча пландуу иштерди улантуу ниетин баса белгиледи".
"Бүгүн Орусиянын премьер-министр Михаил Мишустин менен телефондон сүйлөшөбүз. Элге айтылган, айтылбаган сөз бар. Муну кийин угасыңар",-деген эле басма сөз жыйынында С.Жапаров.
"Эч кандай диктатура болбойт"
Садыр Жапаров бейшембиде болгон басма сөз жыйында Конституциянын жаңы долбоору он чакты күн ичинде даяр болорун билдирди.
Баш мыйзамдагы эң негизги өзгөрүүлөр биринчи кезекте мамлекеттик башкаруу моделине тийиштүү болмокчу. "Жаңы Баш мыйзамда эч кандай диктатура жана куугунтук болбойт. Буга эл жол бербейт, ким президент болбосун муну түшүнүшү керек",-деди С.Жапаров.

Сүрөттүн булагы, President.kg
"Кыргызстандыктар 30 жылда үчүнчү жолу революция жасаган эл. Адилеттүү жашоону каалаган эл. Дал ошол диктатураны орнотпойлу, мыйзамсыздыкты, адилетсиздикти жок кылалы деп. Мен боломбу, менден кийин Эшмат келеби же Ташмат келеби, кыргыз эли диктатурага жол бербесин өзүңүздөр көрдүңүздөр. Так жана даана айтып коеюн. Эч кандай диктатура жана кимдир-бирөөнү куугунтуктоо деген болбойт»,- деди Садыр Жапаров.
Ошол эле учурда конституциялык реформанын максаты президенттик башкаруунун кайтарып келүү болуп жатат деген ишенбөөчүлүк маанай бар экенин айта кетели. Ошон үчүн президенттикке талапкерлигин коюп жаткандардын бири Садык Шер-Нияз парламенттик башкарууну сактап калуу максатында шайлоого баратканын билдирүүдө.
"Мен президенттикке талапкерлигимди коердо терең ойлонуп туруп чечим кабыл алдым. Акырына чейин турам. Бир гана учурда Садыр Жапаровго кошулам. Эгер, ал "парламентаризм үчүн күрөшөм, шайлоо босогосун 1%га түшүрөм, сотторду көз карандысыз кылганга башымды сайып иштейм" десе, анда мен Садыр Жапаровду колдоп, идея үчүн жанына барып туу көтөрүп туруп берем. Эгер, ал "жок, принципиалдуу багытымдан кайтпайм" десе, анда мени жолумдан эч нерсе, эч кандай авторитет да кайрый албайт",-деди Садык Шер-Нияз "Фейсбуктан".

Сүрөттүн булагы, facebook
Саясий чечимдер
Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовду камактан бошотуу чечимин өзү кабыл алганын Садыр Жапаров өзү дагы бир жолу тастыктады.
"Бошотууну мен сурандым. Ал өзү дагы мыйзамсыз тапканымдын баарын мамлекетке төгүп берейин деди. Мына Алмазбек Атамбаев камакта жатат. Бир мүлкү мамлекетке өттүбү?",-деп суроо салды С.Жапаров. Коррупция менен күрөштө убакыт берүүнү суранып, иш эми гана башталды дейт.
Бүгүн Кыргызстандагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен болгон жолугушуудагы дагы "Кыргызстандын бийлиги бүгүн легитимдүү, мамлекеттик органдар иштеп жатат" деп баса белгилеп, Кыргызстандагы окуяларды жөнүндө объективдүү маалымат жеткирүү, инвестицияларды тартуу иштеринде жардам сурады.
Октябрдагы массалык тополоңдон кийин бийликке келген күчтөр баары мыйзам чегинде болот деп билдирип жатканына карабастан, алардын айрым чечимдеринин легитимдүүлүгү боюнча коомдо талаш-тартыш токтобой турган учур. (КС)


































