ЖК төрагасы алмашты: президенттин милдетин Талант Мамытов аткарабы?

Талант Мамытов

Сүрөттүн булагы, social media

Published

Жогорку Кеңештин төрагасы алмашты. Канатбек Исаев кызматтан кетип, ордуна 100 добуш менен депутаттар Талант Мамытовду шайлашты. Талант Мамытовду "Республика-Ата-Журт" фракциясы сунуштады.

Талант Мамытов жыйынтыгы жокко чыгарылып, элдик толкундоолорго жол ачкан акыркы парламенттик шайлоого "Кыргызстан" партиясында тизмеде экинчи болуп барган эле. Канат Исаев дагы бул партиянын лидери жана тизмеде биринчи болчу. Аталган саясий партияны БШК шайлоодон четтетүү аракетине байланыштуу иш-чараларда, жыйындарда "Кыргызстандын" атынан Талант Мамытов жүрдү.

Юрист, жарандык активист Сания Токтогазиева спикерди шайлоо жүрүп жатканда "ушу тапта бийликти максаттуу түрдө узурпациялоо жүрүп жатканын" жазды.

"Садыр Жапаров эми Баш мыйзамдын эрежелерин бузуп мөөнөтсүз шайлоодо президенттин кызматына талапкерлигин койгону жатат. Бардык негизги кызматтарды анын жакын докстору жана үзөңгүлөштөрү жетектеп жатат. Ташиев УКМКнын төрагасы. Зулушев башкы прокурор. Талант Мамытов ЖКнын төрагасы болгону турат", - деди Токтогазиева.

Талант Мамытов жыйынтыгы жокко чыгарылып, элдик толкундоолорго жол ачкан акыркы парламенттик шайлоого "Кыргызстан" партиясында тизмеде экинчи болуп барган эле. Канат Исаев дагы бул партиянын лидери жана тизмеде биринчи болчу

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талант Мамытов жыйынтыгы жокко чыгарылып, элдик толкундоолорго жол ачкан акыркы парламенттик шайлоого "Кыргызстан" партиясында тизмеде экинчи болуп барган эле. Канат Исаев дагы бул партиянын лидери жана тизмеде биринчи болчу

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Канатбек Исаев алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирип, төрагалык кызматты өткөрүп бере турганын жарыялаган.

5-октябрдан кийинки өлкөдөгү саясий кризистен чыгуу үчүн гана төрагалык кызматта иштеп бергенин айткан К.Исаев: "Мамлекетте туруктуулукту орнотуу, мыйзамдуулукка кайтып келүү, Садыр Жапаровду легитимдештирүү үчүн өкмөттүн курамын бекитип бердик. Президенттин ыйгарым укуктары мага жүктөлгөн. 6-чакырылыштын мөөнөтү аяктап калгандыктан, мен өз ыктыярым менен президенттин милдетин аткарууну Садыр Жапаровго өткөрүп бергем. Партиялаштарым президенттик шайлоого менин талапкерлигимди көрсөттү. Мен да Жогорку Кеңештин төрагасы катары президенттин милдетин аткара албайм", -деди төрага Канатбек Исаев.

Исаевдин төрагалыктан кетери тууралуу маалыматтар өткөн аптадан тарта эле айтыла баштаган. Президенттик шайлоого катышарын азыркы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирген. Бирок президенттин милдетин аткаруучу баш мыйзам боюнча президенттикке талапкерлигин кое албайт. Ошол себептүү ал отставкага кетип, бул милдетти же ЖК төрагасына же биринчи вице-премьер-министрге өткөрүп бериши мүмкүн.

2013-жылы Кумтөрду улутташтыруу чакырыгы менен чыгып, Ысык-Көлдө нааразылык акциялары өткөн. Бишкектеги митингден кийин ошол кездеги ЖК депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовго айып тагылган. Алар Ак үйдүн дарбазасынан ашып түшкөнү үчүн айыпталышкан. 2013-жылы сот аларды актаган

Сүрөттүн булагы, kubat kasymbekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2013-жылы Кумтөрду улутташтыруу чакырыгы менен чыгып, Ысык-Көлдө нааразылык акциялары өткөн. Бишкектеги митингден кийин ошол кездеги ЖК депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовго айып тагылган. Алар Ак үйдүн дарбазасынан ашып түшкөнү үчүн айыпталышкан. 2013-жылы сот аларды актаган

Төрагалыкка шайланган Мамытов Республика-Ата Журт" фракциясы мүчөсү жана Садыр Жапаровко жакын саналган саясатчылардын бири.

4-октябрда өткөн шайлоонун аягы чырга айланып, тополоң чыгып, президент, өкмөт кызматынан кетип, шайлоо жараксыз болуп калгандан кийин өлкөдө саясий кризис келип чыкты. Өлкө саясий кризистен эми конституциялык кризиске бараткандай. Анткени, азыркы иштеп жаткан Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү чоң суроо жаратты. Анын мөөнөтү 28-октябрда аяктаган, жаңы парламент курамы шайлана элек. Мындай шартта шайлоо күнүн белгилөө, конституциялык реформа жүргүзүүгө анын укугу жок деп жатышат.

Ал эми 10-январга дайындалган президенттик шайлоого талапкерлер көрсөтүлүп жатат.