ЕККУ Кыргызстандагы кризисти тынчтык жол менен чечүүгө чакырды

Сүрөттүн булагы, OSCE
ЕККУнун төрагалыгы бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга жана Кыргызстандагы учурдагы кризис кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган билдирүү таратты.Билдирүүдө Кыргызстандагы кырдаалдын начарлашына байланыштуу тынчсыздануу жана бардык тараптарды биримдикке чакыруу айтылат:
"Биз Кыргызстандын бардык саясий лидерлерин жана жарандарын зомбулуктан алыс болууга жана өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо кызыкчылыгында иш алып барууга чакырабыз."
Азыркы учурда Албания төрагалык кылып жаткан ЕККУ Кыргызстандагы кризисти чечүүнүн конституцияда жана учурдагы улуттук мыйзамдарда каралган тынчтык жолдорун издөөгө чакырды.
Кыргызстанда шайлоо чырынан кийин саясий топтордун тиреши күчөп, Бишкектин борборунда карама-каршы митингдер уланууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаал турукташкандан кийин кызматтан кетүүгө даяр экендигин билдирди.
Бишкек шаарында бүгүн кечки саат 20.00дөн тартып өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө жарлык чыкты.






























