You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда коронавирусту дарылоонун жаңы протоколу иштелүүдө
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулаган онлайн-кеңешме өткөрдү.
Анда эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын тарашын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды, деп жазды президенттин басма сөз кызматы.
"Премьер-министр Кубатбек Боронов адистер тарабынан эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен дарылоонун жаңы протоколу иштелип чыгып жатканын билдирди. Ошондой эле жергиликтүү медиктерге жандандыруу иш-чараларын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын окутуп жаткан орусиялык адистер илдеттин күчөп кетишине каршы күрөшүүдө чоң жардам берип жатышат. Өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография жабдуусун орнотуу иштери жүрүп жатат, азыркы учурда мындай жабдуулар Бишкек менен Ош шаарында гана бар",-деп айтылат президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматта.
Президент Сооронбай Жээнбеков илдеттин туу чокусуна качан чыгарын аныктоо, кырдаалдын өнүгүшүн божомолдоо, тиешелүү чараларды көрүү боюнча терең талдоо жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы медиктерди коргоочу каражаттар, жабдуулар жана тамак-аш менен камсыз кылуудагы кемчиликтерди токтоосуз түрдө жоюну тапшырган.
Мындан сырткары, ал коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында жаңы окуу жылына даярдык көрүү процессине өзгөчө көңүлүн буруп, өкмөткө авариялык абалдагы мектептердин оңдолуп-түзөлүүсүн ар дайым көзөмөлдөп турууну сунуш кылды.
Кыргызстанда коронавирус оорусунан өлүм-житим көп болуп, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул үчүн протоколдон тышкары иш алып барган дарыгерлерди жана өз алдынча дарыланган жарандарды күнөөлөгөн.
Бирок ошол эле убакта айрым эксперттер күнөөнү министрлик бекитип жаткан протоколдун өзүнө оодарууда. "Партнерская сеть" ассоциациясы бул маселе боюнча вице-премьер Аида Исмаилова жана протоколду иштеп чыгышкан эксперттер тобунун үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылган эле.
"Батыш өлкөлөрүндө коронавирустан улгайган адамдар көп каза болуп жатса, биздин өлкөдө бул оору жаштарды да алып кетүүдө. Андыктан, медиктерге кайрылат элем: клиникалык протоколдун негизинде гана дары-дармек жазуу керек. Протоколдон тыш иш алып баргандар үчүн жоопкерчилик болот. Дарыларды туура эмес жазып берип, жарандар өзүн жаман сезип, кайрылгандар көп болуп атат. Өз алдыңарча дары сатып алып, колдоно бербегиле. Клиникалык протоколду адистер иштеп чыгышкан, анын үстүндө кесипкөй адис, окумуштуулар иштешкен. Дагы бир жолу кайталайм, дарыгерлер силер протоколдун негизинде гана дарылаңыздар",- деген эле буга чейинки брифингдеринин биринде вице-премьер министр Аида Исмаилова.
Коронавирусту дарылоо протоколу Кыргызстанда биринчи ирээт 23-мартта кабыл алынган. Андан бери документ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык эки ирет өзгөрдү. (AbA)