“Биздин протокол туура эмес”: Кыргызстан коронавирусту  кантип дарылоодо?

Published

Кыргызстанда коронавирус оорусунан өлүм-житим көп болуп, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул үчүн  протоколдон тышкары иш алып барган дарыгерлерди жана өз алдынча дарыланган жарандарды күнөөлөп жатат.

Бирок ошол эле убакта айрым эксперттер күнөөнү министрлик бекитип жаткан протоколдун өзүнө оодарууда. "Партнерская сеть" ассоциациясы бул маселе боюнча вице-премьер Аида Исмаилова жана протоколду иштеп чыгышкан эксперттер тобунун үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылды.

Өлкөдө Covid-19 вирусу күнүнө ондогон, аптасына жүздөгөн адамдардын өмүрүн алууда. Вирус улгайган адамдарды бутага алат деген менен, андан каза тапкан жаштар да көп болуп жатат. 

“Батыш өлкөлөрүндө коронавирустан  улгайган адамдар көп каза болуп жатса, биздин өлкөдө бул оору жаштарды да алып кетүүдө. Андыктан, медиктерге кайрылат элем: клиникалык протоколдун негизинде гана дары-дармек жазуу керек. Протоколдон тыш иш алып баргандар үчүн жоопкерчилик болот. Дарыларды туура эмес жазып берип, жарандар өзүн жаман сезип, кайрылгандар көп болуп атат.  Өз алдыңарча дары сатып алып, колдоно бербегиле. Клиникалык протоколду адистер иштеп чыгышкан, анын үстүндө кесипкөй адис, окумуштуулар иштешкен. Дагы бир жолу кайталайм, дарыгерлер силер протоколдун негизинде гана дарылаңыздар”,-  деген эле буга чейинки брифингдеринин биринде вице-премьер министр Аида Исмаилова.

Коронавирусту дарылоо протоколу Кыргызстанда биринчи ирээт 23-мартта кабыл алынган. Андан бери документ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык эки ирет өзгөрдү.

“Бизде бул оорунун оор формалары көп болуп жатканын себептери көп. Алардын бирөөсү бул – биздин протокол туура эмес. Дүйнө өлкөлөрү боюнча он чакты протоколду текшерип чыктым. Алардын барында вируска каршы препараттар бар экен. Коронавируска каршы терапиянын үч-төрт түрү бар. Алардын бири патогендик –буга гепарин, клексан деген антикогулянттар кирет. Башка өлкөлөрдө буга кошумча антибактериалдык, плазма колдонуу өңдүү жана дагы башка терапиялар киргизилген. Биздин протоколдо анын бары жазылбаптыр. Бирок соцтармактарда плазма издеп жатышат. Плазманы жасаш үчун реагент керек, ооруканалар аны ала албай жатат. Себеби, ал протоколго кирген эмес. Дексаметазонду ала алышпайт, себеби  ал да протоколдо жок, бейтаптар анан өздөрү алып жатышат ”, -дейт "Партнерская сеть" ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев.

Ал  протоколдун үстүндө иштеген комиссияга нааразы болуп, Башкы прокуратура, Коопсуздук Кеңеши жана УКМКга кайрылганын да айтты.

Айбар Султангазиевдин медициналык билими жок, бирок ал кезинде аталган министрликтин коомдук кеңешин жетектеген. Ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы донордук программаларды ишке ашырып келгени менен белгилүү. 

Ал айыптаган адамдардын бири, далилдөө медицина адиси Бермет Барыктабасова “Айбар Султангазие вируска каршы “Ремдесивир” препаратын өлкөгө алып кирүүнү лоббилеп жатат, коммерциялык кызыкчылыгы бар” деп жазып чыкты. Бул препарат айрым өлкөлөрдүн дарылоо протоколуна киргизилсе дагы, клиникалык сыноодон өткөн эмес, дейт ал.

Буга чейин өлкөдө пневмония оорусу жана Covid-19 вирусу эки башка каралып, дарыланып келгени да Саламаттыкты сактоо министрлигинин протоколуна сындарды күчөтүп келди.

Соңку күндөрү дарылоо протоколунун айланасындагы дагы бир талаш чыкты.  Орусияда өндүрүлгөн вируска каршы “Авифавир” препаратын коронавируска каршы дарылар тизмесине киргизүү керекпи же жокпу талкуу жүрүүдө.

“Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен клиникалык протокол эки ирээт 8-июнда жана  3-июлда жаңырып, соңкусунда оорунун башталышында амбулатордук деңгээлде кантип дарылоо керек, толукталды... Вируска каршы дарылардын натыйжасы толук далилдене элек. Андыктан алар биздин протоколго кирбеди. Оорунун башталышында симптомдук терапия гана керек”,- деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин шттаттан тышкаркы инфекционист адиси Айнура Кутманова. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов соңку басма сөз жыйынында коронавирустан кишилер көп каза таап жатканын себеби, алар медициналык жардамге кеч кайрылып жаткандыгынан деген ойду айтты. Бирок ошол эле эксперт Айбар Султангазиев расмий катталган өлүмдөрдүн статистикасы боюнча өлүмдөр ооруканаларда көп катталып жатат деп, аны жоюунун жолу катары дарылоо протоколун өзгөртүүдөн көрүп турат. 

Ал тапта Саламаттыкты сактоо министрлиги төртүнчү клиникалык колдонмо иштеп жатканы белгилүү болду. EKa