"Жолугушуудан кийин бир нерсе өзгөрөбү?": коомчулук президенттен чечкиндүү чараларды күтүүдө

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Президенттин ыктыярчылар менен жолугуп, "өлкөдөгү абалды алар аркылуу билди" деген кабарлар коомчулукта тескери реакция жаратты. Байкоочулардын айрымдары жолугушууда айтылган сөздөрдү сынга алса, башкалары бул жолугушуудан майнап чыкпайт деп нааразы болуууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-июлда бейтаптар менен медкызматкерлерге жардам берип жаткан ыктыярчылардын айрымдары менен жолукту. Ал 12 кишини кабыл алып, кырдаал боюнча маалыматтарды укту.

Жолугушууда медиктердин иштөөгө шарты жоктугунан тарта экинчи толкунга даярдануу сунуштарына чейин айтылды.

"Карантинге берилген убакытта бир да оорукана курулган жок. Медкызматкерлерге коргонуучу каражаттары берилген жок. Дары-дармектер даярдалбаптыр. Кычкылтек концентраторлору жок экен. Эми экинчи толкунга чогуу, жакшылап даярданбайлыбы", - деди ыктыярчы Урмат Насыкулов.

Ыктыячылардын бири Элдар Шабданов буларга токтолду: "Медкызматкерлер өз оюн ачык айта албайт, анткени жетекчилери сөгүш жарыялап же жумуштан чыгарып жибергенге чейин барып жатышат. Суранат элем, сиз өзүңүз кепилдик берсеңиз. Коомдук тармактар аркылуу түз байланышка чыгып, эл менен байланышып турсаңыз".

Ыктыярчылардын бири медкызматкерлерге делген жардам дарегине жетпей жатканын, жетекчиси таратып бербегенин айтса, дагы башкалары адистерди даярдоо зарылдыгын белгилешти.

"Райондун акими милдетин аткарбай койсо, эл аны айтпайт, анткени мамлекттик машина кандай иштегенин билбейт. Президент көз салбай койду дейт. Азыр бардык мамлекеттик органдардын жумушу президентти дескредитациялоо операциясына окшошуп жатат", - деди ыктыярчы Аскар Алмаз уулу.

Президенттин бул жолугушуусу боюнча түрдүү пикирлер жаралды.

Абалга көз салган аналитик Руслан Акматбек бул коомчулук менен коммуникациянын түрү экенин, алкоого татый турганын айтты. Ал ошол эле учурда жолугушуу кеч жасалганын, ыктыярчылар тандалып чакырганы суроо жаратканын белгиледи.

"Азыр эң негизгиси - президент жолуккандан кийин бир нерсе өзгөрөбү деген күтүү, - деди Би-Би-Сиге Руслан Акматбек. - Ошончо сынды, кемчиликтер бар экенин уккандан кийин өзгөрүү болобу деген суроо баарына кызык. Анткени президент буга чейин бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер менен жолуккан. Бирок эч нерсе өзгөргөн эмес. Мындан кийин да өзгөрүү болбойт деген пикир басымдуу".

Руслан Акматбектин айтымында, бул кризистен чыгуу процесси башкарылган жок жана адистерге тапшырылган жок. Ал кырдаалды божомолдогон сапаттуу эсептөөлөргө да бийлик кулак салбаганын белгиледи.

Аналитик мындан сырткары бийлик коом менен коммуникация түзө албаганын, тыюу, жазалоо жолун гана тандаганына көңул бурду.

"Кийинки кемчилик обсервациялардын тартип менен уюштурулбаганы. Мен өзүм да жаттым. Ал жакта башаламан. Бийликтин негизги каталарынын бири кетирген кемчиликтерин оңдобогонунда", - деген оюн бөлүштү Акматбек.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова укук коргоо тармагын кошпогондо мамлекеттин колунда 18 миң адам иштеп жатканын, алардын жумушун азыр 300 чамалуу ыктыярчы мамлекеттин акчасын албай туруп аткарып жатканын айтууда.

Сооронкулова командасы менен азыркы кырдаалдагы негизги 11 проблеманы жана анын чыгуу жолдорун тизмектеп чыккан.

"Ыктыярчылар күндүзгү стационарларда башаламандык болуп, эл аралашып вирустун таралуу коркунучу чоң экенин айтып жатышат. Демек азыр аймактарда даярдыкты жакшы көрүш керек. Медкызматкерлер менен сүйлөшсөм алар абдан чарчаптыр. Ар оорукана 8-12 саат кылып өзү каалагандай график менен иштетип жатат. Демек жакында медкызматкерлердин арасында саботаж башталат. Аларды эс алдыра тургандай 4-6 сааттык нөөмөт түзүп, эргүүгө чыгарып, реабелитациядан өткөрүш керек", - деди Сооронкулова.

Медкызматкерлерге убада кылынган айлык акы толук берилбей жатканын белгилеген Сооронкулова өкмөт кайдан болбосун таап бериш керек деп эсептейт.

Мындан сырткары ал медкызматкер аттуунун баары күрөшкө тартылгандан кийин аларды окутуу зарылдыгын кошумчалады.

Эксперттер эпидемиологиялык кырдаал дагы курчуй берет деген божомолдорду эске алып, борбор шаардабы, аймактардабы медкызматкерлерди даярдап, дарылоону азыр да болсо сапаттуу уюштурууга өтпөсө, жоготуулар көп болот деп эскертишүүдө.