Дүйнөлүк чемпионат - 2026. Бардык оюндар жана жыйынтыктар

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи жолу беттештер бир эле учурда үч өлкөдө - АКШ, Канада жана Мексикада - өтөт.

Бул жолу командалардын саны 32ден 48ге чейин көбөйдү. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан биринчи жолу Өзбекстандын курамасы катышууда.

Дүйнө чемпионаты 2026-жылдын 11-июнунда Мехико шаарында башталып, финалдык беттеш 19-июлда АКШнын Нью-Жерси штатында өтөт.

Беттештер 16 шаарда өткөрүлөт. АКШда оюндар Атланта, Бостон, Даллас, Хьюстон, Канзас-Сити, Лос-Анжелес, Маями, Нью-Йорк, Филадельфия, Сан-Франциско жана Сиэтл шаарларында өтөт.

Мексикада оюндар Гвадалахара, Мехико жана Монтеррей шаарларында болот.

Канадада болсо беттештер Торонто жана Ванкувер шаарларында уюштурулат.

Бул баракчабыздан 2026-жылкы Дүйнө биринчилигинин алкагындагы оюндардын графиги жана жыйынтыктары менен тааныша аласыз. Турнирдик таблица үзгүлтүксүз жаңыланып турат.