Кыргызстанда учактар каттап, мечиттер эшигин ачты

"Манас" аба майданы

Сүрөттүн булагы, Aiport.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Манас" аба майданы
Published

Кыргызстанда 8-июндан тарта ички аба каттамдары ачылды. Өлкө боюнча мечиттер жана башка диний жайлардын ишине уруксаат берилди. Санитардык норманы кантип сактап жатышат?

Биринчи болуп Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамы ишке ашырылды. Эл аралык "Манас" аба майданынын басма сөз кызматынын башчысы Алия Курбанова билдиргендей, жүргүнчүлөр санитардык нормаларды, тартипти сактап, каттам жакшы аткарылган экен.

"Эрежеге ылайык, жүргүнчүлөрдүн өзүнөн башка эч ким киргизилбейт. Каттам да бирөө эле болгондуктан, киши көп эмес болду. Эрежелерге баары баш ийип, түшүнүү менен кабыл алышты. Кирээрде дене табы текшерилет. Залда 1,5 метр аралыкты сакташ үчүн тасмалар тосулган", - деди Курбанова.

Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамын "Тез жет" авиакомпаниясы ишке ашырып жатат. Азарынча күнүнө бир гана каттам бар.

Мындан улам учууну каалагандар да көп.

"Учакка билет азыртан эле алдыңкы күндөргө да калбай калды. Алардын баасы 2000 сомдон башталып бир нече миңге жетип жатат", - деди компания өкүлдөрүнүн бири.

Карантинден кийинки биринчи аба каттамдын жүргүнчүлөрү

Сүрөттүн булагы, Airport.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карантинден кийинки биринчи аба каттамдын жүргүнчүлөрү

"Мана" аба майданынан билдиришкендей, учактын ичиндеги санитардык, гигиеналык эрежелердин сакталышына, авиакомпания жооп берет.

Өкмөт өкүлдөрү буга чейин аба каттамдары экономикалык муктаждыктан улам ачылып жатканын айткан. Өлкө ичиндеги аймактар арасында кыска убакыт, бирок көп киши менен учакта учкан коопсузбу же саналуу жүргүнчү менен таксиде жүргөн жакшыбы?

Санэпидемиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динагүл Оторбаева "жөө жүрсөң да санитардык талапты сактоо эң маанилүү" дейт.

"Эки учурда тең баардык коопсуздук чараларын көрсөң вирусту жуктуруп алуу ыктымалдыгы төмөн болот. Ал чаралар беткап кийүү, колду тазалап туруу, аралыкты сактаганга аракет кылуу. Унаанын же учактын ичинде бирөөнүн жанында отурганда беткап кийбесең албетте жуктуруп алуу коркунучу чоң", - деди дарыгер.

Диний жайларда да аралык сакталыш керек

8-июндан тарта ошондой эле өлкө боюнча мечиттер жана башка диний жайлар ачылды.

Мусулмандар дин башкармалыгы тараткан видеодон

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мусулмандар дин башкармалыгы тараткан видеодон

Бишкек казысынын жардамчысы Толкунбек Иманов эски борбордук мечитке 100дөн ашык киши келгенин айтты. Демейде бул жайда бешим намазын 1000 чамалуу адам окучу.

Ал ар бир келген адам көзөмөлгө алынып, санитардык эрежелер эскертилгенин кошумчалады.

"Мечиттердеги санитардык талаптар тууралуу коомдук сайттар жана башка булактар аркылуу эскерткен үчүн жаштардын басымдуусу билет экен. Жашы өтүп калгандар келгенде өзүбүз колун дезинфекциялап, беткап менен кирүү милдет экенин айтып жаттык. Мечиттин ичи 1,5 метрден бөлүнгөн. Тартипти сактоо көп деле кыйын болгон жок", - деди Иманов Би-Би-Сиге.

Мечиттерде санитардык, гигиеналык нормаларды сактоо боюнча Мусулмандар дин башкармалыгы маалыматтарды таратты.

Ага ылайык, мечитке беткапсыз кирүүгө болбойт, кишилер арасындагы аралык сакталыш керек, ар ким өз жайнамазын алып келиш керек.

Мусулмандар дин башкармалыгынын видеосунан

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мусулмандар дин башкармалыгы тараткан видеодон

"Мечиттерге балдардын, кары-картаңдардын жана ооруп жаткандардын келбей туруусу талап кылынат. Мечит ичинде 1,5 метр аралыкты так сактап, намазыбызды окуп бүткөн соң эртерээк чыгып кеткенге аракет кылалы. Кучакташып учурашканга да болбойт. Парз намаздарды мечиттен окуп, сүннөт намаздарын үйдөн окуп келүү сунушталат", - деп айтылат башкармалыктын видео кайрылуусунда.

Кыргызстанда 3024 мечит, 2019-жылкы маалыматка ылайык, 300 чамалуу чиркөө бар.

Акыркы суткада өлкөдө коронавирустун 25 жаңы учуру катталды. Алардын 10у булагы такталбагандар же эл арасынан табылгандар. Калгандары сырттан келгендер же буга чейин көзөмөл алдында болуп жаткандар. Жалпы сан 2032ге жетти, курмандыктардын саны 23.