You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мажүрөө парламентаризм. Кыргызстан көздөгөн жолунан адаштыбы?
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
- Published
Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү жөнүндө талаш-талкуулар жаңырган жылда кайрадан жандана баштады. Анткени Конституцияны өзгөртүүгө коюлган мораторий мөөнөтү өткөн жыл менен бүттү. Анын үстүнө он жыл мурун өлкөнүн парламенттик башкаруу жолуна бет алганы айтылган менен азыркыга чейин президент үстөмдүк кылып жатканы, Жогорку Кеңештин кесипкөй деңгээли барган сайын түшүп баратканы, алардын жоопкерчиликти алууда тайсалдап жатканы жөнүндө сын пикирлер күчөп чыга баштады.
Баш мыйзамдагы башкаруу системасынын кандай иштеп жатканы коронавируска байланыштуу киргизилген карантин убагында даана билингендей болду. Негизги чечимдер президент башкарган Коопсуздук кеңешинде кабыл алынып, Жогорку Кеңеш аны артынан бекитип берип жатты. Ошол эле учурда эки негизги бийлик бутагы жоопкерчиликти алуудан тайсалдап, баарына эле өкмөттү сала берип жатканы да өзүнчө сын пикирлерди туудурбай койгон жок.
"Кандай болгон күндө да бирөө болуш керек, же парламенттик, же президенттик. Болбосо, азыр эч ким жооп бербей жатпайбы. Мындай караганда президенттик-парламенттик башкаруу, а чындыгында конституция боюнча парламенттик башкаруу. Андай болгон менен президентти эл шайлаган. Ошондуктан президенттин үстөмдүгү байкалып турат. Бирок жоопкерчиликке келгенде, мына теледен деле көрүп атабыз, угуп атабыз, сындын баардыгы премьер-министрге гана тийип жатат. Парламент өзүнчө, сунуш кылат, каалагандай тебелейт, а жооп бере турган адам жок болуп атпайбы",-дейт УИАнын академиги, ЖКнын үч жолку депутаты болгон Бектемир Мурзубраимов.
Референдум өткөрүп баш мыйзамды жаңылоо маанайынын саясий чөйрөдө күчтүү экенинин бир белгиси, карантин кычап турган убакта мамлекеттик башкаруу системасын тандоо жөнүндө референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жалпы элдик талкууга жарыяланды. Анын демилгечиси депутат Курманкул Зулушев бул анын өзүнүн эле эмес, көпчүлүктүн көз карашы болуп жатканын баса белгилеп жатат.
"Ашынган президенттик система"
Эки жолку революциялык бийлик алмашуудан кийин 2010-жылы Кыргызстан референдумда жаңы баш мыйзамды кабыл алып, президенттин ыйгарым укуктарын бир топ кыскартып, парламенттик башкаруу жолуна түшкөнүн жарыялаган. 2016-жылы Атамбаев дагы бир референдум өткөрүп, натыйжада президенттин дагы бир топ ыйгарым укуктары премьер-министрге берилип, өкмөт башчынын бийлиги чоңойгон. Атап айтканда, күч органдарынан тышкары бардык кадр дайындоо өкмөт башчынын колуна өткөн. Атамбаев аны убагында парламенттик башкарууга жасалган маанилүү кадам деп билдирген. Бирок андан премьердин деле күчү арбыганы сезилген жок, мурункудай эле ал президентти көбүрөөк угуп жатат.
"Биз парламентаризмди көрө элекпиз. Бизде иш жүзүндө президенттик эле башкаруу. Өткөөл мезгил деген болот, биз ошол транзиттик мезгилден өтпөй токтоп калган өлкөдөйбүз. Парламентаризм бизде калыптанган жок. Атамбаев парламентаризмге кадам таштабай, тескерисинче ашынган президенттик өзүм билемдик системаны орнотту",-дейт 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын атасы атыккан Өмүрбек Текебаев.
"Нотариус"
Конституция боюнча Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын бекитет, анын түзүмүн жана курамын аныктайт. Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угат. Өкмөткө ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат. Президентке каршы айып коёт, керек болсо президентти кызматынан четтетип кое алат. Бул чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын корутундусу болгондо гана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
Президент дагы эл тарабынан шайланат, баш прокурорду, коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот. Коопсуздук кеңешин жетектейт. Ички жана тышкы саясатты жүргүзгөнгө жетиштүү бийлиги бар. Кандай болгон күндө да президент өлкөдөгү эң күчтүү мамлекеттик бийлик органы болуп саналат дейт эксперттер.
"Парламенттик башкаруунун жыты да жок. Парламент жөн эле нотариус болуп калган. Күчү жок. Депутаттардын колунан келбейт. Бүт баарын президент чечет. Президентке УКМК, Башкы прокуратура, соттор баш ийип жатпайбы. Биягынан кысып таштайт премьерди", -дейт саясий эксперт Бакыт Бакетаев.
Улуттук өзгөчөлүк
Мамлекеттик башкаруу формасын тандаганда улуттук өзгөчөлүктү эске алуу керек деген өзүнчө бир тарап бар экенин айта кетүү керек. Алар президент менен Жогорку Кеңеш баш ийип, жылда отчет берип турган бүткүл элдик курултайды мамлекетти башкаруунун улуттук жолу деп эсептешет. Көп жылдан бери элдик курултайды Баш мыйзамга киргизүү аракети болуп келатат. Акыркы жолу өткөн жылы он миң адамдын колу коюлган документ Жогорку Кеңешке түшүп, аны карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Ошол иш ошол бойдон токтоп турат дейт коомдук ишмер Кадыр Кошалиев.
"Булар милдеттүү түрдө кабыл алышы зарыл болгон бул мыйзам долбоору күн тартибине кирип, коомдук талкууга коюлганына карабастан, дагы унутула баштады. Мен да түшүнбөйм, ошондуктан ЖК төрагасы Д. Жумабековго, депутаттарга кайрылуу иретинде кат жаздык. Эми кайра чогулуп, бул маселени көтөрөлү деп жатабыз".
Кыргызстанда быйыл күзүндө кезектеги парламенттик шайлоо болот. Аны азыр келерки жылга которуу жана парламент курамын 35 депутатка чейин азайтуу жөнүндө сунуштар кызуу талкууга алынып жаткан убак.
Адистердин баамында, парламенттик башкаруу идеясынын ирип жатканына азыркы курамдагы депутаттардын өздөрүнүн катачылыктары менен мажүрөөлүгү да себеп болуп жаткандай. Жогорку Кеңешти азыр бир жагынан кесипкөй деңгээли пас, бирок капчыгы калыңдардын топтолгон жери деп жаман көрүшөт.
"Жогорку Кенеш ММК менен коомдук көз карашта өзүнүн бизнесин коргоп, укук коргоо органдарынан кутулуш үчүн Жогорку Кеңешке келген базаркомдор, кур чечендер жана кылмыштуу элементтердин өзүнчө чогулган жери болуп кабыл алынууда»,-дейт белгилүү юрист Мурат Укушов.
Экинчи жагынан төрага баш болуп бир топ депутаттар кайра-кайра сөзүнөн жаңылып, элге уят болуп жатканы да өзүнчө бир сынчыл маанайды күчөтүп жибергенсийт.