Улуттук стратегия-2040: Саясий багыт - парламенттик башкаруу

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Улуттук өнүгүү стратегиясынын иштелип бүткөн долбоорун Улуттук кеңеш чогулуп талкуулады. Туруктуу өнүгүү стратегиясынын долбоорундагы эң башкы маселе бул - мамлекеттик башкаруу модели жөнүндө болуп жатат.

Өлкө парламенттик башкаруу жолунда калабы же андан четтейби суроосу кеңеш жыйынынан кийин деле ачык калгандай.

Башкы документ

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүп, анда башкы эки маселе каралды. Алар: Кыргызстандын 2040-жылдарга чейинки өнүктүрүү стратегиясы жана 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы.

Жыйында Сооронбай Жээнбеков 2040-жылга чейинки стратегия тууралуу токтолуп, документте коомчулуктун ой-пикири, социалдык заказы чагылдырылып, Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда кайсы багыттарды артыкчылыктуу деп кабыл алаары аныкталганын белгиледи.

"Стратегиябыздын максаты — улуттук сот системасын куруу, адилеттикти жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, коррупциядан тазалоо. Ушул стратегия башкаруу системасынын кесипкөй, туруктуу жана жоопкерчиликтүү болушун шарттайт. Сапаттуу жана мобилдүү башкаруу системасын түзүүгө жол ачат" - деп белгиледи президент Жээнбеков.

Жыйынга катышкан Улуттук Кеңештин мүчөсү депутат Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында жакынкы жылдары өлкө президенттик башкаруу системасында кала берет өңдүү.

"Президент баштапкы жылдары башкы фигуларалардын бири болуп турат дегендей документте жазылыптыр. Бирок саясий атаандаштык, таза шайлоолор,элитаны жаңыртуу, шайлоодо ачык-айкындуулукту камсыздоо азыркы коомдун артыкчылык берген нерселери деген маселелер болду, биз ошону колдодук", -деди "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Ал президенттин 7-августтагы жарлыгына ылайык Улуттук кеңештин курамына кошулган эле.

Атамбаевден "мурас"

Улуттук өнүгүү стратегиясынын иштелип бүткөн долбоору былтыр октябрда Атамбаев президент болуп турган учурда эле кабыл алынган.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин документ быйыл мартта Улуттук кеңештин жыйынына коюлуп, бирок Ѳкмөттүн өтүнүчү болуп жатат деген негизде апрелге которулган. Бирок апрелде дагы каралбай, ушул убакка келип отурат.

Стратегияны кабыл алуунун создугуп жатышы ар кандай жоромол-божомолдорго себеп болуп келди. Эң биринчи кезекте жаңы президент мамлекеттик башкаруунун формасы жөнүндөгү стратегиялык маселеде олку-солку ойдо болуп жатабы деген суроолор болуп жатты.

Буга Атамбаевдин 31-марттагы басма сөз жыйынында Туруктуу өнүгүү стратегиясында мурда каралган парламенттик башкаруу жолунан жаңы бийлик четтеп жатат деген билдирүүсү да кошул-ташыл болду.

"Сооронбай Шариповичтин абдан оор миссиясы бар. Кыргызстанды президенттик мамлекеттиктен парламенттик мамлекетке өткөрүүнүн эң акыркы этабы колуна түштү. Ошондой кезде, албетте, тегерегинде кандайдыр бир оюндар жүрүп атат. Анын тегерегинде, мүмкүн, айрым адамдар бар, "бу кандай болсун, бийлик колго келсе эч качан чыгарбайбыз" дегендер да барбы? Ким билет?", - деген эле экс-президент Алмазбек Атамбаев.

"Парламентаризмди өнүктүрүү сакталат"

Президент Жээнбеков дагы өз кезегинде парламенттик демократия жолунан чыкпай турганын айтып келди.

27-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө дагы президент бул оюн кайталап баса белгилеп айткан эле.

"Мен Кыргызстанда парламенттик демократия орношун көздөйм. Кыргызстанда авторитаризмди орнотуунун потенциалдык мүмкүнчүлүгүн жоюш керек деп эсептейм. Менин терең ишенимимде кыргыз коомунун табиятын парламенттик демократия туура келет. Бул мамлекеттин туруктуу өнүгүп, коомдо стабилдүүлүктүн бекем орношуна негиз болот. Акырындап ушул чоң саясий реформаны ишке ашыруу биздин максатыбыз", - деген эле Жээнбеков.

Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова да ар кандай күмөндүү ой-пикирлер болуп жатканына карабастан, Кыргызстанда парламенттик өнүгүү багыты Улуттук стратегиянын долбоорунда өзгөртүлбөй сакталганын Би-Би-Сиге билдирген.

Бирок парламентаризмди чыңдоо жолу менен кетиш үчүн анда президенттин бийлиги дагы кыскарууга тийиш эмеспи.

Сооронбай Жээнбеков президенттик бийликтеги андай жоготууларга барууга азыр даярбы?

"Толук кандуу парламентаризм орносо, президенти парламент шайлап калат. Бул президенттин ыйгарым укуктары кескин түрдө кыскарат деген нерсе да. Ошондуктан ага бара-бара барышыбыз керек. Бирок акыркы мүдөөбүз, реформалардын эң башаты - парламентризмге акыры барышыбыз керек",- деди парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов.

Бүгүнкү жыйында айтылгандай стратегия 2040-жылга чейин этап этабы менен, ырааттуулук менен ишке ашырылат.

Биринчи этап катары, 2023-жылга чейинки мезгил белгиленип жатат.