"Билимсиз, бирок бай депутаттар"

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Бишкекте парламенттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча эл аралык семинар өтүүдө. Мындай аракет Жогорку Кеңешке сын катуу айтылып, жада калса депутаттардын деңгээлине ачуу сөздөр күчөгөн учурда жүрүүдө.

Пикир алмашууга чет жердик депутаттар, Кыргызстанда парламентаризмди бекемдөө боюнча иш алып барган эл аралык уюмдар катышты.

ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын төрагасы, грузиялык Георгий Церетели парламенттин көзөмөл функциясы дароо өнүгүп кетпейт деди.

"Парламенттин өкмөттү көзөмөлдөө милдетин күчөтүүгө убакыт керек. Грузия дагы ушул этаптардан өткөн. Бул жараянда өйдө-ылдый жагдайлар болот. Ошондой эле саясий эрк керек".

Бирок Кыргызстанда парламентаризм, парламенттин көзөмөлдөө милдетинен мурда анын курамына, сапатына көңүл буруу зарылчылыгы турат, деди "Жарандык платформа" коомдук уюмунун директору Айнура Усупбекова:

"Парламентке кандай партиялар, кимдер келди? Бизге кандай убадаларды берди эле? Адегенде ушундай баштапкы талаптарга жооп бериш керек. Андан кийин анын милдеттери тууралуу сөз кыла алабыз. Ал эми бизде туш келди киши тизмеге кирген. Ал партиянын идеологиясын карманбайт дагы. Анан КСДПга окшоп өздөрү ич ара бөлүнөт".

Жогорку Кеңештин депутаттарына көз карандысыздыгы, компетенттүүлүгү боюнча сындар эл тарабынан да ачык эле жолдонот. Коомдук тармактар активдүү колдонулуп жаткандыктан азыр депутат менен жарандын маалымат алмашуу мейкиндиги бир.

Ал сындар кайра парламенттин трибунасында талкууланат.

"Бул жерде чимкириктер жок! Какырыктар жок! Кыргыз элинин элиталары отурабыз. Саясий элита отурат. Ошондуктан сөздү абайлап сүйлөш керек", - деген эле депутат Рыспай Кожобеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдинн сынына жооп кылып.

Ал мындан көп өтпөй өздөрүнүн дарегине жазылган дагы бир сөздү парламентте белгилеп, кесиптештери менен төраганы чара көрүүгө чакырган.

"Бул эмне деген сөз?! Ачык эле телефонун жазып, "бараны" деп жатат. Мен бир жолу "чимкирик" дегенге "элита" деп койсом эмне деген асылуу болду. Айтам, бул жерде кимдер отурат?".

Айнура Усупбекова парламентке татыктуулардын келишин камсыздоо жарандык коомдун да милдети экенин айтууда.

Ал Кыргызстанда парламент өзүн үйдүн ээси катары көрсөтүп, маанилүү чечимдерди көз карандысыз кабыл алыш керек эле деди.

"Азыркы парламент өзүн аябай төмөн деңгээлге түшүрдү. Билимсиз, бай депутаттар келди. Эми 2020-жылы депутаттардын көбү жумушуна келбей коёт, анткени алар шайлоого даярданып жатышат", - деди Усупбекова.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров кийинки шайлоодо парламент курамы өзгөрөт деп ойлойт:

"Жогорку Кеңештин сапаты боюнча өз кесиптештериме комментарий бере албайм. 2020-жылы шайлоо болгону турат, анда ар бир партия мүчөлөрүн баскан жолуна, сапатына карап өзү тандайт. Парламент бүгүн катуу сынга кабылып жаткан болсо, эртең саясий партиялар ошону эске алып тизме түзүшөт".

Депутат Айнуру Алтыбаева партиялар тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ал долбоордогу каржы булагын ачык көрсөтүү, аял-эркекке, майыптыгына жараша берилген квоталар жана башка жаңы талаптар саясий партиянын парламентке кимди алып келерине жоопкерчиликти арттырат.

"Мыйзам долбоорунда саясий партиялардын тизмесинин сапаты боюнча жакшы ченем бар. Ал партияларды каржылоо маселесине тиешелүү. "Акчасын төлөгөн музыка заказ кылат" дегендей, олигархпы же чет жерден үчүнчү тараптан каржыланып жатабы, ошону ашкерелөө максаты бар", - деди эл өкүлү.

Айнура Усупбекованын баамында, шайлоочулардын ою өзгөрүүдө жана кийинки шайлоодо азыркы акчасы бар адамдарды тандабай коюшу мүмкүн. Бирок ал акчадан башка ресурстар колдонулуу коркунучун да жокко чыгарбайт.

Эксперттер алдыдагы чакырылыштардын көз карандысыз иштөө жөндөмдүүлүгүнөн шек санаса дагы, анын сапат жагынан курамы коомдун нааразылыгынан кийин өзгөрөт деп үмүт артышууда.