Коронавирустан айыккан кыргызстандык: "Бул ооруну жеңсе болот"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Жалал-Абад облусунун тургуну Максат Алиев (аты-жөнү өзгөртүлдү) Кыргызстанда коронавирустан айыккан биринчи бейтап болуп калды.
Ал Сауд Арабиясына 23-февралда кетип, 13-мартта кайтып келери менен вирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Аны аба майдандан текшерүүгө алышып, ошол жерден эле медициналык кароого алышкан.
М.Алиев: Жалал-Абад шаарындагы ооруканада 14 күн жатып, айыгып чыктым. Кудайга шүгүр, азыр абалым жакшы. Бизде дарыгер, оорукана десе эле коркобуз да. Корпогула, бул ооруну жеңчсе болот деп кайрылгым келет.
Би-Би-Си: Оорунун кандай белгилери болду сизде? Кургак жөтөл же дем кыстыгуу байкалдыбы?
М.Алиев: Дене табым аябай көтөрүлүп жатты деп айта албайм. Эң жогорку чеги 37,6 болуп жатты. Анча-мынча эле жөтөлдүм. Бирок дарыланып, вируска каршы препараттарды , эки маал укол алып жаттым. Башында абдан корктук, мындайда адам баары бир кыжаалат болот экен. Биринчи кезекте, дарыгерлерге ыраазычылык.
Би-Би-Си: Коронавирусту Кыргызстанга кичи ажылык зыяратка баргандар алып кирди деген нааразылыктар айтылууда. Андан кабарыңыз барбы?
М.Алиев: Эч ким оору жуктурарын алдын ала билбейт да. Баары кудайдан экен. Андан көрө, куран окуп, намаз окуп, кудайдан тынчылык сурашыбыз керек. Билбейм эми, азыркы шартта бирдеме айтыш деле оор болуп турат. Кудай бардыгына сабыр берсин.
Би-Би-Си: Ооруканадан үйгө чыгыпсыз, үй шартында кандай дарыланып жатасыз? Карантинди сактап жатасызбы? Тааныш, коңшу-колоңдоруңуз сиз тууралуу билеби? Угушканбы?
М.Алиев: Ооба, карантиндебиз. Бирок үйгө дарыгерлер келип, эки-үч маал текшерип жатат. Тааныш, жек-жаат, коңшулардын баары эле укса керек го.
Би-Би-Си: Коронавирус менен ооруду деп, көчөгө чыксаңыз кодулоолорго кабылам деп коркпойсузбу?
М.Алиев: Андай мамиле болсо айла канча. Баары кудайдан, бешенеге жазганды көрөбүз. Эл качса, мен эмне кыла алмак элем. Кудай деп бардык да зыяратка. Мен апамды зыярат кылдырам деген тилек менен бардым. Шүгүр, апамдан ал дарт чыкпады. Азыр намазга жыгылып, кудайдан жакшылык сурап жатабыз.
































