Коронавирус: бейтаптардын аты-жөнү ачыкталыш керекпи?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Коомдук сайттарда Кыргызстанда коронавируска чалдыккан айрым жарандардын аты-жөнү, жашаган дареги, ал тургай үй-бүлөсү жөнүндө, бала чакасына чейин маалымат байма-бай жайылган учурлар болууда.
Жеке маалыматтарды ачыктоо мыйзамга да, дарыгерлердин, журналисттердин да этикалык эрежесине каршы келет. Ошентсе да пандемия шартында адам укуктарын чектебей коюуга болбойт деген жүйө айтылып жатат.
Интернеттин кыргыз сегментинде Ош шаарында вируска чалдыккан сегиз адамдын аты-жөнү ачыкталып кетти. Ошондой эле Нарында даваатка барып келип, коронавирус аныкталган жарандын жеке маалыматы желдей тарап жатат. Дубайга барып келген бишкектик ата-бала тууралуу да интернетте кенен маалымат чогултса болчудай.

Сүрөттүн булагы, Social media\Политклиника
Республикалык штаб азыр бул маалыматтар кантип жана ким тарабынан ачыкка чыгарылганын, ал фейк эмеспи териштирип жатат.
Бишкек тургуну Семетей ал адамдардын жок дегенде жашаган жери тууралуу маалыматтын ачыкталып кетиши туура эле болду деп эсептейт:
"Мисалы, Нарындагы вирус жуккан окуяны коомдук сайт, интернетке жашаган жерин жарыялап эле коюшту. Бул менимче туура эле кадам. Эл билсин да, бул оюнчук эмес. Кыргызстанда оору күчөп кетсе, өлкөдө өпкөнү дем алдыруучу аппараттар жок, аз аябай".
Жеке маалымат деген эмне?
Жарандын жеке маалыматына: аты-жөнү, туулган жылы, дареги, туугандары жана социалдык абалы кирет. Ошондой эле билими, кирешеси, биометрикалык маалыматы да эсептелет.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамынын 13-беренесине ылайык, эгер жаран анын жеке маалыматы мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте колдонулбаса сотко кайрылып, моралдык чыгым үчүн кенемте акы өндүрө алат.
Өлкөдө вируска чалдыккандардан азырынча жеке мүнөздөгү маалыматы ачыкталганы үчүн сотко кайрылгандар каттала элек.
Врачтык сыр деген эмне?
"Дарыгерлик сыр бул - бейтаптын оорусу тууралуу маалымат. Ага эмне кирет? Бейтаптын ооруканага кайрылуусу, диагнозу, ооруканада алган дары-дармектер тууралуу маалымат. Догдур аны бейтаптан башка эч кимге бергенге укугу жок. Бир гана убакта мүмкүн, эгер бейтап кагаз түрүндө буга өзүнүн макулдугун берсе ",- деди врач-хирург Эрмек Исмаилов.
Ал тапта Жазык кодексинин 160-беренесинде "врачтык сырды" ачыкка чыгаргандарга айып пул салуу, эки жылга чейин иштен четтетүү, ал тургай бир жыл эркиндигинен ажыратуу чарасы каралган.
Бөтөнчө шарттагы чектөөлөр
Бирок өзгөчө абал жарыяланган маалда мыйзамдарды аткаруунун бөтөнчө шарты тууралуу талкуулар жүрүп жатат.
Мындай режимде адам укуктарынын сакталышын камсыздоого чектөөлөр киргизилиши мүмкүн, дейт эксперттер.

Сүрөттүн булагы, Акипресс
"Эгерде жалпы кызыкчылыкты көздөй турган болсок, бул нерселерди сакташ кыйын болуп калат. Коронавирусту иликтөө, аныктоо бат болсун десек купуя сырдын ачылып кетишине жол берилет. Себеби, бул жерде жалпы калктын ден-соолугу тууралуу маселе болуп жатат. Купуя сыр кандай түрдө ачыкталыш керек, дегеле ачыкталыш керекпи же жокпу ошонун баары жанагы "Өзгөчө абал тууралуу" буйрукка так жазылышы керек эле. Өзгөчө абалда адам укуктары чектелиши мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, ал бизде көрсөтүлбөй калды ", -деди Конституциялык Соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.
Бирок бейтап жарандардын жеке маалыматын ачыктоо аларды кодулоого алып келиши мүмкүн деген да тынчсыздануулар бар.
Алалы, буга чейин Кара-Көл шаарынан умрага барып келип, коронавирус жуктурду деген чочулоодон улам соо эле тургундар жектөөгө кабылганын коомдук сайттарда айтып чыгышкан. Жергиликтүү тургундар алардан жаа бою качып, шаарда дүрбөлөң маанай жаралган.
Коңшу Өзбекстанда бийлик коронавирус менен алышып жаткан жарандардын жеке маалыматын ачыкталбасын деген эреже киргизген. Постсоветтик өлкөлөрдөн Беларус бийлиги да буга тыюу салат.
Орусия менен Казакстанда вирус жуктургандар аты-жөнү айтылбайт, бирок алар жашаган жер тууралуу маалыматтар ачык.
































