"Калпактын кадырын түшүрбө"

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
8-марттагы Аялдар маршына кол салгандардын калпак кийип алышы улуттук баш кийимдин кадыры жөнүндө талкууга жем таштады. Сын айткандар калпакчан жигиттердин аракетин жапайычылык, сабатсыздык деп аташууда.
Коомдук сайттарда калпакчан адамдар тууралуу түрдүү мем-сүрөттөр таратылып, анда улуттук кийим зомбулуктун символуна айланып жаткандай.
Перизат Саитбурканова жарандык активист. Ал Бишкекте коррупцияга каршы акция болобу же аялдардын укугун коргоо маршыбы, качан болбосун чагымчылар калпак кийип келип жатканын айтат:
"Кыргызстан болуп жаткан прогресивдүү идеяларга, иш-чараларга каршы чыккандар калпак кийип алып чыгып атат, ал аларды идентификациялап өзгөчөлөнтүп тургандан улам, азыр билимдүү, мамлекетти ойлогон элдин арасында калпак негативдүү имиджге ээ болду".
8-мартта аялдарга болгон зомбулукка каршы чыккандарга калпакчан топ балдар кол салып, тополоң салышты. Калпакты баса кийген ал арзыматтар беткапчан келишип, таанылбай калышты.

Сүрөттүн булагы, Guljan Turdubaeva
"Ак калпак" партиясынын лидери Улукбек Маматаев кыргыздардын эзелтен кадырлап кийип келген баш кийимин чагымчылдар өз максатына колдонуп жатканын айыптайт:
"Алар калпакты кийип биздин каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды көрсөтүп атабыз дегилери келип, бирок аша чаап тескерисинче, баш кийимибизди жаман көрсөтүп алышты. Калпак биздин ыйык символикалардан, андыктан аны ыйык туталы. Калпак кийдиңби, улуттун жакшы жагын, маданиятын гана көргөз".
Ал тапта Интернеттин кыргыз сегментинде коомдук сайттарда соңку саясий-социалдык окуяларга карата элдик чыгармачылык күч алды. Кейиштүүсү, анда калпак жемкор жана чоң муштум адамдардын баш кийими катары элестелип жатат.
Алтын Капалова, искусство тануучу:
"Андай сүрөттү тартып жаткандар чындыкты гана чагылдырып жатышат. Окуяны чыгармачылыгы аркылуу элге жеткирип атышат. Ошол сүрөттөрдү чогултуп көргөзмө кылайын деп атам. Бирок мен ал жерде ак калпакты алып кое албайм. Анткени ал кандайдыр бир виузалдашкан зордук-зомбулуктун белгиси болуп калды. Өкүнүчтүү".
Кыргызстанда марттын бешинде эле Ак калпак күнү белгиленди. Саналуу күндөр мурун эле иш кеңселеринде, көчөдө, жумушта, коомдук унааларда калпакчандар көбөйүп, аны даңазалоо иш-чаралары өткөн эле.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы, 2
Активисттер ал тургай бул күндү мамлекеттик расмий майрам катары белгилөөнү суранышкан. Эми маданий дөөлөттөрдүн бири эсептелген бул улуттук баш кийим коргоого муктаж болууда.
Былтыр ак калпак ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес, маданий мурасынын тизмесине киризилген.
































