Үзгүлтүккө учураган марш: кордоо, жапайычылык, алсыздык

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
8-мартта Бишкекте зомбулукка каршы жүрүшкө чыккан аялдарга кол салууну АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кордоо деп атады. Аттуу-баштуу коомдук ишмерлер бул окуяны жапайычылык катары сынга алышууда. Жогорку Кеңеште ИИМ министрин отставкага кетирүү талабы коюлду.
Ал ортодо укук коргоочулар эртең Бишкекте кайрадан жүрүшкө чыкканы жатышат.
Бишкекте Аялдар күнүндө маршка чыгып, зомбулукка кабылгандарды колдоо ирээтинде 10-мартта тынчтык митинги өтөт. Анда майрам күнү маршка чыккан кыз-келиндерге кол салгандарды жана алардын анабашын жоопкерчиликке тартуу талабы коюлат.

Сүрөттүн булагы, Social media
" Тилеке каршы тынч марш өткөн жок, провокация көп болду, ага көп адам катышты. Бирок эң өкүнүчтүүсү - биздин өкмөт ошолорду колдоп жатты. Баарыбызды жанагинтип салып кетти дагы, көрүнгөндүн башын айтып үч саат кармашты. Милиция биз токмок жеп атсак укугубузду коргободу, чуркап келип бизди сабаган бир да адамды кармаган жок", - деди активист Алтын Капалова.
Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешов 8-мартка болуп өткөн окуялар боюнча президентке кайрылуу жолдоду. Анда майрам күнү кыз-келиндердин колун толгоо чекилик болгону, мындай окуяларга орун берген ИИМ министри Кашкар Жунушалиевди отставкага кетирүү керектиги айтылат.
" Баш мыйзамдын 34-беренесинде ар бир адам тынч чогулууга укуктуу экени жана ага бөгот коюу же чектөөгө болбой турганы так жазылып турат. Андыктан Аялдар күнү уюштурулган маршты кууп-таркатуу жарандардын конституциялык укугун бузганга жатат", - делет кайрылууда.

Сүрөттүн булагы, Official
Бирок парламенттеги пикир бир кылка болду дегенге болбойт. КСДП өкүлү Жылдыз Мусабекова маршты жана ага чыккандарды батышчыл таризинде кескин айыптап, бул тууралуу социалдык баракчасына пост да жазды.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бет капчан келип дүрбөлөң салгандарды видеокайрылуусунда айыптады:
"Качан кыргыздын жигиттери башына калпак кийип, бетин бет кап менен жабып, сабады эле. Мындай көрүнүш жапайычылык, сабатсыздык, алсыздык".
Коомдук сайттарда маршта чагым жасаган деп улутчул "Кырк чоро" биримдиги айыпталып жатат. Аталган бирикменин өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы зомбулукка эч тиешеси жоктугун айтып жатышат.
"Биз "Кырк чоронун" беш өкүлү Жеңиш аянтындагы феминисттердин жүрүшүн байкап өтөлү деп эле келгенбиз. Биз келген учурда милиция аларды автобуска киргизип жаткан экен. Ал эми калпакчан, маскачан адамдарды ал жактан көрө алган жокпуз. Бизди жаман көрсөтүу үчүн өздөрү да андайды даярдап койгон деген бизде күмөн ойлор бар",- деди кырк чорочу Замирбек Көчөрбаев.
Ал Сведлов РИИБиси аларды Жеңиш аянтына барганы үчүн эле түшүнүк кат жаздырып, үч миң сомдон айып салганын айтты. Милициянын райондук бөлүмү бүгүн маалымат таратып, кечээ маршта кармалган жалпы 11 адамга,анын ичинде алты активистке жана беш чагымчыга айып пул салганын тастыктады.
Дагы бир көнүл бөлүүчү жагдай, марштан кийин анда чакырылган ураандар боюнча фейк сүрөттөр көп болду.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Бизди колдоп келген адамдардын плакаттарына кандайдыр бир жагымсыз сөздөрдү жазып чыгарып атышты. Мисалы, "аялдардын укугун коргойбуз" деп жазылып турса, анын ордуна "мен төрөбөйм" деп жазып чыгарышты", - деди активист Алтын Капалова.
АКШнын Бишкектеги элчилиги да реакция жасап, Кыргызстан көп жылдан бери жарандардын эркин чогулуу укугун камсыздоо боюнча лидер болуп келгенин белгилеп, милициянын аракеттерин айыптады.
Марш өтөрдүн алдында мэрия коронавируска карата митингилерге чектөө коюу өтүнүчү менен сотко кайрылып, бирок ал сунушун кайра чакыртып алган эле.
Бүгүн Баш прокуратура жарандардын митингдерди өткөрүшүнө чектөө жөнүндө сот чечими мыйзамга каршы келет деп билдирүү таратты. Бишкек шаардык соту өз кезегинде Биринчи май райондук сотунун 1-июлга чейин райондун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарды.
































