Залкар манасчыны түбөлүк сапарга улуу дастан менен узатышты

Видеонун түшүндүрмөсү, Залкар манасчыны түбөлүк сапарга улуу дастан менен узатышты
Published

Залкар манасчы жана төкмө акын, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү жерге берилди. Сапарбек Касмамбетов өмүрүнүн аягына чейин манасчылык жана төкмөлүк өнөрдү даңазалап өттү. Манасчыны шакирттери улуу дастан менен узатты.

коштошуу зыйнаты

Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында өткөн коштошуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү, маданий жана коомдук ишмерлер катышты.

Боронов Кубатбек

"Сапарбек Касмамбетов кыргыз журтуна залкар манасчы катары таанылып, эл алдында улуу Манас дастанын күн-түнү айтып, өзүнүн манасчылык өнөрдөгү өзгөчөлүгү, айтуу ыкмасы, образы менен айрымаланып, элдин оозунда бийик баага арзыды. Ал манасчылык өнөрдү жети жашынан аркалап, атактуу манасчылардын изи менен жүрүп, алардын өнөр шыбагасын боюна сиңирип, устат өнөрүн узанып келди. Сапарбек Касмамбетовдун Манас айтуу өнөрүндөгү классикалык үлгүсү катары «Күлчоронун Үргөнч дайрасын кечип өтүүсү», тууралуу баянды айтууга болот. Манас изилдөөчүлөр жана адистер Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы бул баянды манасчылык өнөрдүн туу чокусуна салыштырып келет. Бул баян «Манас» изилдөө жаатында «Сапарбек манасчынын окуясы» деген баага арзыган. Манасчы өзүнүн варианты катары «Жарманас», «Билерик», «Эр Кошой» бөлүктөрүн көркөмдүк чеберчиликте баяндап айтып, эпостун байышына өзгөчө салымын кошкон. Бул варианттарын толугу менен айтып, Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» 40 сааттан ашуун көлөмдө жаздырган",-деп айтылат президенттин сайтына жарыялаган расмий некрологдо.

коштошуу зыйнаты

"Сапарбек ава менен кошо бир доордогу манасчыларынын мууну кетти",-деп эскерди Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова. -ХХ кылымдын башында келген Саякбайдан берки манасчылардын муунунун эң акыркысы - Сапарбек ава эле. Азыр эми аларды улаган жаштар бар. Бул кишинин жылуу, мээрими төгүлгөн жүзүн, сыпайылыгын көргөн киши кыргыздын накта карыясын, акылманын көрөөр эле".

манасчылар

Сапарбек Касмамбетовдун вариантында "Манас" эпосунун негизги окуялары англис тилинде жарык көрүп, кыргыз маданиятындагы чоң жаңылык катары кабыл алынган. Британдык айтылуу манас таануучу Артур Хатто Сапарбек манасчы чоң таасир калтырганын да эскергени бар.

"Чыгармачылыгы жөнүндө көп сөз болду. Ал турмушта жөн эле адам катары дагы улуу адам эле,-деди жакын санаалашы Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев.- Улуу менен дагы, кичүү менен дагы бир туугандай мамиле кылаар эле. Мындай сапат белгилүү кишилерде чанда кезигет. Өтө жакшы адам эле".

жоокерлер

Сапарбек Касмамбетов 87 жашта эле. Коомдук уюмдар тарабынан «Эл манасчысы», «Залкар манасчы» деген наамдары берилген. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, «Манас-1000» юбилейлик медалы жана «Даңк» медалы менен сыйланган. (AbA)

*