УКМК: «Солтон Сарыдан» алтын уурдаган канал аныкталды

Published

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Солтон Сары" кенининдеги алтын чыгаруучу фабрикадан алтын камтыган өнөр жай өндүрүшүн системалык түрдө уурдаган канал кармалды деп кабарлады.

солтон-сары

"Такталгандай, «Солтон Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын кызмат адамдары аталган фабрикадан алтын кендерин Нарын жана Чүй областарынынын аймагында сатуу максатында мыйзамсыз чыгарып турган. 2019-жылдын 27-декабрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын облусунун Оттук айылында "Мерседес Спринтер" авто унаасы кармалып, анда өлчөмү 1500 кг турган 35 кап алтын камтыган кени табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 млн. сомду түзөт",-деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Бул боюнча "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголду.

2019-жылдын 29-декабрында «Солтон Сары» кенинин башчысы «А.М.Ж.», «Солтон Сары» алтын кен фабрикасынын директору «О.Б.Ж.» жана адиси «К.Н.Р.» кармалып КР УКМК тергөө камак жайына киргизилгени белгилүү болду.

Азыркы убакта аталган ишке катыштыгы бар болгон башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат деди атайын кызмат.

Чуусу басылбаган Солтон-Сары

Нарындагы митинг

Жай айында Солтон-Сары кенинен кытайлык компаниясын чыгып кетүүнү талап кылган жергиликтүү тургундардын нааразылыгы чыккан.

Кыргыз өкмөтү Солтон-Сары кениндеги Zhong Ji Mining Company тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү токтоткону тууралуу билдирүү таратты.

Кытайлык «Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт. «Солтон-Сары» кени Бишкек шаарынан 355 км аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Кен жайгашкан жер Бучук жана Алтын -Төр деген эки участоктон турат.

«Zhong Ji Mining Company» Кытай-Кыргыз ЖЧК компаниясына кен пайдалануу укугуна биринчи лицензия 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.З.Курманалиев тарабынан берилген. Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев тарабынан узартылган.

"3228 АЕ лицензиясы — 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин Солтон-Сары кенинин Бучук участкасынан алтын казууга 20 жылга уруксат берилген. Лицензияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы И.К.Чунуевден алышкан",-деп маалымат тараткан эле өкмөттүн расмий сайты.

Компаниянын ишин токтотуу талабы менен чыккан жергиликтүү тургундар менен компания кызматкерлери ортосундагы чырдан элүүдөй киши жабыр тарткан эле.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги дагы Солтон-Сары кениндеги чыр-чатак боюнча кечээ билдирүү таратып, топтолгон эл кытайлык «Zhong Ji Mining» компаниясынын өкүлдөрүн сабап кеткенин, жаңжалдан кийин компания чоң чыгымга туш болгонун маалымдаган. (AbA)