Солтон-Сарыдагы чырдын чагымчыларын ИИМ иликтеп жатат
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Солтон-Сары алтын кенинде чыккан чатак жана кендеги кырдаал парламенттин тармактык комитетинде талкууланды. Маалымат берип жатып өкмөт өкүлдөрү кытай компаниясынын ишинде аныкталган 83 мыйзам бузуунун 52 жоюлганын айтты.

"Кен иштетилип жаткан жакта 80-90 чамасында техника, 60-70 чамасында контейнер бар болчу. Учурда ИИМдин 12 кызматкери кайтарып жатат. Анча-мынча техниканы менчик ээлери чыгарып кетти, учурда ал жакка эч ким кирип чыккан жок",- деди Нарын районунун акими Семетей Черикбаев.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов малдын өлүмү, суунун жана жердин ууланышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөнүн, кен аймагындагы жерден жана суунун курамынан эч кандай уулуу зат табылбаганын айтты.
Солтон-Сарыдагы чатак Кызыл-Омпол чыры жаңы гана басаңдап, Кой-Ташта абал курчуп турган учурга туш келди. Депутаттар ошондуктан бул жерде чагымчыл күчтөрдүн таасири болгон-болбогонун сурашты.

"Сиздер туура айтасыздар. Кызыл-Омполдо, Кой-Ташта жүргөн кишилер ал жакка дагы барышты. Чыгып бул жактан келдик, тигил жактан келдик деп сүйлөп жатышты. Телефон менен дагы сүйлөшүп жатышты. Алар боюнча чара көрүлүп жатат. Анын бардыгын азыр ачыктаганга эрте. Бирок бул атайын уюштурулган инцидент деп айтууга кыйын, ага далил жок",- деди Кубатбек Боронов.
Ошол эле убакта ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Ɵмүрзаков биринчи вице-премьердин айтканын далилдеген фактылар жок экенин, бирок башка жердеги каршылык акциясын баштагандар Солтон-Сарыдагы чырды уюштургандардын арасында да бар экени аныкталганын айтты.
Учурда Солтон-Сарыда абал тынч, кенди иштетүү убактылуу токтоп турат. Августта болгон инцидентти иликтөө иштери жүрүп жатат.
Солтон-Сарыны жайлаган малчылар кытай компаниясы экологияны булгап, жайытта жүргөн мал кырылып жатат деп арызданып, каршылык акциясына чыгышкан. Кытайлык жумушчулар менен жергиликтүү жарандар кагылышып, ондогон кытай жараны жана жергиликтүү тургундар жабыркаган. Ошондон кийин өкмөт компаниянын ишин убактылуу токтоткон.
Климаттык шарты катаал Нарын өрөөнү негизинен мал чарбасы менен жан багып келет. Айрыкча жумушсуздук чоң көйгөй. Расмий маалыматтарга ылайык, ички миграциянын күчтүү агымы дал ушул облуска таандык. Жакырчылык менен миграцияны азайтуу үчүн тоо-кен тармагын натыйжалуу иштетүү керек деген менен жергиликтүү эл экологияга тынчсызданып жатат.
"Тоо кен тармагын ишкер киргизүү менен аймактардагы көйгөйлөрдү тез арада чечип алсак болот. Солтон-Сарыдагы соңку кырдаал бизди жакшы жакка алып барбайт. Эгер кандайдыр бир карама- каршылыктар болсо аны инвестор менен өкмөт сүйлөшүү жолу аркылуу гана чечип коюшу керек болчу. Тоо кен тармагы татаал өндүрүш. Ошондуктан өкмөт тигил же бул инвестор менен келишимге бараардын алдында мыкты адистердин жардамын алышы керек. Өлкөдө кен иштетүүдө чыр чатактын чыгып жатышы, өкмөттүн адистерди аралаштырбай чабал иш алып барып жатканында",-деди Би-Би-Сиге тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев.

Солтон-Сары кенин казууга байланыштуу маселе биринчи жолу эле козголуп жаткан жок. Жергиликтүү тургундар инвестор компаниялар экологияны булгайт деп кен казууга бир нече жолу каршы чыгышкан эле. Ал эми кенди иштетүүгө уруксат алган Кытайдын Jhong ji Mining ишканасы жергиликтүү тургундардын талаптары эске алына турганын убада кылган.
Анткен менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы кытай компаниясы чалгындоо иштерин жүргүзүүдө бир топ эрежелерди одоно бузганын аныктап чыкты.
Инвестор компания учурда кен жаткан жерге жол салып, электр кубатын жеткирип, 2021-жылы кен казуу иштерин баштоого камданып жаткан эле. Бул жакта 11 тоннага жакын алтын бар экени такталган.
































