Тажик элчисине нааразылык нотасы тапшырылды

Сүрөттүн булагы, Radio Ozadi
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Баткендеги чек арада орун алган соңку окуялар боюнча Бишкектеги тажик элчисине Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нараазылык нотасын тапшырды.
Кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылып, кырдаал чыңалып кетүү коркунучу бар.
Чорку жана Ворухтагы тажик тургундары Баткен районундагы чек арада болгон чатактарга Кыргызстандын "Көк-Таш" чек ара бекетинин жетекчилигин айыптап, ал тургай конкреттүү ысымдарды атап жатышат.
"8-январда Көк-Таш айылында тажик жараны Нарзулло Абдуллоевдин эски үйүн өрттөп салышкан. Эртеси эч себеби жок эле Чорку аймагынын тургуну Зафар Аъзамовго кол салышып, автоуунасынын күзгүсүн сындырып салышты. Бүгүн түнү болсо, кыргыз тарап абаны көздөй туш келди ок чыгарды",- деди Исфарадагы тажик бийлигинин өкүлү Икбол Тешаев Би-Би-Сиге.
Тажик тарап чек арадагы окуяларды атайын алдын ала даярдык менен жасалган чагым деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, Social media
Буга чейин Тажикстандын Чек ара күчтөрү да Баткендеги чырдын чоо-жайы боюнча маалымат таратып, болуп өткөн окуяларга жоопкерчиликти кыргыз тарапка жүктөгөн эле.
"Ховар" аттуу тажик басылмасы "кыргыз тараптан атылган ок Исфара шаарынын милициясы өкүлү Фарход Икромзоддун унаасына тийип, ал өзү жараат албаганын" жазды.
Бирок бул айтылгандарга Баткендеги чек ара тургундары такыр макул эмес. Алар таш ыргытуу, ок чыгаруу да коңшу өлкө тараптан башталганын айтып жатышат.
Жеринде жүргөн кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров алар менен жолугушкандан кийин Би-Би-Сиге буларды билдирди.
"Чек арадагы бул чагым иштерди кошуна өлкөнүн кээ бир жарандары бейтаныш адамдар аркылуу жүргүзүп жатканы далил. Себеби, бул окуянын келип чыгышына анализ жүргүзгөндө, тажик тараптан чагым болуп атканы маалым болду ".
Баткенде 10-январга караган түнү болгон окуялар үчүн тараптар кайчы айыптоолор коюп жаткан чагы.

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын эң кыска бөлүгү (970,8 км) Тажикстан менен чектеш аймакка туура келет. Бирок Борбор Азиядагы чек арадагы чатактардын саны боюнча соңку жылдары бул аймак алдыга чыкты десек болчудай. Ортодо 70 жер тилкеси боюнча талаш-тартыштар бар.
2019-жылы Баткендеги кыргыз-тажик чек ара аймагында ок атышуу менен 14 чыр катталып, анын жыйынтыгында эки тараптан жалпы жети киши каза таап, алтымыштайы жаракат алды.
Чек арадагы соңку кырдаалды бүгүн эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери деңгээлинде телефондук сүйлөшүүлөр жүрүп, Жеңиш Разаков менен Азим Ибрахим инцидиентти биргелешип, ар тараптуу иликтөөгө макулдашышты.
































