Түндүк Корея субмаринадан ракета учурду

Сүрөттүн булагы, KCNA via REUTERS
Түндүк Корея жаңы муундагы баллистикалык ракетасы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялады. Ракета суу алдында жүрүүчү кемеден атылган.
Ушуну менен Пхеньян быйылкы жылы он биринчи ирет ракетасын сынап жатат. Бирок бул жолку сыноо абдан маанилүү. Буга чейин Түндүк Корея субмариналары өзөктүк дүрмөтү бар баллистикалык ракетаны алып жүрүүгө ыңгайлашкан деп айтып келген. Соңку сыноосунда Пхеньян аны далилдеди. Демек, Түндүк Корея өз территориясынан сырткары аймакта дагы ракета учура алат.
Түштүк Кореянын расмийлери баллистикалык ракета 450 чакырым учуп, 910 чакырым бийиктикке көтөрүлгөнүн билдирди. Түндүк Кореянын ракетасы Эл аралык космос станциясынан дагы бийик учту.
Мунун алдында эле АКШ менен өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөр уланат деген кабар тараган. Ошондон бир нече саат өткөндөн кийин сыноосун ишке ашырды.
Пхеньян эмне болгон ракетаны сынады?
Түндүк Кореянын мамлекеттик KCNA агенттиги "коргонууга багытталган" Pukguksong-3 баллистикалык ракета ийгиликтүү сыналганын жазды. Ошондой эле "коңшу өлкөлөргө эч кандай коркунуч жаралбаганы" дагы маалымдалууда.
Мурдагы сыноолордон айырмаланып, бул жолу Ким Чен Ындын ракетаны учурууга буйрук берип жаткан сүрөттөрү жарыяланган жок.
Pukguksong-3 баллистикалык ракета Түштүк Корея же Жапониянын аймагына чейин оңой эле жетет. Эгерде ракета Субмаринадан атылса, суу алдынан жүргөн кеме бутага кыйла жакын бара алат жана мындай ракетанын багытын аныктоо абдан татаал.
Reuters агенттиги Түндүк Кореянын субмариналары 1990-жылдары курулуп, 7 миң чакырым аралыкка чейин жүрө аларын кабарлады. Андай болсо Пхеньядын субмариналары Гавайиге чейин жете алат. (AT)

































