Кыргыз-кытай чек арасындагы он километрге созулган кезек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркештам" көзөмөл пунктунда кезек күткөн автоунаалар жыйылып, кезектин узундугу он километрден ашып кеткени жөнүндө маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.
"Эркештам" көзөмөл пунктунда кезеккүткөн машиналардын он километрден ашуун болуп тизилип калды. Көзөмөл өткөрүү пунктунда иш тиешелүү деңгээлде жүрбөй жатат",-деди бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Пиримов.
Депутаттын айтымында чек арадагы кезек күткөн машакат кыйынчылык жөнүндө көп кайрылуулар түшүп жатат. Кээ бир машиналар бир жумалап кезек күткөн учурлар бар:
"Бул түздөн түз биздин экономикалык, социалдык, инвестициялык көрсөткүчтөрүбүзгө таасирин тийгизе турган маселе".
Бирок, Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы жана Кытайга жүк ташыган логистикалык компаниялар чек арадагы узун кезектин себеби кыргыз тараптын тейлөөсүндө эмес, кытай тарапта болуп жатканын айтышууда.
Бишкектеги Prolife trade компаниясынын өкүлдөрү Кытайда майрам күндөрү башталып жатканына байланыштуу чектөөлөр болуп жатканын, 1-октябрдан тарта бир аптага кытай тарап таптакыр эле жабыла турганын билдиришти.
1-октябрда Кытайда мамлекеттик эң башкы майрам - Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү майрамдалат.
Айтмакчы, мурунку жылдарда кытай тараптын өкүлдөрү кыргыз өкмөтүнө кайрылып, кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркештам бажы пункттарынын иштөө мөөнөтүн узартып, 8 сааттан 12 саатка жеткирүүнү жана дем алышсыз иш тартибине өткөрүүнү сунуштаган эле.
Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов Би-Би-Сиге Торугарт жана Эркештам бажы бекеттери жумушчу күндөрү 24 саат бою иштей турганын билдирди. (КС)
































