ЕАЭБ: Эркин соодага бут тоскон ээнбаштыкпы?

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Казакстан соода мыйзамдарын бузуп жатканы жөнүндө кыргыз бийлиги ЕАЭБге жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылганы жатат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Экономика министрлиги билдирди. Кыргызстан ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясындагы өкүлдөрүн чакыртып алмакчы болууда. Ал ортодо чек арада курчуган жагдайдын артында жаңы шайланган президенттин таасири барбы деп шектенгендер да жок эмес.

Кыргызстан ЕАЭБге эң оболу эркин сооданы көздөп кирген

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан ЕАЭБге эң оболу эркин сооданы көздөп кирген

"Ак -Тилек" чек ара көзөмөлүндө жүк ташуучу унааларды текшерүү күчөгөнүнө эки аптадан ашып калды. Бүгүнкү күндө эки жүз элүүдөй унаа кезек күтүүдө. Казак тарап ар бир унааны жана товарларды бирден текшерип жатат. Алар үчүнчү өлкөлөрдөн аткезчилик болуп жатканын жүйөө тартууда.

"Эгер ошол товарлар Кыргызстанга аткезчилик жол менен кирген болсо, ал биздин ички маселе. Ал товарларды өзүбүз текшерип алышыбыз керек. Казакстан көзөмөл пункттарына кызматкерлерин коюп, ар бир унааны текшерүү менен ЕАЭБ келишимин бузуп жатат. Бажы жана финансы министрликтеринин өкүлдөрү ал жерде турбашы керек. Эгер кайсыл бир жүк ташуучу унаа күмөн жараткан учурда гана атайын түзүлгөн мобилдик топ текшерсе болот. Казакстан болсо баарын катары менен текшерип жатпайбы",- деди Би-Би-Сиге Экономика министрлигинин өкүлү Аскат Беков.

Чек-ара маселеси Казакстан президенти алмашкан учурга туш келди

Казакстандын чек ара бекеттеринде текшерүү күчөгөнү коңшу өлкөнүн президенти алмашкан учурга туш келди. Андыктан бул жерде көзөмөл эле эмес, саясий себеп издегендер да бар.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү аземи

Сүрөттүн булагы, PAVEL ALEXANDROV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү аземи

"Биздин мамлекет башчы Казакстандын жаңы шайланган президенти менен барып учурашышы керек. Албетте, мындай иштерди саясий жана дипломатиялык каналдарды колдонуу менен чечүү маанилүү",- деди Жүк ташуучулар бирикмесинин төрагасы Темирбек Шабданалиев.

Мындай кырдаал эки өлкө ортосунда биринчи жолу катталып жаткан жок. 2017-жылдын күз айларында Казакстан чек арада көзөмөлдү күчөтүп, натыйжада кыргыз ишкерлери көп зыян тарткан. Анын алдында Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү кызып, ошол убактагы президент Атамбаев Казакстандын лидерин Кыргызстандагы оппозициячыл талапкерди кабыл алганы үчүн катуу сынга алган.

"Назарбаев Бабанов менен жолукканда Кыргызстанга жаш президент келсе жакшы болмок деп айткандарын колдойм. Бирок бизде президенттикке талапкерлердин эң улуусу Назарбаевден жыйырма жаш кичүү. Мен он алты жаш кичүүмүн. Ошондо жаш президент кимге керек. Бизгеби же Казакстангабы?".

Бажы жана Чек ара кызматтары коррупцияга чырмалган тармак экени өкмөттүк деңгээлде көп жолу айтылган. Андыктан Казакстан коюп жаткан маселенин жүйөөсү бар, дейт Темирбек Шабданалиев.

"Маселен, биздин айдоочулар мурун Кытайдан товар ташып келгенде бир топ мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзчү. Жалпак тил менен айтканда пара берип келген. Азыр антип ачык албай калышты. Бирок коррупцияга баруунун жашка жолун табышты. Казакстандын маалыматы боюнча, Кытайдан бизге кирип жаткан товарлар төрт миллиард долларды түзөт. Биздин статистикалык маалыматтарга ылайык, бир миллиардга жетпейт. Ошондо калган сумма каякка жок болду деген суроо туулат. Чек арадан өтүп жаткан товарлар боюнча документте башка суммада көрсөтүлүп, текшере келгенде андан дагы көп сумма чыккан учурлар болот. Бул ошол тиешелүү мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү менен соодагерлер биригип мыйзам бузуп жатканынан кабар берет. Кытайдан Кыргызстанга ташылып жаткан товарлар дагы ушундай ыкма менен кирет. Ошол себептүү Казакстан дагы кооптонуп жатат да".

Казакстан ЕАЭБ мыйзамдарын канчалык аткарууда?

Кыргызстан ЕАЭБге эң оболу эркин сооданы көздөп кирген. Бирок адистер бул процесс теңчилик принцибинде жүрбөй жатат дешет. Орусия, Казакстандан өлкөгө кирип жаткан товарлар арбын. Ал эми Кыргызстандын экспорту өскөн жок.

Кыргыз-казак чек ара бекети

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-казак чек ара бекети

"Өзгөчө Казакстанда аябагандай чоң соода тоскоолдугу бар. Өзүбүз чыгарган товарларды Казакстан рыногунда эркин сата албайбыз. Кысымдар абдан көп. Бирок бул жерде Кыргызстандын дагы күнөөсү чоң. Тиешелүү министрликтер жеткиликтүү иш алып барган жок. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргобой жатат. Жоопкерчиликтен качып, убакытты чоюп отурушат. Булардын чабал иш алып барып жатканы, чыр чатактын келип чыгуусуна шарт түзүүдө,- деди Шабданалиев.

Расмий Казакстан өз кезегинде чек арадагы текшерүүлөр үчүнчү өлкөдөн кирип жаткан товарларга болуп жатканын айтууда. Бирок Экономика министрлиги алардын арасында Кыргызстандын жергиликтүү товарлары дагы бар экенин билдирди.

"Ак -Тилек" жүк өткөрүүчү ири чек ара бекеттеринин бири. Күнүнө бул жерден 250-300 жүк ташуучу унаа өтүп турат.