Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз: Орусия эмнеге унчукпайт?

- Author, Сапаргүл Абдинабиева
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт байланышын бөгөп салганына 16 күн болду. Бирок абал өзгөрүүсүз кала берүүдө.
Мурдагыдай эле Кыргызстан тараптан бараткан оор жүк тарткан унаалар чек арадан өтө албай күндөп-түндөп кезек күтүп турушат.
Башында казак тарап мындай аракетин Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу, коопсуздук чараларын күчөткөнү менен түшүндүргөн. Кийин кыргыз тарап ЕАЭБ талаптарын аткарбай жатат деп айыптап чыкты.
Өкмөт башчылардын Астанада, андан кийин Еревандагы сүйлөшүүлөрү азырынча натыйжа бере элек.
Бишкекте бир катар эксперттер, коомдук ишмерлер чогулуп, “Кыргыз-казак мамилесинин мындан аркы өнүгүүсү, ЕАЭБ келечеги” деген теманын алдында талкуу өткөрүштү.
Эксперттик чөйрө ЕАЭБ башында турган Орусия соңку кырдаал боюнча эмнеге үн катпай жатат деп суроо салууда.
“Менимче, кыргыз-казак мамилеси ЕАЭБ үчүн тест болуп жаткан сыяктуу. Башкача айтканда, муну уюмдун келечеги барбы деген тест сыяктуу каралып жаткандай. Соңку кырдаалдан улам айтсак, уюмдун келечеги жок. Эмне үчүн? Арадан он беш күн өттү, бирок алигүнчө Орусиянын бийлиги үн ката элек. Алар уюмдун башында турган өлкө катары сөзсүз өз позициясын билдириши керек эле да. Бирикменин экономика багыты боюнча комиссиясы бар. Алар эмнеге унчукпайт? (!) Мунун КМШ өлкөлөрүнө да таасири тийиши мүмкүн. Айталы, Тажикстан бизди карап турат, эгер уюм ийгиликтүү болсо алар да кошулуу ниети бар. Эми алардын уюмга кириши албетте күмөндүү ойлорду туудурат. Анткени абалды алар деле байкап турушат”,- деди Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов.

Бишкекте өткөн талкууга онлайн аркылуу катышкан казакстандык айрым эскперттердин пикиринде, чек ара маселеси Кыргызстанда жаңы шайланган президент ишке киришкенден кийин чечилиши мүмкүн.
“Жеке пикиримде, 1-декабрдан кийин баары жакшы болот. Алмазбек Атамбаев бийликте турганда эки өлкө ортосундагы жаралган азыркы абал алдыга жылбайт деп ойлойм. Анткени кыргыз президенти кечирим сурабайт, кечирим сураган күндө деле абал жакшырып кетпейт. Кийинки келген кыргыз президенти кайра жаңы барактан баштап, мамилени жакшыртат деген ойдомун”,- деди Казакстандын президентинин алдындагы Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун башкы адиси Жаксылык Сабитов.
Кыргыз-казак чек ара маселеси геосаясатта
Эки өлкө ортосундагы түзүлгөн кырдаал бүтүндөй чөлкөмдүн көңүл борборунда болуп жатат. Буга чейин Кыргызстан көп жылдар салкын мамиледе болуп келген түштүк-батышындагы коңшусу Өзбекстан менен байланыштарын бекемдеп жаткан эле.
“Эми Казакстан геосаясатта лидер боло албайт. Ал өзүнүн ролун түшүрүп алды. Ал эми Өзбекстан болсо, өзүнүн таасирин арттырып жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан геосаясатта негизги оюнчу катары чыга келди. Эмне үчүн? Анткени Кыргызстан президенттин сөзү аркылуу Казакстандын ички дагы, сырткы да саясатына таасир этип койду. Соңку 26 жылдан бери биринчи жолу казак коомчулугунда эки башка пикирлердин кармашы жүрдү. Эми башка өлкөлөр да Кыргызстан менен эсептешип баштайт”,- дейт эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 15-октябрдагы шайлоонун алдында билдирүү жасап, анда чек арадагы кырдаалга да токтолгон. Казакстан чек-арадагы абалды шайлоолорго шылтап жаткандыгын айткан өлкө башчысы, шайлоо бүткөндөн кийин коңшу өлкөнүн кадамдарына жараша чечим болорун эскерткен эле.
'Биз шайлоону өткөргөн эки-үч күндөн кийин деле кырдаал мурунку тейден калса, мен Кыргызстандын президенти катары ЕАЭБ өлкө жетекчилеринин кезексиз жыйынын чакырууну талап кылам. Евразиялык экономикалык биримдиктин уставы боюнча менин андай укугум бар. ЕАЭБ бар уюмбу же жокпу биз тактап алышыбыз керек', - деген эле Атамбаев.
Шайлоодон кийин кыргыз өкмөтү казак тарап ЕАЭБ укуктарынын нормаларын сактабай жатканын билдирип, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын атына кат жөнөттү.
'Казакстандын чек арадагы өткөрмө бекеттерде кошумча көзөмөл киргизиши ЕАЭБ тууралуу келишимдин максаттарына жана негизги принциптерине каршы келип, Евразиялык экономикалык интеграцияга жетишүү максаттарына коркунуч туудурат. Казакстан товар ташуу эркиндигин чектеп, бирдиктүү ЕАЭБ базарынын негизги иштөө принциптерин бузууда',-деп айтылат министрлик жолдогон билдирүүдө.

Бирок азырынча ЕАЭБ тараптын дагы, ага мүчө өлкөлөрдүн дагы түзүлгөн кырдаал боюнча ачык позициясы айтыла элек.
Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинде азыркы Кыргызстан менен Казакстандай абал үч жыл мурда Белорусия жана Орусиянын ортосунда орун алган эле.
Ал окуяда Москва Беларусияны сапатсыз азык-түлүктөрдү Орусия аймагына реэкспорт кылып жатат деп айыптап, буга жооп кылып Минск Орусиядан келген жүктөрдү чек арадан катуу текшерүүгө алып, узун кезектер пайда болгон.
Бул окуядан кийин айрым серепчилер биримдиктин ичинде жалпы бекем эрежелер чабал экенин айтып чыгышкан.
































