ЕАЭБ ичиндеги үч жыл: үмүт акталдыбы?

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине августта үч жыл толот. Өкмөт соңку жылдары ЕАЭБ базарына товар ташуу арзан болуп жана тездеп калганын айтууда. Мунун эсебинен былтыр экспорт 13%га өсүп, жалпы көлөмү 1 миллиард 800 миллион долларды түздү.
Анын барандуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келди.
Уюм жактоочулары ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстандын азык-түлүк продукциясын экспорттоо потенциалы 20%га өсөрүн айтышкан. Үмут канчалык акталды жана жергиликтүү дыйкан, фермерлер чынында ЕАЭБден кандай пайда көрдү?
Экономика министирин орун басары Элдар Абакиров атамекендик өндүрүүчүлөр, өзгөчө дыйкан-фермерлер ЕАЭБ базарларына дагы деле ынгайлаша албай жатканын белгиледи.
"ЕАЭБге киргени товар, азык-түлүк продукцияларын ташууда мурункудай бажы, фитосанитардык көзөмөлдөр жокко чыкты. Мөмө-жемиш жеткизүү алда жеңил болуп калды. Бирок ал жакка азык-тулүк экспорттодо базар структурасы өзгөрдү. Мурун кыргызстандык жер-жемиштер көбүнчө ачык базарларда сатылган болсо, азыр дүңүнөн анан супермаркеттерде сатылып калды. Алардын сапат жагынан стандарттары күчтүү болгондуктан биздин көп дыйкандар жооп бере албаган учурлар катталууда",- деди чиновник.

Сүрөттүн булагы, official
Учурда кыргыз жер-жемиши Россиянын 100, ал эми Казакстандын 30дай шаарына ташылат.
ЕАЭБ рыногу Кыргызстандын жашылча-жемиштерине кенен кулачын ачканы менен чийки эт менен сүт азыктарын ташуу мурункудай эле машакаттуу тейден калууда.
Өкмөт өлкөдө эпизоотиялык абал туруктушып, мал ылаңы азаюуда дегени менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр дагы деле Кыргызстандын эт-сүтүнө ишеңкиребей жатат.
"ЕАЭБдин талабына ылайык мал сойчу жайлар курулган эмес, азыр эми биз кеңеш берип, үч-төрттөн курулуп баштады. Экспортко чыгарууда ошол жактан кыйналышат. Экинчиси этти экспортко алып чыгууда көп партия болуш керек экен да. Ошол жагынан уюштуруу иштеринен аксап жатабыз. Бирдиктүү реестр кылыш учүн тигил жактан инспекторлор келгенде мал каяктан келет, кандай союлат, кандай сакталат талаптарына жооп бере албай калып атабыз", -деди Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Манас Майканов
Ошондой болгон күндө деле ЕАЭБ базары ачылганы эт-сүттүн экспорту мурдагыга салыштармалуу өсүп жатат деп кошумчалады чиновник. Алалы, 2015-жылы сыртка этти алты-жети эле ишкердик компания экспорттоп келсе, азыр андайлар саны 44кө жетти. Сүттү мурун бирин-экин гана жоопкерчилиги чектелген уюмдар ташыса, азыр 15 компания шугулданат.

ЕАЭБ киргени дагы бир жагдай, ички базарга Беларустан, Россиядан арзан өндүрүм аралашып, атаандаштык күчөдү.
"Былтыр Россиядан картошка келе баштады. Себеби баасы арзан болуп, помидор жакшы чыкпай калып, ошол эле Россиядан помидорлор ташылды. Кимдин продукциясынын баасы арзан болсо, ошол өлкөнүн товарлары ЕАЭБ базарларына кирип кетип атат", - деди Экономика министирин орун басары Элдар Абакиров.
2016-жылы аталган министрлик Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт агенттигин түзгөн. Азыр ал Кытайга, Казакстанга, Россияга жана башка өлкөлөргө товарды кантип сатуу керектиги жөнүндө, кандай эрежелерге жооп бериши керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
































