Светтик өлкөдө ислам саясий эмес, социалдык ролду аткарат

Сүрөттүн булагы, Preident.kg
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
- Published
Исламды саясатташтыруунун алдын алуу, радикалдаштырууга жол бербей, улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоо, мамлекет менен диндин карым-катышынын алдыңкы тажрыйбасы талкуунун башкы темалары.
Бул конференция Кыргызстанда азыркы учурда динди радикалдаштыруу коркунучунун алдын алуу маселеси курч турган учурда өтүп жатат.
Эгемендик жылдары өлкөдө ислам дининин таасири абдан күчөп, анын ичинде исламдын бул элге мүнөздүү эмес агымдарынын киришинен социалдык жаатташуу, бѳлүнүп-жарылуу, улуттук салттарды жерүү тенденциялары пайда болду. Динге жамынып алып башка мусулман өлкөлөрдүн жашоо образы, салттары, кийимдери таңууланып жатканына президент Атамбаев бүгүнкү сөзүндө да токтоло кетти:
"Ислам - бул өзүнчө бир дүйнө, ал доктринаны да, адамдын жүрүм-турумун да камтыйт, анын коомго тийгизген таасири зор. Айрым өлкөлөрдө Ислам өзүнүн өзгөчөлүктөрү, спецификалуулугу бар турмуш образы болуп калган. Бул өлкөлөрдөн келишкен миссионерлер жана уюмдар башка тарыхый-маданий контексттеги өлкөлөрдө ишмердик кылууда өз турмуш образын, өз маданиятынын элементтерин "таза" Ислам түрүндө таңуулаган учурлар бар. Бул көп учурда светтик өлкөлөрдө чыңалууну күчөтүп,коомдо ишенбестикти, бөлүнүп-жарылууну жана коркунучту жаратат, ал эми айрым учурларда радикализм менен расизмдин өсүшүнө түрткү болот".
Ѳлкөдөгү диний кырдаалды Коопсуздук кеңеши эки жыл мурда карап чыккандан кийин диний чөйрөнү таштап койбой, аны менен карым-катыш кылуунун мамлекеттик концепциясын иштеп чыккан.
Алмазбек Атамбаев радикал күчтөр исламга жамынып иш кыла турганын баса белгилеп кетти. Саясатчылар дин факторун пайдаланууга аракет кылары Кыргызстанда ушул шайлоодо өзгөчө көрүндү. Мурдакы муфтийлердин талапкерлерди колдоп ураан чакырганын коомчулук абдан кооптонуу менен кабыл алды. ЖК депутаты Каныбек Иманалиев парламенттеги сөзүндө дин менен саясатты бириктирүүнүн оор кесепети болорун эскертти.

Эксперттер исламдын саясатташып жатканы бардык жерде болуп жатканын белгилешүүдө. Кеп анын деңгээли канчалык экенинде,-дейт «Цивилизациялар диалогу» изилдөө институтун жетекчиси Алексей Малашенко.
«Исламдын саясатташуусу бардык жерде жүрүп жатат, Москвада, Лондондо, Сауд Аравиясында болобу. Негизги маселе кайсы деңгээлде жүрүп жатканында. Жергиликтүү диний элита шайлоодо кимди шайлай турганын айтууга укуктары жокпу? Алардын толук укугу бар. Бирок анын ошончолук таасирин көрбөй турам. Ар бир динаятчынын позициясы бар. Бирок менин оюмча Кыргызстанда бул таңууланып жаткан жок»,-деди Алексей Малашенко.
Талдоочулар Кыргызстан сыяктуу светтик өлкөдө ислам саясий эмес, социалдык ролду аткарып, элди бөлүп-жарууга эмес, аны бириктирүүгө кызмат кылышы керек дешет. Ал үчүн мамлекет диний чөйрөнү кыспай, өз талабын таңуулабай, негизинен кызматташтык жолунда болгону туура.
Ошол эле учурда мамлекет өзүнүн жарандарын сырттагы динге жамынган радикал күчтөрдүн таасиринен оолак кармашы керек болуп жатат. Анткени, жашоодо өз ордун таппаган, диний сабаты төмөн, жумушсуз жаштар тышкы диний-экстремисттик күчтөрдүн азгырыгына кирип кеткен көрүнүштөр тыйыла элек. Сирия менен Ирактын аймагын байырлаган "Ислам мамлекети" аталган экстремисттик күчтөрдүн катарына кеминде беш жүз, ар жагы миңге чукул кыргыз жарандары кошулуп кеткенин өлкөнүн улуттук коопсуздук комитети билдирип келет.
































