Сүрөт баян: Европадагы кургакчылыктан Гарда көлү жана Рейн дарыясы соолуп калды

Published

Европаданы ысык күндүн аптабы адамды алсыратып, жамгырдын аздыгы бүт континентте кургакчылыкты күчөтүүдө. 

Германияда Рейн дарыясынын суу деңгээли төмөндөп кетти, Италияда Гарда көлү соолуп калды, ал эми Францияда дыйкандар кургакчылык быйыл жайда түшүмдүн үчтөн бир бөлүгүн жок кылышы мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. 

Англиядагы кургакчылык

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Англияда расмий түрдө кургакчылык жарыяланды. Акыркы күндөрү Лондондо жана ага жакын аймактарда жамгыр жааганына карабастан, шаардын сейил бактарындагы газондор саргайып, кургак бойдон калууда.
ПСЖ жана "Монпелье"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Францияда да газондор кургакчылыктан жапа чегүүдө. Сүрөттө - ПСЖ менен “Монпелье” футбол клубдарынын 13-августта өткөн оюну.
Гордон дарыясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франция башка континенталдык Европа сыяктуу эле кургакчылыктан катуу жабыркап жатат. Сүрөттө - адатта толук аккан Гордон дарыясы, Андүз департаменти.
Белгиянын картөшкөсү

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бельгиядагы кургакчылык картөшкөнүн түшүмүнө коркунуч келтирүүдө. 2018-жылкы кургакчылык салттуу бельгиялык фри-картөшкөсүнүн кыскаруусуна алып келген. Анда Улуттук фермерлер союзу бул тууралуу эскертүү да чыгарган. Быйыл эскертүү боло элек.
Вестфалиядагы Рейн

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиялык Вестфалиядагы соолуп калган Рейн. Ушул аптада дарыянын жогорку жана ортоңку бөлүктөрүндө кемелердин жүрүшү дээрлик токтоп калды - эксперттер бул Германиянын жылдык ИДПсына таасир этиши мүмкүн деп божомолдошту.
Векери көлү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Венгрияда бир нече жуманын ичинде эки салыштырмалуу чоң көл соолуп калды. Векери көлү бир кезде Дебрецендин кооз жерлеринин бири болгон, бирок кургакчылыктын кесепетинен бул жерде кир суунун кууш тилкеси гана калган.
Виндзордогу парк

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британ монархтарынын резиденциясы жайгашкан Виндзордогу парк.
Охбах дарыясы

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рейндин куймаларынын бири - Охбах дарыясы, 16-август.
Гарда көлү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Италиянын түндүгүндөгү Гарда көлү. Туристтер кургакчылыктан улам ачылып калган таштарды бойлоп басып жүрүшөт. Көлдүн мындай тайыздоосу тарыхта боло элек.
Вехт дарыясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рейндин дагы бир куймасы, нидерланддык Вехт дарыясы насостордун жардамы менен толукталып жатат.
Гардиана дарыясынын нугу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Батыш Испаниядагы Гардиана дарыясынын нугу, 16-август. Бул өлкө да кургакчылыктан жапа чеккен.
Беусихем шаары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нидерландиядагы Беусихем шаары. Кургакчылыкка чейин бул жер яхталар менен кайыктар токтоочу жай болгон.