АКШ Covid-19 вирусу каяктан чыкканын иликтейт

Президент Байден

Сүрөттүн булагы, EPA

Published

АКШнын президенти Жо Байден өлкөнүн атайын кызматтарына Covid-19 вирусу каяктан чыкканын тез арада иликтеп чыгууга буйрук берди. Байден 90 күндүн ичинде отчет күтөт.

Covid-19 вирусу 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухан шаарында биринчи жолу катталган. Андан бери 168 миллион киши вируска кабылып, 3,5 миллион адам андан каза тапты.

Кытай расмийлери коронавирус Ухань шаарындагы деңиз азыктары базарынан тараганын айтышкан. Окумуштуулардын басымдуу бөлүгү дагы вирус табигый жол менен жаныбардан адамга жуккан деген пикирде.

Бирок соңку күндөрү АКШнын жергиликтүү медиасы Covid-19 вирусу Кытайдын лабораториясында жасалган болушу мүмкүн экенин кабарлашууда.

Бээжин бул маалыматты четке кагып, вирус тескерисинче АКШдагы лабораториядан Кытайга жеткирилген деп айтууда.

Ухань шаары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коронавирус лабораторияда жасалды беле?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттер тобу 2021-жылы март айында Covid-19 пандемиясына себеп болгон вирус кайдан, кантип кишиге жукканын иликтеген. Бул иштер кытайлык окумуштуулар менен биргеликте жасалган.

ДССУнун 17 эксперти жана кытайлык окумуштуулардын биргелешкен докладында, Covid-19 жарганаттардан тарап, башка жаныбар аркылуу мутацияланып кишиге жукканы айтылат. Бирок ал эмне болгон жаныбар экени аныкталган жок. Мындай божомол буга чейин деле кеңири айтылып келген эле. Ошондой эле вирус лабораторияда жасалды деп айтуу “күмөндүү” экени белгиленген. Бирок ДССУ кошумча изилдөөлөр керек экенин дагы жарыялаган.

Ошол эле учурда уюмдун эксперттеринин Ухандагы 27 күндүк жумушчу сапары чектелүү болуп, Кытай бийлиги тарабынан тоскоолдуктар болгону айтылган. Изилдөөгө алынган маалыматтарды кытайлык окумуштуулар берген. Алардын көпчүлүгү мамлекеттик мекемелерде иштейт.

Учурда АКШнын жергиликтүү медиасы өлкөнүн атайын кызматынын маалыматына таянып, 2019-жылы ноябрь айында Ухандын вирусология институтунда иштеген үч кызматкери ооруканага түшүп калганын, бир нече аптадан кийин вирус шаарда кеңири жайылганын кабарлашууда.

Ошол эле учурда АКШнын вирусология боюнча алдыңкы адиси жана президент Байдендин кеңешчиси Энтони Фаучи вирус табигый жол менен жаныбардан адамга жукканын белгилеген.