Жогорку Кеңештин жаңы курамы ант берди
28-ноябрда өткөн шайлоодо жеңип чыккан депутаттар бүгүн биринчи жыйынга чогулуп, ант бергенден соң жаңы төраганы шайлоого киришти.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Кыргызстан өтүп бара жаткан жылы президенттик мамлекеттик башкарууга кайтып, жаңы парламенттин ыйгарым укуктары чектелип калды.
Жаңы Баш мыйзам боюнча президент парламенттин макулдугусуз эле өкмөттү өзү дайындап, отставкага кетире алат. Мындан тышкары, сот, прокуратура, коопсуздук кызматы, армия жана башка мамлекеттик органдарды көзөмөлдөй алат.
Жогорку Кеңеш депутаттарынын саны 120дан 90го түштү.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн Жогорку Кеңеште соңку шайлоо жыйынтыгы боюнча жаңы парламент курамы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, “Ата Журт Кыргызстан” партиясына 15 мандат берилип, анын бешөө аял талапкерлерге бөлүштүрүлдү. “Ишеним” 12 мандат, бул партиядан аялдар алган мандаттын саны – төрт. “Ынтымак” партиясы тогуз мандат алып, үчөө аялдарга кетти. “Альянс” жети мандат алды, анын экөөсүн аял талапкерлер алат. “Бүтүн Кыргызстанга” алты мандат тийди, анын экөөсү аялдарга тийиштүү. “Ыйман Нуру” беш мандат алып, эки мандат айымдарга тийди.
Шайлдабекова шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын 64-беренесине ылайык, мандаттардын 30% кем эмес бөлүгү аял талапкер арасында бөлүштүрүлгөнүн айтты. Андан кийин бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген 34 депутаттын ысымын атады. Шайлоо өтпөй калган эки округ боюнча кайрадан шайлоолор 27-февралга дайындалганын билдирди.
Андан кийин жаңыдан шайланып келген депутаттарга ырастама жана төш белгилер тапшырылды. Эң биринчи болуп “Ынтымак” партиясынын өкүлү Шарапат Мажитова төш белги алып, ант берди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Регламентке ылайык, биринчи сессияны эң уулу депутат ачат. Андыктан мындай ыйгарым укук 66 жаштагы Шарапаткан Мажитовага берилди. Буга чейин Жогорку Кеңеш сессияларын жалаң эркек кишилер ачып келгени белгилүү.
Андан кийин фракция лидерлери сөз алды.
Депутат Бакыт Төрөбаев парламентте “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы түзүлгөнүн билдирди. Анын курамына 33 депутат киргени белгилүү болду.
“Ишеним” фракциясынын лидери болуп Улугбек Ормонов, ал эми “Ынтымак” фракциясынын башчысы Марлен Маматалиев жетектегени белгилүү болду.
“Альянс” фракциясы менен депутат Алтынбек Сулайманов тааныштырды. Сулайманов фракциясы эркин болорун, бул тууралуу атайын билдирүү жасаларын айтты.
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров регламентке ылайык, ант берүү аземинен кийин сессия жабылышы керек экенин айтты. Талаш-талкуудан кийин бир сааттык тыныгуу жарыяланып, андан соң депутаттар төрага шайлоого киришти.
Алды менен депутаттар 14 кишиден турган Эсептөө комиссиясын түзүштү.
































