Алтымыштын белесиндеги чыгаан тарыхчы

Окумуштуунун сапарынан бир ирмем

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окумуштуунун сапарынан бир ирмем
Published

(Кыяс Молдокасымовдун торколуу тоюна карата учкай сөз)

Заманбап кыргыз тарых илимине улам жаңы архивдик табылгаларын киргизип, кажыбас мээнети менен зор салым кошуп жаткан тарыхчы, публицист, журналист, профессор, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кыяс Молдокасымов 60 жашка толду. Ал тууралуу кесиптеши жана үзөңгүлөшү Тынчтыкбек Чоротегин баяндайт.

Башат

Жылкыга ынак окумуштуу...

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жылкыга ынак окумуштуу...

Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда чакан өзөндүн башатын көздөй капчыгай бойлоп өрдөп жайгашкан Көлдүк аттуу кыштак бар. Бул жер-суу аталышынын келип чыгышына XIX кылымда же ага чейин деле айылдын суусунун башат жагында жер көчкүдөн убактылуу суу буулуп, көлчө пайда болгону, анан ал кайра жырылгандыгы менен байланыштуу окуя себепкер болушу ыктымал.

Канчалаган кыргыз жерлеринде Көл-Төр, Туз-Көл, Жылдыз-Көл, ж.б. аталыштар кезигишет эмеспи.

Албетте, басыздардын айрым өкүлдөрү Жуңгар хандыгы маалындагы урушта Ысык-Көлгө чейин барып кайткандыгы жөнүндөгү уламышка такап, элдик этимологияны сунуштагандар да жок эмес.

Дал ушул кыштактан кыргыздын далай чыгаандары чыккан. Алардын арасында айтылуу Жаныбек казы Сагынбай уулу, адабиятчы, профессор Салижан Жигитов, кыргыз эл артисти Назар Чокубаев, журналист жана укук коргоочу Жаркын Темирбаева, акын жана педагог курсташым Алтын Акпарова, сөздүкчү, түрколог, англис тилинен кыргыз тилине тикелей котормочу Таалайбек Абдиев иним жана башкалар бар.

Мурда Шамал-Терек деп да аталган бул айылда кыргыздын басыз уруусунун ар кыл уруктарынын урпактары байырлашчу.

Басыздын кашка уругунан чыккан Сагынбай Муса уулу 1893-жылы Анжыян үйөзүнүн Өзгөн болуштугунда бий болуп шайланган кезде, падышалык оторчулардын архивдик документтеринде Сагынбайдын шайлоочуларынын бири катары басыздын бөлөкбай уругуна кирген култай уулу тобунан чыккан жергиликтүү төбөл, Көлдүк айыл коомунун элүү башысы Мамет Көчөр уулу эскерилет. Дал ушул инсан – Кыяс Молдокасымовдун бабасы. Мамет Көчөр уулу канча ирет элүү башы болуп шайлангандыгы тууралуу маалымат кийин деле такталаар.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мамет Көчөр уулу менен байланыштуу дагы бир окуя падышалык архивдерде 1910-жылга байланыштуу катталган. Кыргыздар дары катары кылымдар бою колдонуп келген заттардын бири – “таран” деп аталган кымыздыктын тамыры. Оторчул бийликтин токой чарбасынын бир орус тектүү башчысы Мамет Көчөр уулун дал ушул таранды чогулткан деп жазага тарттырмакчы болгондо, ал Анжыян үйөзүндөгү сотто өзүн актап чыгууга жетишкен экен.

Мамет Көчөр уулунун жети баласынын бири – Молдокасым Мамет уулу. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында ал ооруктагы жумуштарга да тартылган, мандикерлик да кылган. Демек, башка далай кыргыз үй-бүлөлөрүндөй эле, алардын бүлөсү да жакырланган.

Ошол мандикерлик маалында Фергана өрөөнүндө жүрүп, Молдокасым Мамет уулу айтылуу Абдыкадыр Орозбеков менен таанышып калган экен.

Кийинчерээк, 1920-жылдардын этегинде, Жаныбек казы Сагынбай уулу сталиндик агрардык реформаларга каршы чыгып, басмачылык топтун жаңы бир лидерине айланганда, Көлдүк айылынын жалпы калайыгы “басмачыларга көмөк кылган кыштак эли” катары жазаланууга тийиш болот.

Ошондо Молдокасым Мамет уулу Өзгөнгө келген Абдыкадыр Орозбековдон өтүнүп, ал болсо Көлдүк айылынын тургундарын жазыксыз талоондон арачылап калган экен.

Молдокасым Мамет уулу менен Чүрөк чоң эненин медер туткан жалгыз баласы – Сатар. Өмүр бою педагог болуп, көп жылдар бою орто мектептин деректири кызматын аркалаган, салабаттуу жана билими терең элеттик айдың болгон Сатар аяш атаны биз да бир нече ирет көрүп калдык. Аяш атабыз, ошондой эле профессор Кушбек Үсөнбаев жана башка тарыхчылар менен чогуу басып барып, анын үйүнүн жанындагы ыйык мазар делген ширин жана тунук булактан суу ичкенибиз да эсте.

Сатар ата менен жан шериги – Артыкбүбү Жээнбек кызы 10 балалуу (4 уул, 6 кыздуу) болушту. Туну Орозбек байке 1948-жылы туулган. Кыяс – үй-бүлөдөгү бешинчи (ортончу) бала.

Кыяс тири карак, эмгекчил чыкты. Мектепте мыкты окуп, ара-чолодо классташтары менен чогуу өрөөнгө түшүп, Ош облусундагы пахта теримге да ырааттуу катышып жүрдү. Чынында, биз, нарындыктар, совет мезгилинде апийим, кызылча (куузика), чөп чаап-жыйноо, сакман (койчуларга туут маалындагы көмөк) жана кыркын (колхоз койлорунун жүнүн кыркуу өнөктүгү) сыяктуу айыл чарба иштерине катышчубуз, эмгегибиз үчүн жарабаган тыйын алчубуз же карыз болуп калчубуз, бирок, салыштырсак, Оштогу курбалдаштарыбыз бизден да көбүрөөк азап тартышчу экен. Алар кээде сентябрдын жарымынан – декабрдын ортосуна чейин окуудан калган учурлар болгон.

Бирок чаалыкпастан мээнеттенүү эмне экенин мыкты өздөштүргөн оштук жеткинчектер окуу баркын да билишкен, өз алдынча тырышып окугандары арбын болгон.

Айтмакчы, 9-класста окуп жүрүп, Кыяс өзүнүн улуу агасын тамашалаган окуяны ар дайым маашырлана эскерип келебиз. Кыяс – Чүрөк чоң эненин колунда. Атасы Сатар – башка айылда мектеп деректири. Улуу агасы Орозбек да чарба башчысы болуп райондо башка айылда иштеп жүрөт.

Орозбек агабыз чоң энеге учурашууга колу бошобой жүргөндө, Кыяс аскер кийимчен сүрөткө түшүп, агасына кат жазат (уландардын аскерден жаңы кайтып келгендердин кийимин сурап алып, сүрөткө түшүү адаты бар эле). Өз катында Кыяс агасынын колу бошобой жатканын түшүнөөрүн билдирип, кээде чоң энеси ага өзү келип учурашып жатты бекен, бул жагына да кызыгат.

Кат алган соң, Орозбек агабыз Сатар аяш атабызга келип таарынат:

“Кыяс аскерге кетээрде чакырып койсоңуз, мен деле узатуу кечесине катышат элем го?”

“Опей, Кыяс армияга эмнеге кетмек эле? Иниң – болгону 9-класста окуп жатпайбы!”

Анан ата-бала каткырышып, такмаза кат жазган уландын жоругуна ыраазы болушат. Орозбек байке Чүрөк чоң энеге көбүрөөк каттай баштайт.

Ал эми Орозбек агабыздын жубайы, Тиллайым жеңе Кыястын улан кездеги катын кастарлап сактап койгон. Мына, үй-бүлөлүк баалуу архив деген ушул!

Багбан окумуштуу...

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Багбан окумуштуу...

Тарыхчынын телчигиши

Эми Көлдүк айылынын калайыгы азыркы таптагы чыгаан тарыхчы Кыяс Сатар уулу Молдокасымов менен да сыймыктанышат.

Ал Көлдүк айылында 1963-жылы 22-февралда жарык дүйнөгө келгенин кошумчалай кетели. Орто мектепти өз айылында эле аяктап, анан КМУдагы (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУ) тарых факультетине өттү. Аны мыкты окуп аяктап, илим жолуна түштү.

Мен Ташкенде Өзбекстан ИАсынын Чыгыш таануу институтунда аспирантурада окуп жүргөнүмдө, Кыяс далай ирет бишкектик аспирант катары Ташкенге келип, Өзбекстан мамлекеттик архивинин корунда ырааттуу изилдөө жүргүздү.

Анын илимий жетекчиси – Өзбекстандын белдүү окумуштуусу, тарыхчы, профессор Хамид Зияев агайды да Кыяс аркылуу жакшы билип калдым. Кээде Хамид агай менен шаар борборундагы Өкмөттүк үйдүн жанындагы фонтандын көлөкөсүндө балмуздак жеп баарлашаар элек. Хамид агайдын үйүндө да сый көргөнбүз.

Профессор Хамид Зияев Экинчи дүйнөлүк согушта оор жаракат алган. Анын өмүрүн сактап калган медайым – кыргыздын чыгаан дарыгери Рафа Айдарбекова экен. Хамид агай аны өзгөчө урмат менен алкап айтаар эле.

Кыяс өзүнүн кандидаттык диссертациясын профессор Хамид Зияевдин илимий жетекчилиги астында 1994-жылы ийгиликтүү коргоду. Ал кыргыз-өзбек тарыхый байланыштарын изилдөө маалында Өзбекстандагы кыргыз диаспорасынын ар кыл дубандарга чачыраган айылдарын дагы кыдыргандыгы эсимде. Менимче, анын диссертациялык эмгеги “Ата мекен тарыхы” адистиги боюнча жакталса да, “этнография” адистигине деле төп келет.

Анын 1980-жылдардагы бир жолку этнографиялык сапары дагы бир жаш тарыхчы, Энесай Кыргыз каганатын изилдөөчү Муратбек Кожобеков менен биргеликте Жизак, Анжыян аймактарына уюштурулган. Ташкен облусундагы Бөкө районундагы кыргыз айылына Кыяс экөөбүз да барган элек.

Тарыхчылар жамааттары. Коомдук, педагогдук жана журналисттик ишмердик

Кыяс 1989-жылы 3-июнда Бишкек шаарында түзүлгөн Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатын (КЖТЖ) уюштуруучу жигердүү жаш илимпоздордун алдыңкы сабында болду. Бул уюм Кыргызстан тарыхынын унутта калган, цензураланган жана белгисиз далай барактарын жаңыча иликтөө жаатында айдыңдык кыймылды баштап берген.

Кыяс өзү дагы астейдил иликтеген доорлордогу тарыхый инсандардын тагдырларын калыс изилдөөгө салым кошуп жатты (бул жаатта төмөндө айрыкча сөз кылабыз).

Кыяс КЖТЖнын Ош мамлекеттик университетиндеги бөлүмүн уюштурууга да иштиктүү катышты.

1995-жылы март – июнь айларында Анкара шаарында Түркиянын Билим берүү министрлигинин чакыруусу боюнча Түрк өлкөлөрүнүнү орто мектептеринин жогорку класстары жана лицейлери үчүн “Орток түрк тарыхын” жазуу иши жүрдү. Кыяс экөөбүз авторлор катары Кыргызстан Билим берүү жана илим министрлигинен аттандырылдык. Тилчи, адабиятчылардан Бекташ Шамшиев жана Мырзабек Жумаев агайлар барышты. Анкарада тилмеч катары түрколог, кыргыз таануучу Гүлзура Жумакунова эжеке көмөк кылды.

Ал эми 1995-жылдын күз мезгилинен 2012-жылга чейин Кыяс Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты уюмунун төрагасы болду (бул уюм КЖТЖнын негизинде кайра уюшулган).

Университеттерде сабак берүүдөн тышкары Кыяс “Заман Кыргызстан” сыяктуу айрым басылмаларга да макалалар жазып, журналисттик ишмердикти удаа аркалап жүрдү.

Ал эми 1998-жылдын апрелинен 2005-жылдын апрелине чейин ал "Азаттык үналгысынын" Бишкектеги бюросун татыктуу жетектеген. XXI кылымдын башындагы алгачкы элдик ыңкылаптан соң, 2005-жылдын 24-мартынан тартып КТРды (кийинки КТРК жана УТРК) Султан Абдыракманов башкарып калган кезде, 2005-жылдын май айынан тартып Кыяс “Азаттык” үналгысынын жаңы долбоору катары сунушталган “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүн туңгуч алып баруучу катары КТРда обого чыгара баштады.

2005-жылдын күзүнөн тартып Кыяс эки жылдай Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясын (УТРК, мурдагы КТР) жетектеди.

2008-жылдын 11-июнунан 2010-жылдын майына чейин ал "Кыргыз туусу" өкмөттүк гезитинин баш редактору болду. Гезит руханий баалуулуктар жаатындагы рубрикалары аркылуу сүймөнчүктүү гезитке айланган.

Кыяс мырза 2013-жылга чейин ара-чолодо Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору катары дарс окуп келгенин эске алсак болот.

2012-жылдын 11-февралында ал "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин Башкармалыгына мүчө болуп шайланган.

2013-жылдын октябрынан тартып ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу "Мурас" фондунун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келди. 2017-жылдын 4-майынан тартып Кыяс бул фондду жетектеп калды.

Кыяс бул маанилүү корду башкарып турган учурда эң чоң жаңылык болду: 2019-жылдын жазындагы бээжиндик профессор Ю Тайшандын кыргыздардын саясий жана этностук тарыхын дагы 800 жылдай байыркылаткан эмгегинин шардана кылынышы чоң сенсация жаратты. Кыяс сүйүнчүлөп айтып келген бул кабарды ошол жылы июнда Бишкекте өткөрүлгөн кыргыз-кытай тарыхчыларынын эл аралык симпозиуму да тастыктады.

Кыяс жетектеген “Мурас” фондунун Кыргызстан менен Кытайдын булак таануучуларынын өз ара кызматташтыгын андан ары өөрчүтүү жаатындагы илимий долбоорлору азыр да кыргыз тарых илиминин күн тартибине төп долбоорлор бойдон кала берүүдө.

Кыяс мырза 2018–2019-жылдары Кыргызстанда алтай таануу жаатындагы эл аралык илимий жыйындарды уюштуруу боюнча кыйла иштиктүү салым кошту.

Илимий саамалыкты жана табылгаларды калың журтка журналист жана публицист катары тааныштыруу жагынан дагы Кыяс өрнөктүү иш жүргүзүп келет.

Ара-чолодо Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан Кыястын, маркумдар Токторбек Өмүрбековдун, Ташманбет Кененсариевдин, ошондой эле, ушул саптардын ээсинин катышуусу менен кыргыз тарыхынын көйгөйлөрүнө арналган үналгы берүүлөр, талкуулар обого байма-бай чыгарылган учурлар да нечендеген угармандардын эсинде калды го деп ойлойм.

Кыястын илимий табылгалары

Кыяс Молдокасымовдун илимий изилдиөөлөрү архив табылгаларына ширелген

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыяс Молдокасымовдун илимий изилдиөөлөрү архив табылгаларына ширелген

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун жекече илимий табылгалары жөнүндө, албетте, узун сабак сөз кылынаары бышык.

Көлөмү чакан блогубузда ал Кыргызстандын XVIII кылымдын акыры – XX кылымдын башындагы тарыхы боюнча изилдеп келе жаткан дасыккан тарыхчы адистердин бири экендигин баса белгилеген оюбузду гана кыстара алабыз.

Айтмакчы, постсоветтик доордо бир катар тарыхый инсандардын мааракелери жалган даталарга негизденип өткөрүлгөндүгүн моюнга алуубуз керек.

Дал ушул Кыяс Молдокасымов XVIII кылымдын акыры – XX кылымдын башындагы көп сандаган кыргыз чыгаандарынын туулган же өлгөн жылдарын так архивдик маалыматтар аркылуу тактоого жетишти.

Алардын айрымдарын атай кетсек, Ысык-Көлдөн: Мураталы бий, Тилекмат аке, Батыркан Ногой уулу ж.б., Нарындан: Шербото, Канаат хан Ыбыке уулу (анын 1917-жылы февралда өлгөндүгүн тастыктаган документти Кыяс 2016-жылы Алматыдагы архивден тапты), Матай бий, Жакыпбек болуш, Шамен ж.б., Чүйдөн: Байтик баатыр, Корчу, Тыналы ж.б., түштүк тараптан: Чыйбыл, Жолборс, Жантөрө болуштар, жазгыч акындар Молдо Калбек, Молдо Нияз, ошондой эле Кокон тарыхын жазган баткендик кыргыз тарыхчы Зиябидин Максым жана башкалар.

Кыястын бир өзгөчөлүгү – тарыхый факт жаатында эч калп айтпай, болгонун болгондой жазгандыгы. Маселен, В.Плоских жана башкалар Курманжан датка фарсы тилинде ыр жазган имиш дегендей жоромолдорду жарыялап чыкканда, Кыяс Курманжан датканын көкүрөгү тунук, бирок өзү кат-сабатсыз болгонун ачык жазды.

Курманжан даткага арналган көркөм тасмадагы анахронизмдердин бирин да Кыяс ачык жазган (маселен, Алымбек датка 1862-жылы кутумда өлтүрүлгөн, ал эми Жантай болсо 1867-жылы кайтыш болгон; көркөм тасмада Алымбек датка Жантай өлөөрүндө ага учурашып баргандыгы тууралуу таң калычтуу жоромол берилет).

Дал ушул Кыяс мырза акын Токтогул Сатылган уулу Шиберден 1910-жылы кайткан деген жоромолдорду Иркутск шаарындагы падышалык доорго таандык архивге таянуу менен четке кагып, Токтогул 1905-жылы эле элине кайтып келгендигин тастыктаган. Токтогулдун даңазалуу өзбек ырчысы Молдо Тойчу менен жакын тааныштыгы тууралуу Кыястын маалыматтары да эч кимди кайдыгер калтырбайт.

Албетте, Алмазбек Атамбаев сыяктуу айрым мамлекет башчыларынын ата-тегинин ким экендигин архивдик жана санжыралык маалыматтарды салыштырып тастыктап берген макалалары үчүн Кыясты курч сынга алгандар арбын эле болду, бирок эч кимиси анын архивдик маалыматтарын төгүнгө чыгарчу башка архивдик маалыматты сунуштабастан, “көшөкөр” деп курулай сындап тим болушту.

Менин жеке оюмда, Кыястын А.Атамбаевдин баткендик кыргыздарга барып такалган теги боюнча бул иликтөөсү да архивдик маалыматты санжыралык маалымат менен кылдат салыштырган өрнөктүү иликтөө болуп калды.

Бизде кээ бирөөлөр өзүнө жакпаган кайсы бир саясатчыны “теги боюнча мындай экен, чоочун экен” деп “сындап” киришет эмеспи. Теги жагынан орусташкан немис Василий (Вильгельм) Бартольд, атасы жагынан орус, таялары немис Юлий Худяков, кытайлык дунган Мухаммед Ху Чжэнхуа, кытай тегинен Ю Тайшан, француз Реми Дор, түрк Решат Генч, казактар Чокон Валиханов, Муктар Ауэзов, өзбек Бөрү Ахмедов, хакас Астай Бутанаев жана башкалар кошкон салымдарсыз кыргыз тарыхынын азыркы жогорку сересин кантип элестетебиз?

Демек, маселе – текте эмес (“Манас” эпосундагы Алмамбеттин кыргыз элине ак кызмат өтөгөндүгү тууралуу маалымат эле эмнеге татыйт!). Кыргыз болуп туруп эле тегаты жасалма түрдө Урицкийге айлангандар деле бар. Маселе – тарыхый тактыкта.

Ал эми бүтүрүлгөн ишке сын көп болот эмеспи. Ар бир кыргыз жаранынын ата-теги тактала берсе, жалпы элдик тарыхтын көлүнө жаңы тамчы суу кошулат эмеспи.

Эгерде архивден учураткан жана өз колунда болгон маалыматын Кыяс мырза жашырып салган болсо, анда тарых илими үчүн анын “жасалма” тартынчаактыгы өзгөчө осол жорук болмок.

Биз архив таануу жаатында Кыяс мырза өзүнүн мол тажрыйбасын мындан ары жаштар менен көбүрөөк бөлүшсө экен, деп үмүттөнөбүз. Балким, ал архив таануу, булак таануу жаатындагы өз дарстарын видео тасмага жаздырып, You Tube сыяктуу платформаларда ачык жарыялай баштаар.

Анын эмгектерин жана архивдик маалыматтарын чогултуп, башка чет тилдерде жарыялоо да бүгүнкү зарыл милдеттерден.

Жаркын, бакыбат келечек

Кыяс досубуздун тагдырында бардыгы сыйда боло бербеди. Анын алгачкы сүйүктүү жары Күлсүн автоунаа кырсыгынан улам дүйнө менен эрте кош айтышты.

Кыкебиз азыркы өмүрлүк жары Гүлнарага үйлөнгөндө ушул саптардын ээси күйөө жолдош болду. Маркум Күлсүндүн жолун улап, мээримдүү Гүлнара да Кыястын деңгээлин андан ары зоболоткон жаркын айым экендигин баса белгилегим келет.

Казак акыны Түмөнбай Молдагалиевдин айтылуу ырындагы саптар Гүлнара аяшымды айрыкча мүнөздөйт (казакча эле жаза кетейин):

“...Оғыңа үнсіз құлайды

Жоғыңа үнсіз шыдайды.

Өзі үшін емес тағдырдан

Сен үшін бақыт сұрайды.

Іздесең ізде жігіттер

Осындай ғана жұбайды!!!”

(Негизи, мен Кыяс жөнүндө деле жазгым келген эмес, аяшым Гүлнарды мактап өтүү үчүн аргасыздан анын жаншериги тууралуу жогорудагы саптарды да жазууга туура келди. – Ушундан кийин жылмаюу белгисин ар окурман өзүнчө элестетип алышаар).

Эми Гүлнар менен Кыяс төрт уул, бир кызды алпечтеп өстүрүп, алгачкы келиндүү болушту, кыргыздын бакыбат, бактылуу очогун түзүп, ынтымактуу түтүн булатып келе жатышат.

Алтымыштын сересин ашып жаткан урматтуу Кыяска чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, дагы ушунча жашты тилейбиз жана коомдук жана илимий ишмердигиндеги мындан аркы албан ийгиликтерди каалайбыз.

Өмүр – зымырап учкан кушка тең экен. Өз тагдырынын ар бир закымы өрнөктүү өтсүн үчүн айдыңдык мээнет кылып жаткан тарыхчы Кыяс Сатар уулу Молдокасымовдон дагы далай илимий табылгаларды күтөбүз жана коомдук турмуштагы саамалыктары менен кубанта берсе экен, деп тилейбиз.

Тынчтыкбек Чоротегин,

КУУнун профессору, тарыхчы, публицист.

22.2.2023.